Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Европарламент Немцовду "коргоду"


"Чечимге" карабай, Немцов мекенине кайта турганын айтты
"Чечимге" карабай, Немцов мекенине кайта турганын айтты

Орусиядагы оппозиция лидерлеринин бири Борис Немцовго өлкөдөн чыгууга жарым жылга тыйуу салынышын Европарламент айыптады.

Борис Немцов Орусияга кайра кирсе, алты айга чет мамлекеттерге чыга албай кала турганын кабарлады. Ушул күндөрү Стасбургда демократиялык форумга катышып жаткан жеринен ал орус маалымат каражаттарына сүйлөп, баары бир жакынкы күндөрү мекенине кайта турганын билдирди.

Ал арада Европарламент бүгүн Немцовдун “Парнас” деген оппозициялык партиясын каттабай койгону үчүн орус бийликтерин сындаган резолюцияны кабыл алды.

Резолюциянын мазмунуна кайрылган парламенттин эстониялык өкүлү Кристина Оюланд: "Европарламент 5-июлда Борис Немцовго өлкөдөн чыгууга тыйуу салынганын айыптайт жана аны тез арада кайра алып салууга чакырат", - деди.

Ошол эле маалда Немцовду өлкөдөн чыга албай тургандардын “кара тизмесине” киргизиптир делген сот өкүлдөрү саясатчыга каршы андай чечим болгонун четке кагып жатышат.

Бирок Немцовдун адвокаты Вадим Прохоров саясатчы боюнча чечим “Орусияда миллиардер саналган газ трейдери Геннадий Тимченконун арызы боюнча чыгарылганын” айтты.

Немцов былтыр жарыяланган “Путин. Жыйынтыктар. 10 жыл” деген аталыштагы докладдын авторлорунун бири болгон. Анда Тимченко менен катар бир топ адамдардын ысымдары аталып, булардын баары Путин бийликке келгенден кийин кыска мөөнөттө эле миллиарддерлерге айланганы айтылган болчу.

Тимченко муну жалган деп Немцовду сотко берген. Сот болсо Немцовду ал докладын оңдоп басууну буйруган жана ал макала кандай аталышта басылышы керектигин да айткан эле.

Бирок 26-мартта “Коммерсант” гезитинде кайра басылган макалада сот көрсөткөн темадан сырткары “Gunvor компаниясынын кожоюндарынын бири Геннадий Тимченко боюнча” деген чоңураак аталыш да коюлган экен. Адвокат Прохоровдун айтымында, бизнесмен ушуга кыжыры келди.

Саясий чечим?

Немцов өзү мамлекеттен чыгарылбай турганы жөнүндө кабарды шаршембиде адвокатынан укканын айтты.

1990-жылдары президент Борис Ельциндин тушунда биринчи вице-премьер-министр болуп турган Немцов сот өкүлдөрүнүн соңку чечимин саясий себептер менен түшүндүрүүдө. Анткени саясатчы - Орусияда былтыр сентябрда түзүлгөн оппозициялык “Парнас” Эл эркиндиги партиясынын тең төрагасы. Партияны өткөн айда Юстиция министрлиги каттабай койгон.

53 регионалдык бөлүмү, 46 миң мүчөсү бар деп эсептелген партиянын жетекчилиги башкы максаты катары быйылкы парламенттик жана келерки жылкы президенттик шайлоолорго катышууну айткан. Бирок алар шайлоолорго катыша албайт өңдүү.

Европарламент бүгүн кабыл алган резолюциясында Немцовдун “Парнас” партиясы катталбай калышын да сындап, орус бийликтерин “шайлоону акыйкат өткөрүүгө, бул принципке доо кетире турган аракеттерден оолак болууга чакырды”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG