Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:22

Мен күндү көрүп турам


Ирактык сүрөтчү Раша Мухаммаддын сүрөтү.
Ирактык сүрөтчү Раша Мухаммаддын сүрөтү.

Бул окуяны Кыргызстан түштүгүндөгү укук коргоо уюмдарынын биринин лидери Жанна Саралаева айтып берди.

(Бул Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы гендердик зомбулукка каршы БУУ-Аялдар глобалдык өнөктүгүнүн алкагында сунуштаган баяндардын экинчиси)

Бир аял зөөкүрлөрдүн колунан жеген таяктын айынан көзүнөн айрылганы тууралуу үрөй учурган окуяны угуп калдык. Запкы жеген аял үйүнө бекинип алып, сыртка чыкпай, алтурсун жакындары жана туугандары менен сүйлөшпөй, такыр эле өзү менен өзү болуп калат.

Көрсө зөөкүрлөрдөн эси чыгып калган аял бул жарыкчылыктан аша кечип, өз жанын кыюуга чейин барыптыр. Бирок бул жорукка жеткирбей, артка кайтарышкан экен.

- Көзү жок бул эмне деген азап жашоо? – деп суроо салды ал.

Ал аялды балким биз билбей деле калат белек? Этнос аралык жаңжалдан кийин ыкчам топ түзүлүп, ага эксперттер, врачтар, психологдор кирип, баарылап жапа чеккен жерлерди кыдырып жүргөндө бул бечара аялга кабылып отурушпайбы.

Иши кылса биздин адистер бечаранын чоо-жайын угуп билген соң, бирдеме кылып жардам берели деп сунуш кылышат. Бирок ал баш тартып туруп алганы. Акыры психологдор менен врачтар тез арада операция жасабаса, көзүңдөн биротоло айрыласың деп жакшылап түшүндүргөндө гана ал аял макул болот.

Айтору, мына операция жасалат деп турганда баягы акча маселеси чыгып, жаңы убаракерчилик башталбайбы. Донор уюмдардан бирөөсү да акча бербейт, эгер ал сексуалдык жактан зомбулукка кабылса берет элек деп кол шилтешет.

Ошондо биз муздаткыч же компьютер алганга акча табылат да, адамдын көзүн ордуна койгонго каражат чыкпайбы деп өжөрдүк менен талап кыла баштадык. Акыры Эл аралык миграцияны көндүрдүк. Бул маселе аталган уюмга тиешеси жок болсо да, ийип бергени жакшы болду.

Жапа чеккен аялды Бишкекке жөнөтүп, кайсы бир клиникада мыкты деген адистер көзүнө операция жасашты. Азыр ал аял түп-тамырынан өзгөрүп, бетине кызыл жугүрүп, көңүлү ачылып, мурдагыдан бир топ эле дурус көрүп калды.

Азыркы тапта бул аял биздин уюмга такай баш багып, көбүнчө күйөөсү менен келип, аялдарды зомбулуктан калкалоо иш-чараларына жандуу катышууда.

"Азаттык" үналгысынын гендердик теңчилик жана аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотууга арналган атайын интернет барагына баш багыңыз.

XS
SM
MD
LG