Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Парижде терроризмге каршы ири жүрүш өттү


Париждеги Биримдик маршы
Париждеги Биримдик маршы

Жекшембиде Парижде миллиондон ашык адам акыркы күндөрдөгү теракттын курмандыктарын эскерген Биримдик жүрүшүнө чыкты. Ага дүйнөнүн 40га жакын өлкө лидерлери да катышты.

Акыркы күндөрдөгү чабуулдардан каза болгондорду эскерген жана дүйнөдөгү терроризмге каршы Париждеги жүрүшкө бир миллиондон ашык адам катышканы кабарланды. Акцияга 40ка жакын өлкө лидерлери катышып, алар Республика аянтынан Улуттар аянтын көздөй басып өтүштү. Алардын арасында Франциянын президенти Франсуа Олланд, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Украинанын президенти Петро Порошенко, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху, Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас, Түрк премьер-министри Ахмед Давудоглу, Иорданиянын королу Абдалла II жана Евробиримдиктин, НАТОнун жетекчилери бар. АКШдан бул маршка башкы прокурор Эрик Холдер, орус бийликтери болсо тышкы иштер министр Сергей Лавровду жөнөткөн.

Жүрүшкө катышкан дүйнө лидерлери
Жүрүшкө катышкан дүйнө лидерлери

Марш башталаарда катышуучулар террорчулардын кол салуусунан каза болгондорду аза мүнөтү менен эскеришти. Жүрүшкө чыккандар француз гимнин ырдап, “Шарлиге эркиндик”, “ Жашасын Франция” деген ураандарды кыйкырып жүрүп отурушту.

Франциянын президенти жүрүштү баштап жатып, "Париж бүгүн дүйнөнүн борборуна айланды" деп билдирди. Ал эми премьер-министри Мануэль Вальс аталган жүрүштү "тарых китептерине жазылчу эң ири манифестация болуп калат" деген эле.

Биримдик маршы өтө күчөтүлгөн коопсуздук шарттарында өттү. Акция учурунда коопсуздукка 2000ден ашык полиция кызматкери, 1300дөн ашык аскер көз салды. Жүрүш өткөн көчөлөрдөгү көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларына снайперлер отургузулуп, жакын жердеги темир жол станциялары жабылды.

Биримдик маршына өлкөнүн мурунку жетекчилери, Франциядагы бардык саясий күчтөрдүн өкүлдөрү катышты. Жалгыз гана оңчул “Улуттук фронт” партиясынын Марин Ле Пен катышкан жок. Ле Пен 10-январда “уюштуруучулар аны көргүсү келбеген маршка” барбай турганын билдирген.

Он миңдеген адамдын катышуусундагы акциялар Нант, Тулуз, Орлеан, Безансон, Ницце, Лилль шаарларында өттү. “Франс пресс” агенттигинин маалыматы боюнча, өлкө боюнча 3 миллиондон ашык адам жүрүшкө чыкты.

Мындан сырткары Париждеги биримдик маршына тилектештик билдирген акциялар Европанын Брюссел, Берлин, Мадрид жана Стокгольм шаарларында да өттү. Анда жүрүшкө чыккандар “Мен Шарлимин” деген плакаттарды көтөрүп, зордук-зомбулукка каршы турууга жана сөз эркиндигин бирдикте коргоого тилектештигин билдиришти.

Парижде акыркы үч күн ичинде кылмышкерлердин кол салуусунан 17 адамдын өмүрү кыйылды. Полициянын 9-январдагы операциясында борбордогу “Шарли Эбдо” сатиралык журналына кол салууга шектелген ага ини Саид жана Шериф Куашилер жок кылынды. Журналга кол салууда журналдын баш редактору баш болгон сегиз журналист-сүрөтчү жана төрт коопсуздук кызматкеринин өмүрү кыйылган эле. Ошол эле күнү полиция операциясында Париждин Порт-де-Венсен деген районунда, жөөттөрдүн кошер дүкөнүндө бир нече адамды барымтага алган Амеди Кулибали аттуу адам да өлтүрүлдү . Бирок Кулибали дүкөндө барымтага алган төрт адамды атып салууга жетишкен. Ага чейин ал бир полицей аялды өлтүрдү деп шектелген эле.

11-январда Амеди Кулибалинин “Ислам мамлекети” террордук тобуна мүчө катары ант берип жаткан тасмасы табылды. Ал эми аны менен бирге жүргөн, Хаят Бумьеден деген ысымдуу аял азырынча кармала элек.

Француз жана түрк коопсуздук күчтөрүнүн маалыматына караганда, Бумьеден 2-январда Стамбулга барып, андан ары Сирияга өтүп кеткен болушу мүмкүн.

Биримдик маршына келген Түркиянын премьер-министри Ахмед Давудоглу терроризм менен күрөшүүдө эки өлкө кызматташа турганын билдирди:

- Бул террордук чабуулдан соң биздин коопсуздук күчтөрүбүз кызматташып жатат. Мунун алкагында эки тарап бир-бири менен маалымат алмашууда. Бардык маалыматтар азыр такталып атат. Дагы бир жолу белгилегим келет, бул маселе боюнча азыр коопсуздук күчтөрүбүз кызматташа берет, - деди Давудоглу.

Негизи эле Париждеги акыркы окуялар дүйнөдөгү терроризм менен күрөштөгү кызматташтыктын маанисин арттырды деп билдиришти саясатчылар. Германиянын канцлери Ангела Меркел 10-январда Гамбургда сүйлөп жатып:

- Франциядагы болуп өткөн окуя - террористтердин наадан чабуулу. Бул баарыбыз үчүн чакырык. Биз өз баалулуктарыбызды сактап күрөшүү үчүн ушул күндөрү Францияны колдошубуз керек, - деп белгиледи.

Ал эми АКШнын баш прокурору Эрик Холдер бул кол салуунун аркасында ким тураары тастыктала электигин, бирок аз сандагы гана террорчулардын мындай чабуулдарды жасап жатышына терең камтамачылыгын билдирди.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG