Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Лондон: Валериянын концертине каршылык


Орус ырчылары Валерия менен Иосиф Кобзон.
Орус ырчылары Валерия менен Иосиф Кобзон.

21-октябрда Лондондун атактуу концерттик залдарынын биринде орусиялык ырчы Валериянын концерти өтөт. Ага Иосиф Кобзон баштаган белгилүү орус ырчылары катышаары күтүлүүдө.

​Бул талаштуу концерт бир катар активисттердин британ бийлигин Валерия менен Кобзонду Орусиянын Украинадагы аракеттерин колдогону үчүн өлкөгө киргизбөөнү талап кылышканына карабай өтмөкчү.

Орусиянын эл артисттери Иосиф Кобзон жана Валерия аттуу сахна ысымы менен таанымал Алла Перфилова Кремль менен көптөн бери жакшы ымалада экенин жашырышпайт.

Ушул жылдын мартында эки ырчы тең Орусиянын Крымды аннексиялашын колдогон ачык катка кол коюшкан.

Валерия орус бийлигинин кумсаларды кодулаган мыйзамына, Pussy Riot тобунун мүчөлөрүн камакка алган талаштуу чечимдерине колдоо көргөзүп келген.

Ырчынын «Валерия жана достору» деп аталган концерти шейшембиде Лондондогу эң ардактуу падышалык Альберт Холл концерттик залында өткөнү жатат.

Британ баш калаасында жашаган орусиялык саясий эмигранттардын бири Андрей Сидельников «Азаттык» радиосуна берген маегинде:

- Биз орус өкмөтүнүн кылмыштуу деп саналган аракеттерин колдогон адамдарды Батышта жакшы кабыл албоо керек деп санайбыз. Бул адамдар өз аракеттери жана кылыктары үчүн жоопкер болушу керек деп эсептейбиз, - деп билдирди.

Сидельниковдун "Катуураак сүйлө" деп аталган жарандык кыймылы ушул айдын башында, британ премьер-министри Дэвид Кэмеронду Кобзон менен Валерияны «персона нон грата" деп жарыялоого үндөгөн кайрылуу жолдошкон.

Интернетте төрт миңден ашык адамдын колу топтолгон катта маданият ишмерлери өз популярдуулугун жана коомдогу ордун колдонуу менен орус бийлигинин пропагандасын жайылтышып, эл аралык аренада башкача пикир калыптантып жатканы айтылат.

Кайрылууда ырчылар Кремлдин командасын колдогон топтун мүчөлөрү деп айыпталып, британ өкмөтүн Латвия бийлиги сыяктуу эле Валерия менен Кобзонду өлкө аймагына киргизбей коюуга чакырды.

Быйыл жайда латыш бийлиги антиукраиналык позициялары үчүн аталган эки ырчыны "кара тизмеге" киргизген болчу.

Валерия жана продюсери, жолдошу Иосиф Пригожин
Валерия жана продюсери, жолдошу Иосиф Пригожин

Валериянын продюсери жана жубайы Иосиф Пригожин бул концерт Орусиянын беделин оңдойт деп ишенет.

Пригожин концертке британ канышасы да чакырылганын билдирди.

Саясий активист Сидельниковдун айтымында, Кобзон менен Валериянын батыш баалуулуктарына каршы чыгып келип, эми Лондондо концерт коебуз деп жатышы орус элитасы буга чейин колдонуп келген эки жүздүүлүктү дагы бир ирет тастыктоодо:

- Мындай эки жүздүүлүккө жол берилбеши керек. Орусияда алар Батыштын баалуулуктарын жаман жана Орусияга туура келбейт деп айтышат дагы, Батыш өлкөлөрүнө барып акча таап, эс алып, кыймылсыз мүлк сатып алышат.

Валериянын Швейцарияда окуган уулу Арсений Шульгин да энесинин концертинде эл алдына чыгып, пианинодо ойноору айтылууда.

Сидельниковдун маалыматы боюнча Кобзондун кызы, күйөө баласы жана неберлери Лондондо жашашат.

"Валерия жана достор" деп аталган концерт орус бийлигинин, атап айтканда Орусиянын федералдык маданий агенттиги - "Россотрудничествонун" колдоосу менен өтүүдө.

Валериянын концертине Кобзондон башка Валерий Меладзе, Стас Пьеха сыяктуу башка орус атактуу аткаруучулары да катышаары күтүлүүдө.

Концерт Британиянын абройлуу падышалык филармониянын оркестринин коштоосунда өтөт.

Буга чейин жарнамаларда көрсөтүлүп келген украиналык "Вопли Видоплясова" аттуу рок-тобунун ырчысы Олег Скрипка концертке катышуудан баш тарткан.

- Мен макул болгон кезде Орусия менен Украинанын ортосунда мындай чыңалуу жок болчу. Мен орусиячыл шоуга катышпайм. Украинада азыр элдер өлүп жатканда бул тууралуу сөз болушу да мүмкұн эмес, - деди ал.

"Катуурак сүйлөгүлө" тобунун активисттери концерт учурунда да Альберт Холлдун тышында демонстрация өткөрүүнү болжошууда.

Валерия беш миң кишилик падышалык Альберт Холлдо концерт берүүгө ашыккан биринчи орус ырчысы эмес. Буга чейин аталган залда 2013-жылы Григорий Лепс, ал эми ушул жылдын майында Борис Гребенщиков өз концерттерин коюшкан.

XS
SM
MD
LG