Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:42

Газа кризиси тереңдеп баратат


Палестина -- Аба соккусунан кийинки түтүн, Газа шаары, 21-июль, 2014.
Палестина -- Аба соккусунан кийинки түтүн, Газа шаары, 21-июль, 2014.

Газа тилкесинде Израил Хамас уюмуна каршы согуштук операциясын улантууда. БУУнун Коопсуздук кеңеши Газадагы согуш аракеттерин токтотууга чакырды. Ал эми палестин бийликтери кеңешкe Израил салган кыргынды токтото алган жок деп кине такты.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды БУУнун Коопсуздук кеңеши 20-июлда өткөн чукул жыйында талкуулады. Кеңеш Газа тилкесинде курмандыктардын көбөйүшүнө тынчсыздануу билдирип, согуш аракеттерин токтотууга чакырды.

Палестин президенти Махмуд Аббас кеңешти палестин элин коргой албайт деп сынга алган эле:

- БУУнун Коопсуздук кеңеши агрессияны жана палестиндердин кырылышын токтотуучу чечим кабыл ала алган жок. Бул аны эл аралык мыйзам боюнча милдеттеринен куткарбайт. Ошондуктан мен Коопсуздук кеңешин кайра чукул жыйын өткөрүп, палестиндерди коргоо милдетин аткарууга чакырам.

Ал ошондой эле Египет сунуш эткен элдешүү демилгесин кабыл алуунун зарылдыгын белгилеген.

Израил армиясы бүгүн Израилге Газа түндүгүнөн жер алдындагы өткөөлөрдөн кирип келген согушкерлер менен кагылышта аз дегенде 10 куралчан жок кылынганын кабарлады.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Израилдин аткылоосунан Газада ондогон палестиндердин набыт болушун «барып турган канкордук» деп мүнөздөдү. Катарда сүйлөгөн сөзүндө баш катчы 500дөн ашык кишинин өмүрү кыйылган жарым ай мурда башталган согушту дароо токтотууга чакырды жана биринчи кезекте бул согуштун түпкү себебин сүйлөшүп, эки өлкө форматында чечүү керектигин белгиледи.

Жекшембидеги кагылыштарда эле 100дөн ашык палестин, Израилдин 13 аскери набыт болду. Бул эки аптадан берки согуштагы эң каргашалуу күн болуп калды.

Бирок бул күнү Израилдин өкмөт башчысы согуштук операциялар Газа тилкесиндеги «террорчуларды» жок кылмайынча улана тургандыгын эскертти:

- Израил бул согушту баштаган жок, бирок аргасыздан ага кошулгандан кийин биз аны максатына жеткенче улантабыз. Биздин максат Израил калкынын бейпилдигин узак убакытка камсыздоо жана Хамас, Газадагы дагы башка террордук уюмдардын инфраструктурасын талкалоо. Биз бул максатыбыздан кайтпайбыз. Биз азыркы операциянын зарыл болушунча улантабыз, - деди Бенямин Нетаняху Тел-Авивде журналисттерге.

АКШнын Мамкатчысы Жонн Кэрри бүгүн Каирде бул кырдаалды Египеттин жетекчилиги менен талкуулап жатат.

Вашингтондон жолго чыгаарда Кэрри Израилдин Газа тилкесине кол салуусун жактап сүйлөгөн жана Хамас уюмун Египет сунуш эткен элдешүү планын дароо кабыл алууга чакырган.

Израилдин БУУдагы элчиси Хамастын куралдуу канатынын израилдик бир аскер туткундалды деген маалыматын четке какты.

Жекшембиде набыт болгон 100дөн ашуун палестиндин көбү Газанын Израил менен чек арасына жакын жердеги Шижая ооданына израил күчтөрү таң заарда кол салганда курман болду, алардын көпчүлүгү карапайым тургундар экендиги кабарланууда.

Палестин бийликтери бүгүн Газадагы кагылыштарда өлгөн палестиндердин саны 500дөн ашканын, эки миң чактысы жарадар болгонун бышыктады.

Ал ами Израил 18 аскеринен айрылды, Газадан атылган ракетадан бир карапайым израил жараны каза тапты. Салгылаштардан улам он миңдеген палестиндер үйлөрүн таштай качышты.

XS
SM
MD
LG