Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:27

Апта: ЕАЭБдин эшиги ачылды, Атамбаев-Каримов айтышты


ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин президенттери
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин президенттери

Узап бараткан жумада Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кабыл алынды. Кыргызстанда бийлик башындагылар менен байланышы бар делген молдовалык олигарх Илан Шор Кишиневдо камалды.

7-майда президент Алмазбек Атамбаев Москвага сапар алды. Ал 8-майда Москва облусундагы Волоколамск шаарында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылышына катышты. Андан кийин Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин президенттеринин саммити болуп, ал жерде Кыргызстан уюмга мүчө катары кабыл алынды.

Бул үчүн президенттер эки протоколго кол койду. Кыргыз тараптын эки пункттан турган талабы протоколдорго кол коюуну кечиктирип келген. Биринчиден, Бишкек Кытай каржылап жаткан долбоорлор үчүн бажы жагынан жеңилдикти калтырууну суранса, экинчиден, республикадагы ветеринардык кызматтарга аудит жүргүзбөө талабын койгон эле. Расмий маалыматтарга караганда, бул маселелер Кыргызстандын өтүнүчүн кабыл алуу менен чечилди.

Москвада кол коюлган протоколдор эми 2014-жылы Минскиде Кыргызстанды Евразия экономикалык биримдигине кабыл алуу боюнча келишим менен биргеликте парламенттерге ратификациялоого жөнөтүлөт.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Максат Сабиров парламент Евразия экономикалык биримдиги боюнча келишимди май, июнь айында карап чыгууга үлгүрөт дейт:

- Даярдыктар боюнча премьер-министр Сариев да майдын аягы, июндун башына карай баары бүтөт деп айтып жатат. Эгерде кол коюлуп бүтсө, комитеттен карап, кийин парламентте ар бир он күндүн ичинде үч окуудан өтүп калат.

Максат Сабиров парламент жайкы танаписке чейин Евразия экономикалык биримдиги боюнча келишимди ратификациялоого кеңири үлгүрөрүн кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев жана Ислам Каримов
Алмазбек Атамбаев жана Ислам Каримов

Москвада КМШ мамлекеттеринин президенттеринин бейформал саммити өттү. Анда Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун ортосунда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишти кандай белгилөө тууралуу кайым айтышуу болуп кетти. Бул жагымсыз окуя ансыз да алсырап турган кыргыз-өзбек мамилесине оң импульс бербеши анык.

Президент Атамбаевдин Москвага сапарынын алдында анын ишкер өнөктөшү деп буга чейин сөз болгон молдовалык ишкер Илан Шор камакка алынды. Атамбаев 17-марттагы Орусияга сапарынын алдында, 15-мартта Молдовага жашыруун сапар менен барып, Кишиневде бейформал жолугушууларды өткөргөн. Анда кыргыз президенти Кишиневго, андан кийин Санкт-Петербург, Бишкекке дал ошол жаңжалдуу Илан Шордун менчик Embraer Lagacy 650 учагы менен учкан. Президенттик аппараттын кызматкерлери Алмазбек Атамбаев ал учакка акысын өзү төлөгөнүн кабарлаган.

​Президент Атамбаевге учагын берип турган Илан Шор "Манас" аба майданындагы Duty free дүкөнүнүн да кожоюну. Дал ушул Илан Шор Молдова мамлекетинин бир млрд. долларга жакын акчасын көз боёмочулук менен уурдоого шектүү деп, үй камагына алынды. Шорду камакка алууга 3-майда Кишиневдун көчөсүнө миңдеген адамдардын чыгып, уурдалган акчаны кайтаруу талабы Молдова өкмөтүн мажбур кылды.

Кыргыз президенттери Илон Шор сыяктуу көз боёмочулардан жолдуу чыкты. Кезинде Аскар Акаевдин Борис Бирштейни болсо, Курманбек Бакиевдин Евгений Гуревичи болгон эле, эми Илон Шор чыкты.

Электр энергиясына жаңы тарифтер

Кыргызстанда июнь айынан тарта электр энергиясына жаңы тарифтер сунушталды. Ага ылайык, 700 киловатт саатка чейин колдонгон жарандар 84 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 20 тыйындан төлөшөт. Азыркы кезде бир киловатт саат электр энергиясы 70 тыйындан, 700 киловаттан ашканына 1 сом 86 тыйындан төлөнөт.

Тариф саясаты боюнча департаменттин башчысынын орун басары Миргүл Айдарованын “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, сунушталган тарифти өкмөт бекитүүгө тийиш.

Тарифтердин көтөрүлүшү энергетика тармагындагы абдан чоң тартыштыкты жаба албайт. Бул тартыштыкты Казакстан жана Тажикстандан кымбат баада электр энергиясын сатып алуулар ого бетер оорлотту. Маселен, энергетика тармагы өзүнүн муктаждыгы үчүн 26 миллиард сом сураса, анын 17 миллиарддан ашуунун гана берүү мүмкүнчүлүгү бар. Тартыштык 8 миллиард сомдон ашуун болуп жатканын Миргүл Айдарова белгиледи:

- Азыркы кезде тартыштык 8.5 млрд. сом. Анын ичинен 5 млрд. сомго импорттук электр энергиясын сатып алышыбыз керек. Эгерде 5 млрд. сомдук насыя алсак же өкмөт жардам берсе, анда тартыштык 3 млрд. сомго чейин түшөт. 3 млрд. сомду ички ресурстар менен жабуунун үстүнөн иштейбиз.

Тарифтерди көтөрүүдөн түшө турган каражат мына ошол тартыштыкты жабуу үчүн дагы жумшалат.

Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы өкмөттү быйылкы жылы Казакстандан эртерээк көмүр сатып алууну баштоого аргасыз кылууда. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча сайттагы маалыматтарга караганда, “Электр станциялар” акционердик коому 13-майда Казакстандан 900 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча, 15-майда Кыргызстандан 500 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча тендер өткөрөт.

Энергетикалык эксперт Расул Үмбөталиев кыргыз тарап бир тонна көмүрдү 65 доллардан сатып алабыз деп, алдын ала бааны көтөргөн дейт:

Расул Умбеталиев
Расул Умбеталиев

- Ошол 900 миң тонна көмүр алыш үчүн 3 млрд. 488 млн. сом бөлүнүп жатат. Ошондо бир тонна көмүрдүн баасы 65 доллар 70 центти түзүп атат. Баягы эле саясий коррупция, системдик коррупция уланып жатат.

Расул Үмбөталиев өткөн жылы казакстандык олигархтарга таандык “Прогресс компани” Кыргызстанга 600 миң тонна көмүр алып келип, анын тоннасын 54 доллар 44 центтен сатканын белгиледи.

“Электр станциялар” акционердик коомунун сатып алуулар жана логистика боюнча бөлүмүнүн башчысы Улан Турдубаев көмүр сатып алуу боюнча тендер мыйзамдарды сактоо менен өткөрүлө турганын билдирди. Быйылкы жылы тендердин эрте өткөрүлүп жатышын Бишкек Жылуулук борбору электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн колдонулушу менен байланыштырды.

Электр энергиясы боюнча тартыштыкты жабуу үчүн Кыргызстан былтыркы жылы Тажикстандан 2 центтен электр энергиясын сатып алган. Бирок быйылкы жылы тажик тарап бааны 3.5 центке көтөрүп койду. Бүгүнкү күнгө карай эки кошуна мамлекет баалар боюнча келишимге жетише элек.

Конституция күнү белгиленди

Кыргызстанда 5-майда чоң салтанатсыз Конституция күнү белгиленди. Мамлекеттик жетекчилер калкка куттуктоосун жолдошту. 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган Конституция андан бери онго жакын жолу өзгөртүлдү. Азыркы мезгилде 2010-жылы кабыл алынган Конституцияны дагы өзгөртүү аракети жасалууда. Бул үчүн долбоор жазылып, парламенттеги беш фракциянын биргелешкен жыйынында каралган. Эми ал комитеттерде каралууга өтүш керек.

Бирок коомчулукта Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикирлер да чыгууда. “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова кезектеги конституциялык реформаны артка кетүү катары баалады. Анын пикиринде, өзгөртүүлөр кабыл алынса сот бийлиги азыркы кездеги формалдуу көз карандысыздыгын толук жоготот, депутаттардын эркиндиги да жоюлат.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов Конституцияны өзгөртүүнүн артында президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаев жана фракция лидерлери турат деп айыптап, буларга токтолду:

- Даярдалып жаткан долбоорго көңүл бурсак, ал жерде биздин мамлекетти жаңы системага, өнүгүүгө алып келе турган эч нерсе жок. Баягы эле президенттин укуктарын көбөйтүү, партия лидерлерлеринин укуктарын көбөйтүү максаты турат. "Депутат шайланып келгенден кийин партияга жакпай калса, аны депутаттыктан чыгарып жиберет" деген дагы бир пунктту киргизип жатышат. Бул дүйнөдөгү демократиялык стандарттарга туура келбейт. Эл шайлаган адамды партия кетиргенге акысы жок.

Өмүрбек Абдырахманов партиялар шайлоо алдында талапкерлерди дыкаттык менен тандап алууга тийиштигин кошумчалады.

Конституциялык реформанын демилгечилери анын максаты бийликтин вертикалын бекемдөө, сот реформасын ишке ашыруу деп келатышат.

1993-жылы Конституция кабыл алынганда парламентти жетектеп турган Медеткан Шеримкулов Конституция өзгөртүлсө, анда ал 2010-жылы референдумда көргөзүлгөндөй, 2020-жылдан кийин гана өзгөртүлүш керектигин белгиледи. 1993-жылкы Конституция бийлик башындагы адамдардын жеке кызыкчылыгы үчүн өзгөртүлүп келгенин Шеримкулов кошумчалады:

- Ошол өзгөрүүлөрдүн артында айрым жеке адамдардын, болгондо да бийлик башында турган адамдардын кызыкчылыгы, өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтип, бийлигин чексиз кылып алууга жасаган аракети жатат. 2010-жылкы Конституцияны өзгөртүү аракеттерине мен кошула албайм. Менимче, Конституцияда көрсөтүлгөндөй, 2020-жылга чейин эч кандай өзгөртүү киргизбей туруш керек.

Конституцияны өзгөртүүнү сунуштагандар анын онго жакын беренесине өзгөртүү киргизүүнү көздөөдө. Эгерде алар сунуштаган долбоор жактырылса, анда Жогорку Соттун төрагасын жана орун басарларын президенттин сунушу менен парламент шайлайт. Азыркы кезде Жогорку Соттун жетекчилигин судьялар өздөрүнүн ичинен үч жылга шайлап алышат.

Андан сырткары саясий партияларга депутатты фракциядан чыгарууга укук берилет. Фракциядан чыккан депутат мандатынан ажырайт. Анткени Конституцияга ылайык, депутат фракцияда гана боло алат.

Өзгөртүү премьер-министрдин ыйгарым укуктарын да бекемдөөгө багытталган. Бирок жогоруда айтылгандай, бул өзгөртүүлөр парламент ичинде да, коомчулукта да каршылыктарга туш болууда.

Демилгечилер күз айларында парламенттик шайлоо менен бирге Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду бирге өткөрүүнү пландаштырып жатканы кабарланган.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG