Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

А. Атамбаев: Депутаттар сессияда эмес, сотто болот


31-августта Социал-демократиялык фракциянын жыйыны болду. КСДПнын лидери А. Атамбаев ал жыйында каралган маселе тууралуу айтып берди.

“Азаттык”: - Алмаз мырза, эгемендүүлүк майрамыңыз менен куттуктайбыз. Сиз бүгүнкү майрамды кандай тосуп, кандай белгиледиңиз?

А.Атамбаев: - Бүгүн биз фракцияны чогултуп, партиялык иштерди карадык. Майрам күнү да иштедик.

“Азаттык”: - Фракциянын жыйынында кандай маселе каралды?

А. Атамбаев: - Шайлоо кандай өткөнүн билесиңер. Шайлоодон кийин дагы биздин активисттерди куугунтуктоолор токтобой жатат. Ошол
маселелерди карадык. Анын үстүнө 1-сентябрда Балыкчыдагы окуя боюнча кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз Жогорку Сотто каралат. Болбогон шылтоолор менен 13 киши камакта турат. Фракциянын депутаттары сессияга барбай жалпы сотко бара турган болду.

“Азаттык”: - Бирок кийинки күндөрү социал-демократтар сессияга бара берет да?

А. Атамбаев: - Кийинки күндөрү катыша берет. Анткени эл шайлаган. Эл менен кеңешпей эле кандайдыр бир чечим кабыл алуу туура эмес. Албетте ар кандай сөздөр бар... Бирок биз ойлоп жатабыз катышып турганы туура. Анткени өздөрү барып эле отуруп алган эмес да. Биздин депутаттарды эл шайлаган. Калган депутаттарды билбеймин. Керек болсо БШКнын мурунку жетекчиси качып жүргөндө биздин балдар барып жолукканда айткан социал-демократтар өткөн деп. Ошондуктан эл берген мандаттарын өздөрү эле таштап кеткени туура болбойт деп чечтик. Ошондуктан 1-сентябрда сессияга катышпаса, андан кийин барып катышат.

“Азаттык”: - Алмаз мырза, сиздердин фракциядагы депутат Мурат Жураев мандатын тапшырып кеткени тууралуу маалымат чыкты. Муну кандай кабыл алып, кандай чечим кабыл ала турган болуп жатасыздар?

А.Атамбаев: - Эми орустардын сөзү бар Библияда айтылган “Соттобо, өзүң да соттолбойсуң” деген. Эми Муратты бирдемке деп айтыш кыйын. Анын жагдайларын, шарттарын билбейбиз. Ал деле адам. Мен билем, аны деле кысымга алып жаткан. Андай кысым акыркы бир жылдан бери уланып келаткан. Мен ошондуктан Мурат Жураевге жазында эле айтканмын, сени кыйнайт го, бизнесиң бар деп. Көрүп жатпайбызбы, кичине бизнеси бар адамдардын оппозициялык партияда жүрүшү кыйын. Бабанов болобу, Артыкбаев болобу, Жураев болобу-булардын биз менен жүрүшү кыйын. Адамды күнөөлөш кыйын. Адам деген адам. Кыргызстанда абал оор. Мыйзамды тааныбаган, элди сыйлабагандар башкарып жатат. Азыркы мезгилдеги ар бир нерсенин чыныгы себептери, чыныгы негиздери дагы кийин, бир канча жыл өткөндөн кийин чыгат ко. Ошондо билебиз.

“Азаттык”:- Бирок партиялык тизме боюнча Жураевдин ордуна башка талапкер депутат болуп келе берет да?

А. Атамбаев: - Албетте келе берет. Жакында 15 күн абакта отуруп чыкты Айбек Азыранкулов. Тизмеде анын кезеги. Балыкчыга жөө жүрүш кылабыз дегендер кармалганын билесиздер. Алардын арасында Айбек да болгон. Ал чыңалып чыкты. Аны коркутуш кыйын.

“Азаттык”: -Эртеңки сотко өзүңүз да катышасыз да?

А. Атамбаев: - Менин башка иштерим бар. Депутаттардын бардыгы барат. Мен азыр так айта албаймын. Бирок билесиңер күнү-түнү ушул маселе менен алышып жатам. Анткени камактагы балдарыбызды, кызыбызды чыгарыш керек. Эң негизги маселе ошол. Бүгүнкү жыйында да ошол маселе каралды.

“Азаттык”: - Алмаз мырза, бүгүнкү жыйынга фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов ден-соолугуна байланыштуу катышпай калганы айтылды. Бул киши Кыргызстандабы? Келип фракцияны жетектейби?

А. Атамбаев: - Эми ал ден-соолугуна байланыштуу болот. Бакытты билесиңер, билим жагынан, бардык жагынан жетишкен жигит. Буйруса сакайып кетер. Буйруса келип иштеп берет деп ойлоп жатабыз.

“Азаттык”: - Маегиңиз үчүн ырахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG