Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:02

Орусия: "Санкциялык согуштун" жаңы толкуну


Голландиядан келген быштакты жок кылуу. Оренбург, Орусия. 6-август, 2015-жыл
Голландиядан келген быштакты жок кылуу. Оренбург, Орусия. 6-август, 2015-жыл

Орусия Батышка жооп кылып, контрсанкцияларды же азык-түлүк эмбаргосун киргизгенине 7-августта туура бир жыл толду. Украин кризисинен улам Батыш менен бир жылдан бери жүрүп жаткан “санкциялык согушта” Орусия эмне жоготту да, кандай утушка ээ болду?

Санкциялык согуштун бир жылдыгына тушташ Орусиянын аймактарында Батыштыкы деп саналган тамак-ашты жок кылуу иш-чаралары да жүрүп жатат.

Активисттер болсо бийликтин бул чечимин сынга алып, конфискацияланган тамак-ашты андан көрө жакырларга таратып берүүгө чакырышууда.

“Президентке кат” деген өнөктүккө катышып жаткан орусиялык жарандар мамлекет башчысынын санкциялык тамак-ашты жок кылуу боюнча жардыгынын күчүн токтотууну, ал азык-түлүктү Орусиянын муктаж жарандарына бекер бөлүп берүүгө үндөп жатышат.

Президентке катты уюштурган орусиялык активисттердин бири Ольга Савельева “Азаттык” менен маегинде буларга токтолду:

- Билесизби, петицияда мен биринчи кезекте президенттин жардыгы Конституцияга каршы экенин жаздым. Конституцияга каршы келгени бир жагы болсо тамак-ашты жок кылуу орусиялыктардын ар-намысын да тебелегендик. Согушту, блокаданы баштан кечирген биздин элде тамак-ашка карата өзгөчө мамиле бар да. Согуш ардагерлерибиздин көзү али тирүү. Буга кошумча өлкөдө жакыр адамдардын саны 23 миллионго жетет. Интернетти карасаңыз өлкөнүн булуң-бурчунан тамак-ашка жетишпеген, ачка болгон адамдардын арыз-арманын таба аласыз. Петицияда биз Мамлекеттик Думаны Орусияда кайсыл бир себептер менен сатылбай турган, колдонууга жараган тамак-ашты, эл керектөөчү товарларды калктын аз камсыз болгон катмарына берүү боюнча мыйзам кабыл алууга чакырып жатабыз. Биз үчүн эң башкысы тамак-аш жок кылынбашы керек.

Польшадан келген 1,5 тонна алманы жок кылуу. Новосибирск

Орус бийликтеринин эсебинде, алар контрсанкция киргизген өлкөлөрдүн тамак-ашы жана продуктулары чектөөлөргө карабай өлкө аймагына ар кандай жолдор жана партиялар менен алынып келинип жатат. Андыктан, “шектүү тамак-аш” катары конфискацияланган товар чек арадан бажы бекеттеринде эле эмес, өлкөнүн ичинен да жок кылынышы керек.

Путиндин жардыгы күчүнө кирген 6-август күнү эң алгач “Россельхознадзор” мекемеси билдиргендей, Белгород облусунда он тонна сыр тебеленип, жерге көмүлдү. 20 тонна быштак Оренбургда жок кылынса, Санкт-Петербург, Самара шаарларында Батыш өндүрүшүнөн чыкты делген чочко эттери кутусунан чыгарылып, чуңкурга ыргытылды. Ал эми Орусия менен Беларустун чегиндеги Смоленск облусунда Европадан алынып келе жатат деген бир нече тонна помидор, Ленинград облусунда 40 тонна өрүк керектен чыгарылды. Буга окшогон иш-чаралар 7-августа да улантылды. Жалпысынан "Россельхознадзордун" эсебинде, 6-августан бери бүткүл Орусия боюнча 370 тоннадан ашуун тамак-аш жок кылынды.

“Россельхознадзордун” Самарадагы өкүлү алар жок кылган эт Бразилиянын документи менен келгенин, шектүү азыкты балдар үйлөрүнө эле эмес, зоопаркка да берүүгө болбой турганын айтты:

- Териштирген кезибизде Бразилия бул азык-түлүк алардын аймагында өндүрүлгөнүн ырастаган жок. Чыккан жери белгисиз продукциянын сапаты боюнча бизде шек жаралгандыктан, аны жок кылуу жөнүндө чечимге келип, бүгүн ошону ишке ашырып жатабыз. Бул этти биз силер айткандай зоопаркка же балдар үйүнө бере албайбыз. Анткени келген жерин билбейбиз. Эттин сапатын аныктоо үчүн ар бир кутусунан үлүгү алып, анализ жүргүзүү керек. Бул кымбатка турат. Иликтөөсүз биз пайдаланууга болот деп кепилдик бере албайбыз.

