Москванын Кошмо Штаттардан тамак-ашты импорттоого тыюу салуусу Орусиянын эл аралык обочолонуусун дагы тереңдетет. Мындай билдирүүнү 6-августта Ак үйдүн өкүлү Лаура Лукас Магнусон жасады. Ал эми президент Барак Обама 6-августта Вашингтондо: "Санциялар иштейби, анысын биз азырынча билбейбиз. Санкциялар бекитилгендей иштейт жана Орусиянын экономикасына чоң кысым жана жүк болот,”- деди.
Орусиянын азык-түлүк стандарттарын көзөмөлдөө агенттигинин өкүлү Алексей Алексеенконун АКШда өндүрүлгөн бардык тамак-аш азыктарын, ошондой эле Евробиримдиктен мөмө жана жашылча-жемиштерин импорттоого тыюу салынат дегенин айрым орус булактары маалымдаган. АКШ жана Евробиримдик жылына Орусияга миллиарддаган долларга азык түлүк экcпорттойт.