Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

АКШнын аскер техникасын алууга даярдыкпы?


АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарганда Кыргызстанга айрым аскерий техникаларын калтырышы мүмкүн.
АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарганда Кыргызстанга айрым аскерий техникаларын калтырышы мүмкүн.

Кыргызстанда аскер техникасын алып келген мамлекеттик мекемелерди салыктын бардык түрүнөн бошотуу каралууда.

Бир катар серепчилер, бул кадамды 2014-жылы Ооганстандан АКШ өз аскерлерин чыгарган соң Кыргызстанга айрым аскерий техникаларын калтыруу убадасына даярдык катары божомолдоодо.

Мыйзамга муктаждык

Мамлекеттик мекемелер сатып алган аскерий техника жана курал-жарактарды салыктардан куткарууну көздөгөн мыйзам долбоорун Коргоо министрлиги жана
күч органдарынын суранычы менен парламент депутаттары иштеп чыккан. Анын демилгечилеринин бири, парламенттин коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Токон Мамытов мыйзамды кабыл алуу муктаждыгын “Азаттыкка” төмөнкүчө түшүндүрдү:

-Биздин Коргоо министрлиги, ИИМ жана УКМК сыяктуу тартип сактоо жана коргоо органдары чет өлкөдөгү өнөктөштөрдөн суранып жатып жардам иретинде аскерий техника, курал жарак, байланыш техника алып жатат. Ошолордун баасын карап эле биздин салык кызматы менен чек ара кызматы салык төлөмөйүнчө, өлкөгө киргизбей кыйынчылык жаратып жатышат.
Негизинен мамлекет аскерий техника, курал-жарак алуу үчүн бир тыйын бөлбөйт. Анан ар кимдин тилин таап, бекер келген жардамды алып келүүдө кыйынчылык болбошу үчүн ушул мыйзам долбоорун иштеп, тиешелүү комитетте жактырдык.

Мамытовдун маалыматында, буга чейин чет өлкөлүк шериктер аскерий техниканы алып келип, бирок салыкты төлөөгө акча жок болгондуктан, аны өлкөгө киргизе
албай убара тарткан, а түгүл аны кайра алып кеткен учурлар болгон. Мындан улам жакынкы аралыкта мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш кароосуна коюлат.

АКШнын куралы акысыз киреби?

Ошол эле учурда бул кадамды айрым адистер АКШнын 2014-жылы Ооганстандан аскерлерин чыгарган соң Кыргызстанга айрым аскерий техникаларын калтырып
калса, аны салыктан бошотууга даярдык катары божомолдоп жатышат. Маселен, генерал Артур Медетбеков бул кадамды НАТО күчтөрү непаада Ооганстандан чыга баштаса, анын куралдары колго тийип калабы деген кыргыз бийликтеринин үмүтү деп баалады:

- Кокус НАТО аскерлери Ооганстандан чыгып кетсе, Орто Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга учкучсуз учактар, жаңы үлгүдөгү байланыш
аппараттары, бронотехникалар калышы мүмкүн. Муну менен биз ЖККУ мамлекеттерине салыштармалуу аскердик техникабызды бир кыйла оңдоп алышыбыз мүмкүн. Мындан улам ушундай жардам келип калса жеңил босун деп биздин бийликтер ушундай иштерин башташы мүмкүн.

Кошмо штаттарынын Борбордук командачылыгынын башчысы Жеймс Мэттис Кыргызстанга келген кезинде курал берүү жагы каралганын билдиргени бар.

Аны менен жолуккан Кыргызстандын коргонуу кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев “Азаттыкка” мындай деген эле:

- Меттис менен кездешүүмдө америкалык генерал бизге жардам иретинде Ооганстандан чыгарылып жаткан курал-жарактардан беришибиз мүмкүн, кайсы
курал-жарактар силерге керек болсо, тизмесин берсеңер, биз ошого карата карап көрөлү деген сөздөрүн айтты. Бизге “безпилотниктер” керек эле, себеби биздин жерибиз тоолуу, ашууларды көзөмөл жасаш оорураак, берсеңер бизге кыйла жеңил болот эле дедик.

Мыйзамды иштеп чыккандар чын эле АКШнын куралы берилип калса, мыйзамдык жеңилдик болоорун да танышпайт.

Кыргызстанда канча курал бар?

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, министрлик карамагында азыр 7,5 миңден ашуун курал-жарак, техника бар. Алардын 4 миңден ашууну унаа, 700дөй чопкутталган -брондолгон техника жана 70 миңдей артиллериялык техника, замбирек болуп эсептелет. Техниканын басымдуу бөлүгү Советтик армиядан калып, көпчүлүгүнүн колдонуу убактысы орточо эсеп менен 25 жылдан ашкан. Кыргызстан эгемендик алгандан бери бир да танк, учак, тик учак сатып алынган эмес.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Гүлнар Бирманова мындай дейт:

-Негизинен, өлкө бюджетиндеги каражаттын чектелгенине байланыштуу армияга аскердик техникага, каражат каралган эмес, бөлүнбөйт. Көбүн эсе
куралдарды ЖККУ линиясы аркылуу гуманитардык жардам катары алып келип жатабыз.

Бирманованын айтымында, маселен Жамааттык коопсуздук келишим уюму аркылуу Казакстан БТР, миномёттон жардам көрсөтсө, Орусия аскердик унаа, ок атуучу куралдардан кайрылышкан. Ошондой эле НАТО линиясы аркылуу АКШ менен Түркиядан түн ичинде көрө турган дүрбү, алдыңкы байланыш каражаттары өңдүү заманбап аскер буюмдарын тартууланган.

Ал эми жыл сайын бюджеттен бөлүнгөн 7 миллион сом аскердик техниканы оңдоп түзөөгө араң жетет. Улуттук Гвардиянын мурдагы колбашчысы Абдыгул Чотбаев кыргыз армиясынын курал-жарагын оңдоо зарылдыгына көңүл бурууда:

-Бүгүн армиянын абалына тезинен көңул буруш керек. Болбосо коңшулар Казакстан, Өзбекстан жада калса Тажикстан куралданууга кандай көңүл буруп
жатканын көрүп жатпайбызбы.Ошондуктан буга азыртадан көңүл бурбасак, эртең кеч болуп калат.

Ошол эле учурда сырттан келген аскерий-техникалык акысыз жардамдар “арзандын тузу татыбайт болуп” өз баасынан өтө ашыра айтылып, буга кошумча колдонуудан чыгып, эскирген курал-жарак экени айтылып жүрөт. Кыргызстан мындай жардамдын акыркысын ушул жылдын башында Орусиядан 500 миллион рублга баалап алган эле.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG