Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Орусия Беларус аркылуу товар контрабандасына нааразы


Орусия Батыштын эт, быштагына, балыгына, жашылча-жемишине эмбаргону август айында киргизген.
Орусия Батыштын эт, быштагына, балыгына, жашылча-жемишине эмбаргону август айында киргизген.

Орусия менен анын эң жакынкы өнөктөшү Беларустун ортосунда соңку күндөрү соода чөйрөсүндө эки маселе чыкты. Москва бир четинен Беларус аркылуу Орусияга Еврошаркеттин эмбарго коюлган товарлары келип жатканына нааразы болсо, экинчи жагынан Беларустун тамак-аш продукцияларынын сапаты начарлаганын жүйө кылып, алардын киргизилишине тыюу салууда.

"Россельхознадзор" 26-ноябрдан тарта беларустардын сегиз ишканасынан эт сатып алууну чектеди. Дүйшөнбүдө мындай 11 ишканага чектөө киргизилген. Орусия беларустардан 300 миллион доллардын тегерегинде 400 миң тонна эт импорттойт. Орусиянын бийликтери Беларустун этинде ден соолукка зыян микроорганизмдер бардыгы аныкталгандыгын жүйө тартууда.

Аталган мекеме ушул күндөрү Беларус аркылуу келген импорттук азык-түлүктүн Орусия аркылуу транзиттелишине алар өздөрү текшермейинче тыюу саларын ачыктады. Буга Орусия Батыштын санкцияларына жооп кылып, эмбарго киргизген тамак-аштын Беларус аркылуу документтештирилип, ташуунун көбөйгөнү түрткү берүүдө.

Орус тарап ноябрь айында эле Беларустан Орусияга 7,5 миң тоннадан ашуун эт азыктары, 11 миң тоннадан ашуун жашылча-жемиш мыйзамсыз киргенин аныктаган. Бул Беларустан Орусияга келген продукциянын он пайызы. Мындан улам “Интерфакс” агенттиги кабарлагандай, Москва Минсктен 30-ноябрдан тарта Бажы биримдигине мүчө Казакстанга же башка үчүнчү өлкөлөргө багытталган транзиттик товарлар үчүн документ жасоону токтотууну талап кылды.

Беларус бийликтери бул маселе Евразия экономикалык комиссиясында караларын билдирүүдө.

Байкоочулар расмий Минск Орусияга Беларус аркылуу Еврошаркеттин санкция киргизилген товар өтүп жатканын көрсө да көрмөксөнгө салып коюшу мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт.

Минскилик экономист Леонид Злотниковдун пикиринде, буга беларус өкмөтү атайлап кошумча болбогон күндө деле чек аранын эки тарабынан тең ишкерлер кызыкдар экени анык:

- Өкмөт мындайды каалабаган күндө деле коррупция бар да. Бул схемага беларустар да, орусиялыктар өздөрү да катышышы мүмкүн. Анткени четтен алынып келинген продукцияны беларустар Орусияга барганда дүңүнөн бирөөлөргө берип жатышат. Беларустан Орусияга эт экспорту менен алектенген мамлекеттик эле эмес, жеке менчиктеги майда ишканалар да бар. Демек бул жерде беларус өкмөтү жөн эле кырдаалды көзөмөлдөй албай калышы толук мүмкүн. Менимче, чындыкка окшошураак жоромол ушул.

Москва азыр Минск Батыштын товарларын өткөргөнүнө эле эмес, анын өз тамак-аш продукцияларынын сапаты начарлап, Канада менен Еврошаркеттен алынган арзан сырьену колдонгонуна да нааразы болууда.

Тоок жана мал этинде антибиотиктер, бактериялар табылды деген жүйө менен 26-ноябрдан тарта Беларустун дагы сегиз (ОАО "Агрокомбинат Скидельский", ОАО "Витебская бройлерная птицефабрика", СЗАО "Серволюкс Агро", ОАО "Витебский мясокомбинат", ОАО "АФПК" Жлобинский мясокомбинат", ОАО "Калинковичский мясокомбинат", ОАО "Рогаческий МКК", ОАО "Птицефабрика "Рассвет") ишканасынын продукциясы Орусия аймагына киргизилүүсүнө тыюу салынууда.

“Россельхознадзор” ушундай эле чектөөнү эки күн мурда эт азыктарын чыгаруучу он ишканага койгон. Беларус тарап Орусия доомат арткан ишканалардын продукциясы эми алар тарабынан да текшерилерин айтууда.

Минскилик экономист Леонид Злотников “Азаттык” менен маегинде кырдаалды мындайча чечмеледи:

- Адатта "Россельхознадзор" саясий басымдын аспабы катары пайдаланылып келген. Учурда Орусияда Беларуска нааразылык көп. Ал Крымдын аннексиясын тааныбай койду, Орусия каалаган ишканаларды менчиктештирүү маселесин беш жылдан бери макулдаша албай жатат. Кандайдыр бир деңгээлде Украинаны колдоду, санкцияларга кошулуудан баш тартты. Мен Орусиянын чараларын саясий кысым көрсөтүү деп так кесе айта албайм. Бирок мурда балким кол учунан текшерип коюшса, азыр талаптагыдай текшерүүгө киришкендей.

Батыштын Орусияга каршы санкциясына жооп кылып, Москва алардын эт, быштагына, балыгына, жашылча-жемишине эмбарго киргизгенде анын бул демилгесин Бажы биримдиги боюнча өнөктөштөрү колдобой койгон.

Астана жана Минск болгону өз аймагы аркылуу Орусияга ал товарлардын өтүшүнө жол бербей турганын убада кылган. Анткен менен эксперттер бул убаданын орундашына анчалык ишенишкен эмес.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG