Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Өзбекстан Аксыдагы антенна турган жерди талашууда


Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жердеги жазуу. Аксы району, 2013.
Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жердеги жазуу. Аксы району, 2013.

Аксыдагы Кыргызстандын телерадио сигналдарын таратуучу станция турган жер боюнча Өзбекстан Кыргызстанга доомат артууда.

Учурда бул маселе боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын "Азаттыкка" вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, Үңкүр-Тоодогу Кыргызстандын антенналары тактала элек жерде турат жана расмий Бишкек ал жерди өзүнө караштуу деп билет. Буга чейин айрым маалымат каражаттары расмий Ташкент ал аймактагы кыргызстандык антенналарды мыйзамсыз турат деп алганы жатканын жазып чыгышкан эле.

Өзбек чек арачыларынын күтүүсүз "визити"


Вице-премьер-министр Токон Мамытовдун билдиришинче, коңшу өлкөнүн чек арачылары 22-сентябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караган Үңкүр-Тоо деген жердеги Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратып берүүчү станцияга күтүүсүз кирип барган:

- Үңкүр-Тоодо "Кыргызелекомдун" ретранслятору жайгашкан. Ал жанагы телерадионун сигналдарын күчөтүп, ошол жердеги Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондоруна таратып берет. Ошол жерге коңшулардын 15тей чек арачысы тик учак менен учуп келип, кимдер иштеп жатканын, бир нөөмөттө канча киши экенин сурап кетишкен.

Токон Мамытов өзбек чек арачылары мындан кийин ошол станциядан анча алыс эмес жерге жайгашканын, Кыргызстанда жооп ирээтинде ал аймакта чек ара тилкесин кайтарууну күчөткөнүн маалымдады:

- Анан аларга каршы биздин чек арачылар ошол жерге барып, биздин ретрансляторду, биздин жерди кайтарууга алышат. Ошол жерде эки өлкөнүн чек ара бөлүгүнүн командирлери жолугуп сүйлөшүп, биздин чек ара командири бул такталбаган жер экенин, алардын бул жерге келгенине болбой турганын айткандан кийин алар Өзбекстан тарапка жылып кетишет. Ошондуктан биздин чек арачылар да ал жерди кайтарууга алды.

Мамытов өзбек тарап Үңкүр-Тоога байланыштуу буга чейин доомат артып жүргөнүн кошумчалап, бирок ал жерди Кыргызстан өзүнө таандык деп эсептей турганын белгиледи:

-Үңкүр-Тоодогу ошол участок боюнча коңшу мамлекет тараптан көп убактан бери эле “бул биздин жер, Өзбекстанга тиешелүү” дегендей терс ой-пикир айтылчу. Бирок биз “биздин жер, Кыргызстан муну биздин жер деп эсептейт” деп айтчубуз. Бирок ага карабастан делмитиация жана демаркация боюнча комиссия иштеп жатат. Ошол комиссия ишинин аягына чыксын, анан мамлекеттер аралык сүйлөшүүнүн негизинде Үңкүр-Тоодогу жерди ошондо талкуулайлы деген жоопту берип жатабыз. Бирок биз бул Кыргызстандын жери деген позицияда турабыз.


Эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө


Жалал-Абаддагы Кербен шаардык кеңешинин төрагасы Каныбек Бостонов жергиликтүү элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып жатышканын кеп салды:

- Биздин бийликтегилер тезинен чечиши керек, болбосо чоң маселеге айланып кетиши мүмкүн. Биз кечээ чогулуш кылып, элди дүрбөлөңгө түшпөгүлө, сөз таратпагыла деп айттык. Ар ким ар кандай сүйлөй берет да, танка келди деп да айтышат. Андай эч нерсе жок. Ошол тоонун түбүндө биздин Кербен шаарыбызга караган айылыбыз бар. Бөлүп турган чек ара жок. Арыкты ары аттасаң Өзбекстан, бери аттасаң Кыргызстан.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Өзбекстандын бийликтерине шилтеме кылып, Үңкүр-Тоодо Кыргызстандын антенналарын алганы жатканын жазып чыгышкан. Бул маалыматтарга караганда, Ташкент Бишкекке радиотолкундарды колдонуу боюнча эки тараптуу келишимди бузду, 2007-жылдан бери антенналары мыйзамсыз турат деген доомат арткан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырымды түзөт жана анын 320 чакырымы толук тактала элек. Тактала элек чек арадан улам эки өлкө тургундары ортосунда тез-тез ар кандай чыр-чатактар чыгып турат.

XS
SM
MD
LG