Этти жок кылуу. Самара

“Россельхознадзордун” Москвадагы расмий өкүлү Алексей Алексеенконун ырастоосунда, Бразилияныкы деген сертификат менен Орусияга аймагына Польша жана Германияда өндүрүлгөн эт келген учурлар бар. Президент Путиндин жардыгын коштой орус өкмөтү санкциялык тамак-ашты жок кылуунун эрежесин да бекитти.

Ага ылайык, бул үчүн мыйзамда каралган бардык ыкмалар колдонулат. Кара тизмедеги тамак-аштын өрттөлүшү, трактор менен тебелениши, жерге көмүлүшү жөн эле төгүлүп салынышы да мүмкүн. Санкциялык тамак-ашты жок кылууга каршы чыгып жаткан активисттердин бири Ольга Савельева бул иштен да акыр-аягында чиновниктер пайда көрөрүнө нааразы:

- Бул кайра эле биздин эсебибизден, орусиялыктардын эсебинен ишке ашырылат да. Тамак-ашты коммерциялык уюмдар эмес, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен, бюджеттен айлык алгандар жок кылат да. Чет элдик эмес, жергиликтүү продукцияларга да баа өсүп, ансыз деле белди бекем бууганга туура келип жатканда, бизге эми санкциялык товарлардын жок кылынышы үчүн да акча төлөйсүңөр деп айтып жатышат. Алар быштакты трактор менен тебелегиси, суу май менен сүттү төгүп салгылары, эт менен колбасаны майдалап ун кылгылары келишүүдө. Бизде калктын кээ бир катмары, маселен ардагерлер, майыптар, кирешеси жашоого жетпегендер, көп балалуулар этти майрамдарда эле сатып алышат. Бийликтер болсо этти ун кылып, малга беребиз дешүүдө. Бул калктын бетине түкүргөндүккө барабар да. Кандай патриоттук ураан болбосун муну жаап-жашыра албайсың. Бийлик жаралган көйгөйлөрдү ырааттуу түрдө чечип, бааларды ооздуктагандын ордуна кандайдыр бир саясий амбицияларды, эмоцияларды жетекчиликке алууда.

Орусияда Батыштын санкциялык тизмеге кирген тамак-ашы менен товарларын жок кылууга каршы интернетте уюштурулган петицияга ушул жума күнгө карата эле 300 миңдей киши кошулду.

Москванын карапайым тургундары бийликтин санкциялык тамак-ашты жок кылуу чарасына кандай карайт, деги эле санкциялар согушу алардын жеке турумушуна кандай таасир берди. Орусия борборунун айрым тургундарына кабарчыбыз Лазат Жаныбек кызы суроо салган:​

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00
Түз линк

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун түшүндүрмөсүнө караганда, бийлик санкциялык азык-түлүктү жок кылуу чечимине келгендеги башкы жүйө – аткезчиликти токтотуп, санкциялардын ишке ашуусун камсыздоо, Орусиянын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жарандардын саламаттыгына кам көрүү. Бирок Кремлдин өкүлү санкциялар товарларды контрабандалык жол менен ташуу күчөп, бул маселе чоң көйгөйгө айланганын да моюнга алды.

Песковдун айтымында, Кремл коомчулуктун аларга багытталган петициясын эске алат, бирок ага чын адамдар кол коюп жатканы али текшерүүнү да талап кылат. Активист Ольга Савельева “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, эгер тамак-ашты жок кылуу улантыла берсе, алар президенттин жардыгын Конституциялык сотко берүүнү да көздөшүүдө:

- Эгер жардыкка ылайык, тамак-ашты жок кылуу улантыла берсе, биз кийинки кадамды жасайбыз. Конституциялык сотко арыз жазуубузга негиз түзүлөт. Анткени, президенттин жардыгы да мыйзам алдында акт катары Конституцияга шайкеш келүүсү абзел. Эгер шайкеш келбесе, Конституциялык сот өз чечимин чыгаруусу керек. Албетте, президентке парламент таасир көргөзүүсү керек эле. Бирок бизде Мамлекеттик Дума өзү эч нерсе баштабайт, Конституциянын гарантынын жардыгынан күмөн санай албайт. Эгер бийликтер чечимин өзгөртпөсө, петицияга кошулгандары саны көбөйүп миллионго чейин жетерине мен ишенем. Кремлдегилер адамдар чын эле кол коюуп жатканына ишенишпесе койсун, бирок коомчулукта резонанс жаралды.

