Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:47

АКШ Кыргызстандан азык-түлүк сатып алат


"Манас" аба майданында жайгашкан АКШнын транзиттик жүк ташуучу борбору Кыргызстанга пайдалуу бизнести сунуш кылууда.

Ооганстандагы коалициялык күчтөр Кыргызстандан азык-түлүк сатып алууга кызыкдар экенин АКШнын элчиси Памела Спратлен билдирди. Аталган борбор айына 300 миң порция тамак-аш керектейт. Бирок америкалыктар зарыл көлөмдү жана мыкты сапатты талап кылууда. Кыргызстандык ишкерлер ушундай мүмкүнчүлүктү пайдаланa алышабы?

Буга чейин жабык болуп келген маалыматтарды АКШнын транзиттик жүк ташуучу борбору 24-апрелде ачыкка чыгарды. Борбор күнүнө канча азык жана канча өлчөмдө керектелерин айтып тим болбостон, мындан ары Кыргызстандан сатып алуу ниетин билдирди.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен азык-түлүктү Кыргызстандан сатып алуудан унаа чыгымдары да азайып, эки тарапка тең пайда алып келет деп ишендирди:

- Транзиттик жүк ташуучу борбору Ооганстандагы эл аралык каолиция үчүн өтө маанилүү жай болуп саналат. Бул жүк ташуу борборго айына 300 миң порцияга жакын азык-түлүк сатылып алынат. Мындай тизмеге жашылча, эт, суу жана нан кирет. Мына ушул азык-түлүктөрдү жана башка кызматтарды Кошмо Штаттардын аскерлери, айрыкча биздин борбордук командачылык Борбор Азия аймагынан сатып алууга маани берип жатат.

Буга чейин транзиттик борбор менен айрым гана жергиликтүү ишканалар алака түзүп, алардын ортосунда кандай соода-сатык болуп жатканы сыр бойдон келген эле. Ошондуктан мынча ири өлчөмдөгү азык-түлүк сатып алууга белсенип жатканы кыргыз ишкерлерине жагымдуу кабар болуп калды. Буга улай транзиттик борбор жергиликтүү куруучуларды жана ишканаларды кызматташууга чакырды.

Бул окуя аскерий операциялар үчүн ачылган транзиттик борбор эми бизнестин чордонуна айланышы мүмкүн деген ойго түртүүдө. Быйыл жаз алды менен Вашингтондон ат тезегин кургатпай каттаган даражалуу өкүлдөрдүн мөөнөтү 2014-жылы соңуна чыга турган транзиттик борборду жарандык багытка бурууга болгон далалаты эмеспи?

Ишкерлер сындан өтөт

Кыргызстандагы ишкерлердин башын бириктирген соода-өндүрүш палатасынын вице-президенти Амангелди Давлеталиевдин айтымында, жүк ташуу борборуна өз продукциясын саткысы келген ишканалардын саны огеле көп:

- Мына бүгүн өз потенциалы бар ишкерлердин баары чогулуп, азыр ар бири өз продукциясын көрсөтүп жатат. Мына ошондон тандалып алынгандар гана бул борбор менен кызматташуу укугуна ээ болушат.

Тек гана алардын америкалык сапат стандарттарына төп келиши шарт. Себеби жергиликтүү ишкерлердин көпчүлүгү Американын стандарттарына жооп берүүгө али даяр эмес деди Давлеталиев:

- Азырынча кайсы ишкерлерди тандап алаары белгисиз. Алардын талаптары абдан эле күчтүү экен. Эл аралык сапатты аныктай турган сертификат жана башка бир нече документтер талап кылынат. Биздин ишкерлер мына кандай документтер керек экенин үйрөнүшкөн соң гана кайсы фирмалардын тандалып алынаары белгилүү болот.

Анткен менен жогорку талап кыргыз бизнесин жаңы белеске алып чыгат деп жатышат. Маселен, "Кыргыз концепт" компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев борбордун ири өлчөмдөгү азык-түлүктү сатып алуу талабы жергиликтүү ишкерлердин сапаттуу товар чыгаруусуна түрткү болушу мүмкүн деп ишенет:

- Биздин өлкө агрардык өлкө болуп саналат. Мына ошондуктан жүк ташуучу борборду күнүмдүк керектөөчү товарлар менен камсыз кылууга болот. Ошондуктан айыл чарбасында иштеген фермерлердин өндүрүшүн жаңы деңгээлге чыгарат. Себеби булар сапаттуу товар талап кылышат. Биздин фермерлер да алардын талабына жооп берүү үчүн сапаттуу товар чыгарууга умтула башташат.

Транзиттик борбордун бизнес сунушу жарыяланаар замат жергиликтүү ишканалар менен катар чет элдик ишканалар жарышка чыгуу ниетин билдиришти. Алардын арасында түркиялык "Сабырлы" фирмасынын директору Салих Эскин да бар:

- Биздин ишкана Европа жана Азиядагы бир катар мамлекеттерде ушул сыяктуу долбоорлорго катышып келебиз. Алардын арасында бүгүнкүсүн абдан ири сунуш катары кабыл алып жатабыз. Себеби мындай сунуштар жеке ишкерлер үчүн да, өлкө үчүн да абдан эле пайдалуу долбоор деп билебиз.

2001-жылы Ооганстандагы антитеррордук максаттан улам Бишкектин этегинде ачылган аскер базасы кийин транзиттик жүк ташуучу борбор атын алган. Бул борбор аркылуу Ооганстанда кызмат өтөгөн миңдеген аскерлер ары-бери өтүп турат. Кыргызстан ижара акысына жылына 150 миллион доллар алат. Былтыртан бери жаңы бийликтер 2014-жылы бул борбордо бир да аскер адамы калбоого тийиш деген позициясын билдирген.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG