Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Транзиттик борбордун босогосун аттап...


20-июлда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, журналисттерден куралган топ "Манас" аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна барып, Ооганстанга жүк ташуучу базанын иши менен таанышты.

Кадимки шаар тибинде катар тизилген чатырча үлгүсүндөгү имараттар, Бишкектин көчөлөрүнөн көп көрө бербеген жаңы үлгүдөгү аскердик машинелер, тасмалардан көрүп жүргөндөй узун бойлуу, кара көз айнек тагынып, сагыз чайнаган америкалык аскерлер. Тыкыр текшерүүдөн өтүп, борбордун астанасын аттаган соң “Манас” аба майданындагы транзиттик борбордогу көрүнүштү мына ушинтип сүрөттөсө болчудай.

Америкалыктарга таандык жылмаюу менен депутаттарды жана журналисттерди тосуп алган транзиттик борбордун жетекчиси Кори Мартин борбордун иши менен тааныштыра баштады.

Кори Мартин
Кори Мартин
Полковник Мартиндин айтымында, жүк ташуу борборунун алдында негизги төрт милдет бар. Алар: Ооганстандагы учактарды май менен камсыздоо, АКШдан Ооганстанга аскерлерди жеткирүү, жүктөрдү ташуу жана Кыргызстан менен карым-катнашты бекемдөөгө көмөктөшүү.

Мына ушул милдеттерди аркалап келаткан борбордо иштегендер тууралуу Кори Мартин мындай маалымат берди:

- Биздин борбордо негизинен 4000дей адам иштейт. Алардын 1400-1500ү аскер кызматындагылар. Муну менен катар 700гө жакын кыргызстандык жана 200дөй америкалык ар кандай жарандык жумуштарда иштешет. Ошондой эле транзиттик жол менен барып-келип иштеген 2 миңдей адам бар. Бирок адатта борбордо мындан да көп болот. Себеби Ооганстандан келе жаткан жана ал жакка кетип жаткан аскерлер ушул жактан өтөт.

Ооганстандан кайтып жаткан аскерлер
Ооганстандан кайтып жаткан аскерлер
Борбор жетекчисинин маалыматында, Ооганстанга учкан учактардын 30 пайызына ушул борбордон май куюлат. Ошондой эле бул борбор аркылуу бир айда 11 миллион фунт жүк ташылып, бир күндө 2 миңдей аскер келип кетет экен.

Борборго барган конокторду негизинен жүк ташуу борбордогу күнүмдүк аскерлердин тиричилигинен тартып, анын 2014-жылдан соңку тагдырына байланышкан суроолор кызыктырды.

“2014-жылдан соң да борбор Кыргызстанда калып калышы мүмкүнбү” деген журналисттердин суроосуна Мартин бир чети тамашалай, бир чети чын “бул кыргыз президентинин колундагы иш” деп жооп берди.

Ал эми журналисттерди коштоп жүргөн, АКШ элчилигинин атын атагысы келбеген өкүлү 2014-жылдан соң да борборду Кыргызстанда калтыруу боюнча иштер жүрүп жатканын, ал аягына чейин улантыларын билдирди. Анын айтымында, Ооганстандагы кырдаал турукташканча АКШ бул өлкөдөгү аракетин уланта берет. Мындай жардамды камсыз кылыш үчүн Ооганстанга жакын өлкөлөрдө жайгашкан борбор керек.

Ошондой эле журналисттер АКШнын аба базасы болуп турган тушта базадагы учактар тарабынан Кыргызстандын аймагында керексиз күйүүчү майды төгүү учурлары болгондугун белгилешип, мындан ары бул маселе кантип чечилип жатканына кызыгышты.

Транзиттик борбор ичиндеги ашкана
Транзиттик борбор ичиндеги ашкана
Борбордун директорунун орун басары Кевин Литтлмур мындай жооп кайтарды:

- 2007-жылдан бери Кыргызстандын аймагында бир да жолу күйүүчү май төгүлгөн жок. Акыркы жолу 2007-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү тоолуу аймакка аргасыз төгүлгөн болчу. Негизинен эле май төгүү кооптуу учурларда акыркы чара катары колдонулат.

Транзиттик борбордун иши менен таанышуу учурунда ал жактагы тейлөө тармагында иштеген Кыргызстандын жарандарына жолуктук. Алардын бири, 42 жаштагы Гүлзат айым 2 жылдан бери ашканада официант болуп иштейт экен. Гүлзаттын "Азаттыкка" маалымдашынча, борбордо иштеген кыргызстандыктарга мамиле жакшы:

- Булар абдан маданияттуу келишет эмеспи. Ошондон улам иштешүү, тил табышуу анча деле оор эмес. Болгону тил билип, өз ишиңди билсең эле болду. Мен мурда мугалим болчумун. Союз тараганда айлыктын аздыгынан ар кандай жумушта иштеп калгам. 5 балам бар. Анан бул жакта жумушка орноштум. Шарттары жакшы. Өз милдетиңди аткарсаң эле болду. Эми аскердик объект болгон соң өзүнүн тартиби бар.

Кыдыруу мезгилинде Ооганстандан келип, АКШга сапар алып жаткан аскерлерге да жолуктук. Алар кооптуу аймактан аман-эсен чыгып, өз үйлөрүнө кайтып жатканына кубанычын жашыра албай турушту. Алардын бири теги филиппиндик, бирок Техаста өскөн 22 жаштагы Элли Роункелли буларды айтты:

Ооганстанга учкан учактардын 30 пайызына ушул борбордон май куюлат
Ооганстанга учкан учактардын 30 пайызына ушул борбордон май куюлат
- Кыргызстанга келгениме эки эле күн болду. Ооганстандагы кызмат өтөө мөөнөтүм бүтүп, үйүмө баратам. Эки күндөн кийин АКШга жол тартабыз. Үй-бүлөмдү абдан сагындым. Кыргызстанга келген соң бул жакта иштеген жергиликтүү тургундар менен сүйлөштүк, алардан бул өлкө тууралуу көп нерсени билдим. Кыргызстан мага жакты.

“Манас” аба майданындагы АКШнын аскер базасы 2001-жылы Ооганстандагы терроризмге каршы күрөшкө жардам берүү максатында ачылган. Андан соң 2009-жылы макамы өзгөртүлүп, транзиттик жүк ташуучу борбор аталып калган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден бери 2014-жылы келишим соңуна чыккандан кийин борбор жабылышы керек деген пикирин айтып келатат. АКШ болсо бул боюнча сүйлөшүү улантыларын билдирүүдө.

Сүрөт баянды толугу менен бул жерден көрүңүз.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG