Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

АКШ аскерий техникасын кимге калтырат?


Кыргызстан АКШдан ашууларды көзөмөлдөө үчүн учкучсуз башкаруудагы учак берүүнү сураган.
Кыргызстан АКШдан ашууларды көзөмөлдөө үчүн учкучсуз башкаруудагы учак берүүнү сураган.

АКШ Ооганстандан чыкканда Борбор Азияда аскерий техникасын калтырышына Орусия каршы. Расмий Москванын азыркыга чейин байкаттырбаган бул турумун ушул аптада “Коммерсант” гезити ачыктады.

Кремлге жакын турган олигархтардын бири көзөмөлдөгөн басылма 15-июндагы санында дипломатиялык чөйрөдөгү булактарына шилтеме жасоо менен “Орусия үчүн мындай сценарий таптакыр кабыл алынгыс. Анткени ал биздин Борбор Азиядагы өнөктөштөрүбүз менен макулдашууларыбызга, ЖККУнун алкагындагы келишимдерге ачык каршы келет”, - деп белгилейт.

Бирок “Коммерсант” жазгандай, аталган уюмга мүчө өлкөлөр Москва Ульяновск шаарындагы аэропортту НАТОнун Ооганстандан чыгарылган жүктөрү үчүн өткөрмө бекет кылууну ЖККУ менен макулдашпай эле чечим кабыл алганын мисал тартып, АКШдан аскерий техника алууну макулдашууга толук укугу бардыгын айтышы мүмкүн.

Москвалык аскерий эксперт Павел Фельгенгауэр Орусиянын Борбор Азияда Батыштын аскерий техникасы ири өлчөмдө калышына каршылыгын төмөнкү себептер менен түшүндүрөт:

- Албетте Москвага бир нерсени бекер берип коюшканы эмес, сактоочу кампаларда бир нерсени калтырышары жакпайт. Москва үчүн ушул опурталдуудай сезилет. Себеби бул АКШнын Борбор Азиядагы аскерий туруму уланат дегенди туюндурат. Ал эми аскерий техника жана курал-жарак үчүн рынок катары Борбор Азия анчалык деле чоң эмес. Москванын Борбор Азия республикаларына жөнөткөн курал-жарагы көбүнесе бекер кетет. Акчасы барлар, алсак Казакстан заманбап куралды Орусиядан эмес, башка жактан сатып алууда. Бул жаатта Израиль менен кызматташтыгы бар. Президент Каримов да атайын аскер бөлүктөрү үчүн орусиялык эмес куралды сатып алып жүрөт. Маселе бул жерде рынок эмес, регионго геосаясий таасир жөнүндө жүрүп жатат.

“Коммерсант” гезити өз макаласында негизинен мурдагы советтик жана орусиялык аскерий техникага көнгөн Борбор Азияда АКШнын ири көлөмдө аскерий техникасы калса, тетиктерди да океандын ары жагынан алуу, адистерди ошол жактан окутуу зарылчылыгы жараларын, бул өз кезегинде орус танктары менен брондуу техникасы тейленген цехтердин жумушу азаярына алып келерине токтолгон.

Ашык эмес, керек жүк...

АКШ жана НАТО өлкөлөрү Ооганстандан жоокерлерин жана аскерий техникасын чыгарууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн темир жана унаа жолдорун пайдалануу акысынын бир бөлүгүн аскерий техника менен төлөшү мүмкүн деген кеп сөздөр бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр башталган жыл башынан бери эле жүрүүдө.

Сүйлөшүүлөр учурунда АКШдан аскерий техника сунуш кылып жатканын асыресе Кыргызстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрү жашырышкан эмес.

Бул маселе күн тартибинде турганын НАТОнун башка өлкөлөрү да билдиришкен.

Британиянын куралдуу күчтөр боюнча министри Ник Харви Дүйшөмбү шаарына февралда барганда буларды белгилеген болчу:

- Эгер ISAF мүчөлөрү түрдүү нерселерди калтырса, Ооганстан ар кыл куралдардын иретин таппай кыйналат. Биз Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен да сүйлөшүп, куралдардын кайсынысы аларга зарыл экенин аныктап жатабыз.

НАТО Борбор Азия өлкөлөрү менен Ооганстандан чыгуудагы транзит боюнча макулдашууга жетишкенин жакында жарыялады.

Дүйшөмбүлүк саясат таануучу Саймудин Дустовдун пикиринде, аскерий бюджеттери чектелүү экендигин эске алганда жардам же жол акысы үчүн берилүүчү батыштык үлгүдөгү аскерий техникага Тажикстан да, Кыргызстан да муктаж. Бирок мунун көпчүлүгү Өзбекстанга тийчүдөй:

- Албетте Тажикстанда Өзбекстан 2015-жылга карата ири көлөмдөгү аскерий техниканы, жарак-жабдыкты алып, Борбор Азиядагы эң кубаттуу аскерий держава болот деген камтамачылык бар. Мындай жагдай Ташкент менен бир топ талаш маселелери бар эки коңшусу: Тажикстан жана Кыргызстан үчүн жакшы эмес. Бул токочтун көбүрөөк кесиги Өзбекстанга тийип, аны Борбор Азиядагы кубаттуу аскерий державага айлантары талашсыз.

Былтыр күздө АКШ Конгресси Өзбекстанга аскерий жардам көрсөтүүгө тыюу салган санкцияны жойгон.

Тажикстандык саясат таануучу Саймудин Дустов кошумчалагандай, Өзбекстан учурда АКШ менен НАТО Ооганстандан чыкканда логистикалык кызматтын басымдуу бөлүгүн көрсөтүүгө умтулууда.

Муну Өзбекстандын темир жол каттамынын салыштырмалуу мыктылыгы жана Ооганстан менен түз байланышуусу да шарттоодо.

Кыргызстандын Коргоо министрлигиндеги Байкоочу кеңештин төрагасы Токтогул Какчакеев эгер АКШ жана НАТО тараптан аскерий техника сунуш кылынса, Бишкек да өз үлүшүн алып калышы керек деп эсептейт:

- Америкалыктар техникасын бизге таштап кетсе чоң эле жардам болот. Бирок бир маселе бар. Эгер алар бронетехникасынан таштаса, анын ок-дарысын бизге АКШдан алууга туура келет. Стандарт жагы өзгөрөт. Экинчи жагы - андай техника колубузга тийсе, биздин деңгээлибиз көтөрүлүп калат.

Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев жакында АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы Жеймс Мэттис Бишкекте болгондо өлкө кайсыл курал-жаракка муктаж экендиги боюнча тизме сураганын, Кыргызстан учкучсуз башкаруудагы аппараттардан берүүнү өтүнгөнүн билдирген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG