Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:45

Апта: Жогорку Соттун каршы-терши чечимдери, бузулган келишим


БШК мүчөлөрү депутаттарга мандат тапшырууда. 28-октябрь, 2015-жыл
БШК мүчөлөрү депутаттарга мандат тапшырууда. 28-октябрь, 2015-жыл

Узап бараткан жумада ГЭСтерди куруу боюнча Орусия менен келишим толук денонсацияланды. Жогорку Сот окшош иштер боюнча карама-каршылыктуу чечим чыгарды.

Автоунааларды жана үйлөрдү милдеттүү түрдө камсыздандыруу программасы да калк ичинде нааразылыктарды пайда кылды.

Жогорку Соттун "жоруп" болбос чечимдери...

21-январда Жогорку Сот башкаруучу коалициядагы “Кыргызстан” фракциясынын мүчөлөрү Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенаманованын депутаттык мандат талашына чекит койду. Жогорку Сот аларды мандатынан ажыратуу жөнүндөгү Борбордук шайлоо комиссиясынын 11-январдагы чечимин мыйзамдуу деп тапты. Ал эми БШКнын чечимин жокко чыгарган Биринчи Май райондук сотунун чечими туура эмес болгон деп, жокко чыгарды.

Октябрь айында мына ушундай эле жагдайда Жогорку Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгарып, “Республика-Ата Журт” партиясынын мүчөлөрү Курманкул Зулушев, Аида Исмаилова жана башкалардын мандатын колдоруна кайтарып берген эле.

Анда да депутаттардын шайлоого чейин жазган арыздары БШКнын чечимдерине негиз болуп, бирок Жогорку Сот мурунку жазылган арыздарды пайдаланууну мыйзамсыз деп тапкан. Бул Жогорку Соттун 23-октябрда чыгарган токтомунда так жана даана жазылып турат. Ал эми “Кыргызстан фракциясынын мүчөлөрүнүн шайлоо алдында койгон колдору мандаттан ажыратууга негиздүү деп табылды.

Талдоочулардын баамында, Жогорку Соттун окшош эле жагдайда мындай карама-каршылыктуу чечим кабыл алуусунун артында саясат жатат.

“Республика-Ата Журт” оппозициялык фракция. Анын лидери Өмүрбек Бабанов президенттик амбициясы жана колундагы мүмкүнчүлүгү менен азыркы бийликти чочутуп турат. Ошондуктан Бабанов мандат берүү укугунан ажыраткан талапкерлерге сот аркылуу мандат берилип, фракциянын ичинде карама-карышылыкты күчөтүү, аны менен Бабановдун позициясын алсыратуу керек эле. Бул башкаруучу коалиция жана азыркы бийликтин кызыкчылыгындагы нерсе. Ал эми башкаруучу коалициядагы “Кыргызстан” фракциясынын мүчөлөрү мандатынан ажыратылганда Жогорку Сот башкача чечим чыгарып, башкаруучу коалициядагы фракция лидеринин Жумалиева жана Эсенаманованын мандатын алуу жөнүндөгү чечимин бекемдеди.

“Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Жогорку Соттун чечимин кескин сынга алды:

- Ошондой эле экономикалык талаш-тартыштарды кандай чечип атат Жогорку Сот?! Депутаттарды жазбаган арызын жаздың деп, мандатын алып жатса, кандай сотко айланды? Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы соттор мыйзамга карап эмес, “түшүнүк” менен чечим кабыл алып калды. Кайсы адам күчтүү болсо же саясий чечим болсо, укугуна карабай, мандатына карабай, Жогорку Сот чыркыратып алып коюп атат.

Өмүрбек Бабанов Жогорку Сотту реформалоо жана мандат жаңжалын парламентте адилет кароо зарылдыгын кошумчалады. Ал эми бийликке жакын депутаттар соттун чечимине эч ким кийлигише албасын эскертишти.

Мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов Жогорку Соттун чечимин саясатташкан чечим катары баалады:

- Баары саясатташып кетти. Экинчи инстанция мандаттарды кайтаруу жөнүндө чечим чыгарганда көбү кубанып кетти, акыйкаттык бар экен деп. Анан Жогорку Сот менен чечип койду. Бул эми тактика да. Калпыс иш акыры жакшы болбойт экен да. Шайлоо алдында арыздар пайда болуп, анттарды беришип, айтор, эреже "чү" дегенде эле кыйшык болчу. Анан ошол өнүгүп баратканда БШК же саясий жетекчилик “мына бул туура эмес болуп жатат” деш керек эле да. Партиялар көз көрүнөө пропорционалдык шайлоону мажоритардык шайлоого айлантып жатканда Борбордук шайлоо комиссиясы бир нерсе деш керек эле да. Шайлоо түгөл бузулуп, Самарканддын базарындай добуштар сатылып жатканда унчукпай отурушту. Акыры ушуну менен бүтмөк. Бул бери эле жагы деп ойлойм. Аягы жакшы болбой калды.

Кыргызстандын Конституциясынын 73-беренесине ылайык, депутат депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу же фракциядан чыккандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде мандаты токтотулат. Ал эми Жогорку Соттун эски арыздардын негизинде бирде оң, бирде тескери чыгарган чечимдери депутаттардын баарынын “кулагына да күмүш сырга” болуп, аларды мыйзам эмес, жогору жактын “оң көзү” гана сактап каларын бекем эскертип тургандай.

ГЭСтер боюнча “чагылгандай” чечимдер...

20-январда Жогорку Кеңеш Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарында төрт орто жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү Орусия менен түзүлгөн келишимди денонсациялады. Парламент денонсациялоо чечимин кабыл алгандан бир күн өтпөй президент ал жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Ошону менен Кыргызстан 2012-жылы кол коюлган келишимдерден өтө ылдамдык менен баш тартты.

Келишимди Орусия ишке ашыра албасын, ал узак мөөнөткө созулган курулушка айланып кетүү коркунучу бар экенин президент Алмазбек Атамбаев декабрь айындагы маалымат жыйынында билдирип, Кыргызстан келишимден чыгарын жарыялаган.

2012-жылдан бери Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу багытында эч кандай иш аткарбаганы менен Жогорку Нарында ГЭСтерди куруу боюнча анча-мынча даярдыктарды көргөн. Төрт чакан жана орто ГЭСти куруу 627 млн. долларга бааланган. Анын ичинен “Русгидро” 37 млн. доллар сарптаган. Ал эми акыркы жылдары Орусияда кризис күчөп, Москва келишимди аткарууну ар кандай себептер менен создуктурууга өткөн.

Экономика министринин орун басары Нурлан Садыков Кыргызстандын келишимден чыгуусунун себеби ушул жакта экенин айтып, Камбар-Ата-1 боюнча орус тараптан такыр жооп болбой калганын билдирди:

- Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген. Бул жөнүндө Орусияга билдирилген. 2014-жылы июнь айында Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча сунуштар берилген. Бирок Орусия тараптан бир да жооп келе элек.

20-январда Жогорку Кеңештеги талкуу учурунда Жогорку Нарынга 37 млн. доллар сарпталганы шек жаратары айтылды. “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов:

- Нарын каскады салынып жаткан жерден мен көп өтөм. Ал жерде 37 млн. доллар эмес, 5 млн. доллар кеткен чыгымды көрө элекмин. Ошондуктан 37 млн. доллар эмнеге жумшалганын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайбыз. Ал эми бул келишимди денонсациялоого барышыбыз керек. Бул биздин кызыкчылык.

Алмамбет Шыкмаматовдун сунушу менен Жогорку Кеңеш Жогорку Нарында ГЭСтерди куруу үчүн жумшалган каражатты текшерүү үчүн депутаттык комиссия түздү. Эми ал комиссия текшерип, парламентке маалыматын берүүгө тийиш.

Кыргызстан менен Орусия ортосундагы келишимге ылайык, кайсы бир тарап келишимден чыга турган болсо, анда ал экинчи тараптын чыгымын төлөп берүүгө тийиш. Ошондуктан Кыргызстан алдында Орусияга 37 млн. доллар төлөө милдети турат. Депутаттык комиссиянын иликтөөсүндө ал чыгымдын чыныгы өлчөмү аныкталган күндө да Орусияны ынандыра алары күмөн. Анын үстүнө кыргыз бийлигинин ГЭСтер боюнча келишимден батыл чыгуу аракети Кремлди кубандырбаганы айтылууда. Бул орус маалымат каражаттарынын жана талдоочуларынын Кыргызстандын дарегине 2010-жылдын алдындагыдай маанайда сын-пикирлерин айтып башташы менен кыйыр түрдө тастыкталып турат.

Эми кыргыз бийлиги бул ГЭСтерди куруу үчүн жаңы инвестор издейт. Эгерде инвестор табылган болсо Орусия короткон 37 млн. долларды төлөп берүү милдети ага жүктөлөт.

2012-жылы ГЭСтерди куруу боюнча Москва менен жетишилген келишим Кыргызстанда айрым сынга да кабылган. Анткени келишимге ылайык, ГЭСтер курулгандан кийин өзүн актаганга чейин 75% акциясы орустарга таандык болмок. Ал эми 50% акция түбөлүк алардын колунда калмак. Ошондуктан келишимдин бузулушун колдоого алгандар арбын.

Калкты камтама кылган камсыздандыруу...

Автоунааларды камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамдын күчүнө кирүүсү жакындаган сайын ал боюнча талкуу, талаш-тартыш күчөдү. Камсыздандыруу мыйзамы өткөн жылы июнь айында мурунку парламент тарабынан кабыл алынган. Президенттин колу коюлуп, алты айдын ичинде даярдыктарды көрүп бүтүү милдети өкмөткө жүктөлгөн.

Мына ошол алты айдан кийин, быйыл февраль айынан тарта мыйзам күчүнө кирип, автоунаалардын баары милдеттүү түрдө камсыздандырылышы керек. Ошондуктан камсыздандыруу мөөнөтү жакындаган сайын калк ичинде ал боюнча талкуулар кызып, Жогорку Кеңешке чейин жетти. Калкты камсыздандыруу иштерин менчик компаниялар жүргүзүүсү, алардын камсыздандыруу алдында автоунаалардын техникалык абалын текшерүүсү, ал эми камсыздандыруу төлөмдөрүн алуунун татаалдыгы калкты нааразылыктарга түрткөн жагдай болууда. Албетте, автоунааларга эки миң сомдун тегерегинде салык төлөө, ага кошумча камсыздандыруу төлөмүнүн пайда болушу нааразылыктын негизги булагы.

Калк ичиндеги каршы пикирлер көбөйүүсүнө байланыштуу Жогорку Кеңеште камсыздандыруу мыйзамын ишке киргизүү мөөнөтүн бир нече жылдарга токтото туруу сунушталды. “Бир бол” фракциясынын мүчөсү Акылбек Жапаров:

- Экономикалык абалды эске алуу менен ошол камсыздандыруу боюнча мыйзамды эки-үч жылга жылдырып туралы. Азыр ошондой ыкчам чараларды кабыл алып, кыймылдабасак кырдаал көп жакшы эмес. Оорлоп баратат.

Өкмөт тараптан да мыйзамдын күчүнө кирүүсүн болбосо да, айып пул салуу мөөнөтүн узартуу каралып жатканын Финансы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Санжар Мукамбетов билдирди:

- Азыр жоопкерчилик маселеси каралып жатат. Мыйзам 7-февралдан тарта күчүнө киргенден кийин 8-февралдан тарта эле кармап, айып пул салбайт. Азыр өкмөттө каралып жатат, үч ай, беш, алты ай мөөнөт берип, ошондон кийин жоопкерчиликти көрсөтүү сунуштары өкмөттө каралып жатат.

Финансы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын эсеби боюнча, орто эсеп менен бир машинаны камсыздандыруу 2200 сом болот. Ал боюнча келишим бир жылга түзүлөт. Камсыздандырылбаган автоунаалар токтотулуп, ээсине айып пул салынат.

Жергиликтүү эксперттер Кыргызстандагы автоунаалардын көпчүлүгү Европа, Америка жана Жапониядан алынып келинген эскилиги жеткен машиналар болгондуктан, ал камсыздандыруу компанияларына да, камсыздандырган жарандарга да оорчулуктарды, талаш-тартыштарды жаратарын эскертүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG