Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Путиндин жообу оппозицияга жаккан жок


Владимир Путин (ортодо) Останкино сыналгы станциясында, 3-февраль, 2011-жыл
Владимир Путин (ортодо) Останкино сыналгы станциясында, 3-февраль, 2011-жыл

Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин 2-февралда Останкинодо болуп, мамлекеттик биринчи каналдын сыналгы редакциясы менен жолугушкан. Анда премьер-министрдин оппозицияга карата мамилеси тууралуу да суроолор узатылган.

Жолугушууда Владимир Путинге белгилүү журналист Владимир Познер “оппозиция өкүлдөрүн, мисалы, Борис Немцовду эфирге чыгарууга уруксатпы?”,-деп сураган. Владимир Путин:

- Алардын калпты тынбай таратып жүргөнүн мен угуп, көрүп жүрөм, бирок андай сын мени такыр моютпайт. Кимдир бирөө калп айтышы керек, себеби андай калпты кимдир бирөөлөр уккусу келет. Айта беришсин.

Мунун алдында оппозиция “премьер-министр жалган сүйлөдү” деген жүйө менен Путинди сотко берген. Бул арыз ушул күндөрү Москва райондук сотунда каралууда. Оппозициянын өкүлү Владимир Рыжков “сот Кремлдин кол баласына айланганын” айтып, чечим акыйкат болооруна ишенбейт. Рыжковдун баамында, Путин көрөрмандардын алдында “оппозицияга эфир берилбейт” деп айта алган жок:

- Орусияда сөз эркиндигин 10 жыл бою муунткан, муунтуп түбүнө жеткен кишинин убадасын чын деп кабыл алуу туура эмес. Ал эл алдында баары жакшы деген маанайды жаратуунун амалын издеп жатат.

2010-жылы, 30-майда ырчы Юрий Шевчук премьер-министрге “оппозициянын митингдерине эмне үчүн тыюу салынат” деп суроо узаткан. Путин ага мындай деп жооп кайтарган:

- Оппозиция бийликтин көңүлүн бурдуруу үчүн жүйөлүү бир нерсе айтса, кайсы бир кемчилигин көрсөтсө анын эмнеси бар? Тескерисинче ыраазычылык билдириш керек.

Оппозиция өкүлү Борис Немцов азыркы бийлик мамлекеттин негизин жок кылганын айтып, коопсуздук маселеси колго алынбаганын айтат:

- Бизде буга чейин да коррупция болуп келген. Бирок Владимир Путиндин убагындагыдай коррупция терең жайылган эмес.

XS
SM
MD
LG