Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Назарбаев кайрадан шайлоого бармай болду


Нурсултан Назарбаев "Нур Отан" партиясынын жыйынында.
Нурсултан Назарбаев "Нур Отан" партиясынын жыйынында.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 26-апрелде өтө турган мөөнөтсүз президенттик шайлоого катышат. Бул жөнүндө ал бүгүн өзү төрагалык кылган, бийликтеги “Нур Отан” партиясынын курултайында жарыялады.

Астанада өткөн “Нур Отан” партиясынын курултайында алгач партия мүчөлөрү сөз сүйлөп, казакстандыктар президентти колдоп, дагы бир жолу талапкерлигин коюуну суранып жатышканын шардана кылышты. Алардын бири академик Кенжегали Сагадиев:

- Казакстандын эл башчысы ааламдагы кагылышууларга көңүл кош болбостон, биримдикке чакырып, тынчтык үчүн ат салышып, калктар арасында ынтымак орнотуу үчүн күрөшкөн чоң даражага көтөрүлө алды. Ушунун баары Нурсултан Назарбаев өлкө башчылыгына ылайыктуу талапкер экенин көрсөтүп турат. Ошондуктан агайын, туугандар баарыбыз бир ооздон Нурсултан Назарбаевди президенттикке талапкер катары көрсөтөлү.

Партиялаштарынын бул өтүнүчүнө президент Нурсултан Назарбаев курултай башталгандан эки саат өткөн соң макулдугун берди:

- Биз мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөө үчүн алга жылышыбыз абзел. Мен ошондуктан жаңы, катаал максаттарды сунуш этүү үчүн сиздердин талапкерлигимди сунуш кылганыңыздарга макул болом.

Назарбаев дүйнөдөгү мамлекеттердин дээрлик бардыгы геосаясий жана экономикалык көйгөйлөрдү баштан кечирип, жер жүзүндө абал оорлоп баратканын жана негизги экспорттоочу товарларга баанын төмөндөгөнү казак бюджетине да өз кедергисин тийгизип жатканын айтты.

Казак президентинин пикиринде, өзү сунуштаган “Нурлуу жол” программасында экономикалык туруксуздукка туруштук берчү чаралар бар. Бул программаны президент өткөн жылдын ноябрь айында сунуштаган.

74 жаштагы Назарбаев 6-мартта шайлоого катышуу боюнча чечим кабыл ала электигин билдирген. Анда “Мен Казакстан эгемендик алгандан бери башкарып келатам. Балким театрдагыдай декорацияны алмаштыруу зарылдыр” деп бир катар суроолорго жем таштаган. Бирок көпчүлүк эксперттер белгилегендей, шайлоо алдында коомчулуктун бүйүрүн кызытып туруп, Назарбаев бешинчи ирет шайлоого аттанмай болду.

Казакстанда адатка айлангандай президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрүн өлкөдөгү оппозициячыл социал-демократиялык партиянын жетекчилеринин бири Петр Своик былтыр октябрда эле жазып чыккан болчу.

Ал “Азаттык” менен маегинде шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесине түрткү берген жана казак бийлигин камтамага салган тышкы, ички факторлор катары Украинадагы кырдаалды, Орусиянын АКШ жана Европа менен чатагын, Орусияга каршы киргизилген санкцияларды атаган эле.

Своиктин пикиринде, казак бийликтеринин негизги стратегиясы- азыр аталган факторлор түшүнүктүү жана аныкталган форматка ээ болот деген үмүттө күчтүү позицияны ээлөө.

Оппозициячыл саясатчы болжолдогондой эле, 2016-жылга белгиленген президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгеси 14-февралда Казакстан калк ассамблеясы тарабынан чыкты. Назарбаев төрагалык кылган ассамблея учурдагы шартта “экономикалык саясатты бекемдөө үчүн” шайлоону эртелей өткөрүү зарылдыгын билдирген. Аны өлкөдөгү бийликке жакын партия, уюмдар кош колдоп жактап, Назарбаевди кезектеги шайлоого талапкерлигин коюуга үндөп чыгышкан. Назарбаев ушуну менен бешинчи ирет президенттик шайлоого баратат.

Назарбаев бешинчи ирет президенттик шайлоого барат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00

XS
SM
MD
LG