Орусия эми Нидерландыдан келген мандалактарга санкция киргизиши ыктымал
Орусия эми Нидерландыдан келген мандалактарга санкция киргизиши ыктымал

Ошентип, Орусия Батыштын экономикалык санкцияларына жооп кылып, “азык-түлүк эмбаргосун” киргизген бир жылынын оң жана терс кесепеттери тууралуу Москвадагы жогорку экономикалык мектептин профессору Алексей Портанский “Азаттык” менен маегинде буларды белгиледи:

- Эгер контрсанкциялардын Орусия үчүн кесепеттери тууралуу айтсак, алар орусиялык өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратканын белгилөө керек. Атап айтканда, айыл чарба продукцияларын: эт, сүт, тоок этин өндүргөндөр үчүн. Бирок мен эле эмес, бул сектордун өкүлдөрү өздөрү да белгилеп жатышат, сөз бул жерде азырынча мүмкүнчүлүктөр жөнүндө гана жүрүүдө. Анткен менен бул мүмкүнчүлүктөр толук кандуу ишке аша элек. Себеби, кандай айыл чарба өндүрүшү болбосун ал убакытты талап кылуучу, белгилүү бир циклге ээ. Андыктан, импортту алмаштыруу жарым жыл, бир жылда эле ишке ашып кетпейт, бул реалдуу эмес. Албетте, анча-мынча ийгиликтер жаралды, дүкөн текчелеринде орусиялык өндүрүштөгү быштактар, башка продукциялар бир аз көбөйүп калды. Мисалы, тоок жана чочко эти жагынан тартыштык жок, маселе чечилди. Бирок уй эти жагынан маселе бир аз татаалыраак. Бул сектордун өкүлдөрү өздөрү айтып жатышкандай, бизде ири мүйүздүү малдын башы азайып жатат. Бул жерде санкцияларга же контрсанкцияларга карабастан, өкмөттөн кошумча чаралар керек. Бул өзүнчө оор маселе.

Профессор Алексей Портанский бирок “Азаттык” менен маегинде орусиялык керектөөчү контрсанкциялардан улам азык-түлүктүн сапаты жана баасы жагынан уттурганына токтолду:

- Эгер керектөөчү жөнүндө айтсак, алар продукцияны арзан сатып алышканы жана тандоо мүмкүнчүлүгү жабыркабаганы байкала элек. Тескерисинче, тилекке каршы тамак-аш продуктуларынын көбүнүн баалары былтыр күздө, быйыл кышта өсүп кетти. Бул базарда таңкыстык болгонунун белгиси. Тамак-аштын ассортименти да азайды. Кээ бир продукциялардын ордун тез арада эле толтуруу мүмкүн болгон жок. Мындан сырткары тамак-аштын сапаты начарлай түшкөнү белгиленүүдө. Бул тууралуу өкмөттө да айтылды. Бул азыр тынчсыздануу жаратууда. Мунун себеби - тамак-аш продукцияларын өндүрүү үчүн кээ бир зарыл компоненттерди, элементтерди четтен алып келүү токтоп калганына же азайганында. Ушул нерселер сапаттын начарлоосуна алып барды. Демек, жалпысынан контрсанкция саясаты керектөөчүлөр үчүн азырынча оң эффект алып келген жок, тескерисинче негативдүү таасири көзгө көрүнүп турат.

Адистердин эсебине караганда, Орусия констрсанкцияларга чейин Европа өлкөлөрүнөн жылына 12 миллиарддай еврого тамак-аш импортточу. АКШ менен Канададан ушул акчанын жарымына тамак-аш алынчу. Батыш Орусиядан жоготкон бул цифраларды эске алганда, Москванын контрсанкцияларына караганда, Орусияга каршы санкциялардын экономикалык кесепети кыйла чоң. Орус премьери Дмитрий Медведев өзү быйыл апрелде Мамлекеттик Думада отчет бергенде буларды айткан:

- Чектөөлөр алып келген жоготуу кыйла чоң. Аны жашырбайбыз. Бир катар эксперттердин баасы боюнча Орусия жалпысынан 20-25 миллиард евро зыян тартты. Бул Улуттук дүң өндүрүштүн 1,5%. 2015-жылы бул көрсөткүч бир нече эсе көбөйүшү мүмкүн.

Медведев Батыш өлкөлөрү Орусия менен соода алакасын чектөөдөн 2014-жылы 40 миллиард евро зыян тартты, 2015-жылы чыгым 50 миллирд еврого жетет деп ырастаган болчу. Эл аралык Валюта кору санкциялар менен катар мунай баасынын арзандашына, капиталдын сыртты көздөй агымына кабылган Орусия экономикасы быйыл 3,5% чейин кыскарат деп болжолдоодо.

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:21 0:00
Түз линк
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:32 0:00
Түз линк

Айрым адистердин эсебинде, мунун кеминде 0,5% тикелей санкцияларга байланыштуу; Москвадагы жогорку экономикалык мектептин профессору Алексей Портанский Батыштын санкцияларынын Орусияга макроэкономикалык жактан тийген кесепеттери тууралуу мындай дейт:

- Макроэкономикалык пландагы эң ири кесепет - Орусия дүйнө өлкөлөрүнүн көбүндөй эле дүйнөлүк чарбага, дүйнөлүк экономикага тыгыз байланышкандыгында. Андыктан, экономиканын тармактары дүйнөлүк чарба, башка өлкөлөр менен байланышы жок өсө албайт. Өндүрүштүн дээрлик бардык эле тармактарында көптөгөн тетиктер башка өлкөлөрдөн импорттолот. Бул кеме курулушуна, авиацияга, коргоо комплексине, жеңил өнөр жайына тиешелүү, атүгүл айыл чарбасы үчүн деле жабдуулар сырттан алынып келинет. Азыр мунай өндүрүү чөйрөсүнө киргизилген санкциялар абдан таасирдүү сезилип жатат. Орусияга мунай өндүрүү үчүн жогорку технологиялык жабдууларды сатууга тыюу салынган да. Маселен горизонталдык бургулоо жүргүзүүчү жабдууларды. Бул бизге өлкө түндүгүндөгү жаңы кендерди иштетүү үчүн керек. Экинчи эң сезилген чөйрө Орусиянын банктары менен компанияларынын - Батыштын капитал рыногунан сүрүлгөнү. Биздин банктар менен компаниялар узак мөөнөттүү каржылоого мүмкүндүк берген акчаны ала алышпай калды.

Мунай өндүрүшү демекчи, Орусиянын мамлекеттик “Роснефть” компаниясынын башчысы Игорь Сечин жакында президент Владимир Путинге кат жолдоп, эгер мамлекет мунай иштетүүчү компанияларга жаңы жеңилдиктерди тартуулабаса, Орусия 2017-жылы бензин таңкыстыгына кабылышы мүмкүндүгүн эскерткени белгилүү болду.

Мунай секторуна адистешкен талдоочу, RusEnergo компаниясынын башчысы Михаил Крутихин “Азаттык” менен маегинде Орусиянын бензин таңкыстыгы чыгышы мүмкүн деген эскертүүлөр мунайды өлкөнүн өзүндө кайра иштеткендин ордуна тышкы базарга чийки сатууну колдогон саясаттын натыйжасы экенин, бирок Орусияда мунай өндүрүштүн жалпы көлөмү төмөндөп жатышында санкциялардын ролу бардыгына токтолду:

- Өндүрүштүн көлөмү быйыл былтыркы эле деңгээлинде калышы керек. Эгер өсүш болгон күндө да ал нөлдөн бир аз эле жогору болот. Бирок келерки жылы азыркы кырдаал сакталып калса, өндүрүш көлөмү төмөндөйт. Мында ички проблемалардын эле эмес, санкциялардын да таасири бар. Буга кошуча Орусияда азырынча казыла эле мунай корунун 70% татаал жол менен алына тургандыгы. Аны казып алуу абдан кымбатка туруп, бир баррелинин өздүк наркы 80-85 долларга чыгып кетет. Андыктан, компаниялар мындай кендерди казууга, акча салууга анчалык кызыкдар эмес.

Дүйнөлүк базарда азыр кара майдын баасы кайра арзандап, бир баррели 50 доллардын тегерегине түшүп калды. Бул өз кезегинде Орусиянын улуттук акчасы рублдин курсун да артка сүйрөөдө. Ушул аптада доллар быйыл марттан бери биринчи ирет 62 рублдан, евро 68 рублдан ашып кетти. Орусиялык экономист-талдоочулардын айтымында, өлкөдө былтыр күздөн бери керектөө бааларынын кескин өсүшүнүн башкы факторлору - рублдин масштабдуу девальвациясы жана азык-түлүккө контрсанкциялардын киргизилүүсү болду.

Талдоочулар эгер мунайдын арзандоосу уланса, Орусиянын Улуттук банкына рублдин кунун кармоо кыйынга турарын, рублдин девальвациясы өз кезегинде өлкөдө инфляцияны күчөтөрүн да айтышууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG