Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

Козгоңчулар Кабылдын ортосуна кирип келди


Кабылдын ортосундагы "Serena" мейманканасы 18-январдагы салгылашуу маалында.
Кабылдын ортосундагы "Serena" мейманканасы 18-январдагы салгылашуу маалында.

Талиптер деп шектелген согушчандар дүйшөмбү күнү Ооганстандын байтакты Кабылдын ортолук бөлүгүн катуу коогага салды.

Президент Хамид Карзай кырдаал көзөмөлгө алынды, деп билдиргенге чейинки салгылашта кеминде тогуз кишинин каны төгүлдү жана 40тай киши жарадар болду. Бул чабуул козголоңчулардын Кабылдын мыкты корголгон бөлүктөрүнө кол салып, капсалаң түшүргөнгө

Террорчулар Президенттик сарайдын жанына чабуул койушууда. Х. Карзай

жарамдуу экенин көрсөттү.

Кабыл кароосуз калдыбы?

Cогушчандар Кабылдын Президент сарайы, Борбордук банк, Адилет министрлиги, “Серена” мейманканасы жайгашкан бөлүгүнө чабуул коюп, шаарды кара түтүнгө каптатты. Алар “Ферушах” соода борборуна, Президент
Каблдын ортосундагы "Улуу Ооган соода борбору" күйүүдө. 18-январь 2010.
сарайынын дарбазасына жана "Ариана" кинотеатрына да чабуул жасашты. Соода борборунун сатуучусу калаба жөнүндө “Азаттыка” буларды айтты:

-Моюнун чулгаган оромолдорунун астына курал-жарагын жашырган төрт жигит Соода үйүндө эртелеп пайда болушту. Алар “Ким тирүү калууну кааласа, имараттан чыгып кетсин” деди. Көпчүлүк дүкөнчүлөрдү имараттын астында камалып жатышты.

Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахиддин “Эркин Ооганстан” радиосуна айтышынча, чабуулга 20 согушчан, анын ичинде өздөрүн бомба менен жардырып, шейит өлчү жанкечтилер да катышкан.

Ооганстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, аскерлер жана карапайым жарандар болуп, беш кишинин каны төгүлдү, дагы 40ка жакын адам жарадар болду. Андан тышкары, Ички иштер министрлиги төрт согушчан жок кылынганын кабарлады.
Ооганстандын ички иштер министри Ханиф Атмар, Коргоо министри Абдул Рахим жана Коопсуздук кызматынын башчысы Амрулла Салих пресс-конференция өткөрүшүүдө. Кабыл. 18-январь


Эрегишчилердин чабуулу Ооган өкмөтүнүн айрым жаңы мүчөлөрү ант берип жаткан тушта башталды. Ага карбай, "салтанат ырааттуу өттү", деп билдирди президенттин өкүлү Вахид Омар.

Президент Хамид Карзай салтанаттагы сөзүндө чабуулду айыптап, мындай деди:

-Террорчулар Президенттик сарайдын жанына чабуул коюушууда. Бул Ооганстан башынан кечирип жаткан бир гана коркунуч. Өлкө үчүн башка да ички жана тышкы жаман коркунучтар бар. Алар Ооганстанга чоң зыян келтириши мүмкүн.

Кырдаал бешимге барып көзөмөлгө алынганын Ооган бийликтери маалымдашты. Анткен менен дүйшөмбү күнкү чабуул адаватчылардын Кабылдын мыкты корголгон бөлүгүнө жеңил өтүп кетерин ачык кылды.

Ооганстандын тандалма аскерлери Кабылдын "Ариана" кинотеатрынын жанында талиптер деп шектелген согушчандар менен аткылашуу учурунда. 18-январь
Бул чабуулдун Ооганстан боюнча ай соңунда Лондондо өтчү эл аралык жыйын алдында өлкөдөгү кырдаалды курчутууга багытталганы да калетсиз.

Элди коркутуу - талиптердин оорусу

Жаңы Делиде сапарда жүргөн АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча чабарманы Ричард Холбрук талиптердин Кабылдагы чабуулун - “экстремисттердин кезектеги мыкаачылыгы”, деп атады:

-Талиптердин бу сыяктуу иштерди жасап жүргөнү жаңылык эмес. Алар элди мүңкүрөтүп, үшүн алууну каалайт. Мындай урушка бел байлагандар, арийне, тирүү калбайт, ийгиликке да жетпейт. Талиптерден буга окшогон иштерди дагы күтсө болот. Алар Ооганстан менен Пакистан ортосундагы чек ара аймагында жойлогон экстремисттик топтордун бир бөлүгү. Алар мындай кусаматты дайыма жасап жүрүшкөнүн Индияда элдин баары билет.

НАТОнун күчтөрү дүйшөмбү күнү бешимден тарта Ооган аскерлери менен чогуу Кабылдын ортолук бөлүгүн күзөтө баштаганын маалымдады.

Согушчандар АКШ жана НАТО Ооганстанга кошумча дагы 37 миң аскер жөнөтө баштагандан тарта жаалданып аракеттенүүгө өттү. Былтыр 28-октябрда алар Улуттар Уюмунун Кабылдагы конок үйүнө жасалган чабуулда уюмдун беш кызматкери жана 3 согушчан окко учкан. Бул окуядан соң БУУ Кабылдагы кызматкерлеринин көбүн сыртка чыгарып кеткен эле.


Кабул шаары көзөмөл алдында

Ооганстан: Кабул шаары көзөмөл алдында
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

XS
SM
MD
LG