Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:50

АКШ Кыргызстанга алты объект куруп берет


Баткендеги чек арачылар.
Баткендеги чек арачылар.

АКШ Кыргызстандын чек ара кызматына алты объект куруп берүүнү чечти. Бирок алардын катарында Баткенде куруусу болжонгон машыгуу борбору жок.

Кошмо Штаттар Кыргызстандын Коргоо министрлигине жана Чек ара кызматына мурдатан бери эле жардамын берип келет. Маселен, АКШнын жардамы менен Токмокто, Кой-Ташта аскерлерге арналган бир катар объекттер курулган.

Чек арачыларга жардам

Эми америкалыктар чек арачыларга казарма, чек ара бекеттерин курууну мойнуна алып жатышат. Ал курулуштардын арасында Чек ара кызматынын регионалдык штабынын имараты да бар.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жооптуу кызматкери Кристиан Райт бул курулуштар боюнча маалыматтарды тастыктап, бирок алардын арасында Баткенде курулушу болжонгон машыгуу борбору жок экенин белгиледи. Райт ошондой эле курула турган объекттерде америкалыктар болбой турганын кошумчалады:

- Ал жерлерде америкалыктар болбойт. Ал баңгизаттарын ташууга каршы күрөшүүгө жана чек арачыларга жардам берүүгө багытталган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан алдындагы Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов курула турган объекттер боюнча мындай маалымат берди:

- АКШнын Борбордук командачылыгы менен байланышыбыз бар. Ошолор менен биргелешкен долбоордун негизинде 2000-жылдан бери бизге жардам көрсөтүлүп келатат. Азыркы пландарыбыз боюнча Баткенде, Ала-Бука чек ара тобунун аймагында ошондой курулуш жүргүзүү пландары түзүлгөн.

Америкалыктар бул ирет баштай турган курулуштар Бишкек менен Вашингтондун Транзиттик борбор боюнча жаңы сүйлөшүүлөрү башталган мезгилге удаалаш жүрө турган болууда. Транзиттик борбор боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталганын АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен айым өткөн жумаларда билдирген эле.

Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде Транзиттик борбордун тагдыры боюнча буларды билдирген:

- Бул менимче, орчундуу маселе. Биринчиден, Кыргызстандын кызыкчылыгын караш керек. Экинчиден, Ооганстандагы окуялар кандай болот? Кыргызстанга таасири кандай болот? Үчүнчүдөн, биздин бир топ дос мамлекеттер бар, стратегиялык өнөктөштөрүбүз бар. Алардын да көз карашын эсепке алыш керек. Баарын өлчөп-калчап туруп, Кыргызстан үчүн кандай туура болсо ошондой чечим кабыл алыш керек. Бирок негизинен мен Америка тарапка "Манаста" америкалык аскер базасы болбошу керектигин айткам.

Кыргыз президенти "Манасты" жарандык транзиттик борборго айлантып, ал аркылуу АКШга жардам берүүнү улантууга Кыргызстан даяр экендигин кошумчалаган.

Орусия акмалайт...

Кыргызстан менен АКШнын мамилесине Москва такай көз салып турат. Кечээ жакында эле Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Лукашевич “АКШ 2014-жылдан баштап Ооганстандан аскерлерин чыгаруусуна байланыштуу алардын "Манастагы" Транзиттик борборго муктаждыгы жоголот”, - деп билдирген.

Бирок АКШ менен Ооганстан стратегиялык өнөктөштүк боюнча макулдашууга жакында эле жетишти. Анда 2014-жылдан кийин да АКШнын аскердик базалары Ооганстанда кала бериши каралган.

Андан сырткары НАТО өлкөлөрү Ооганстанды кайра калыбына келтирүү боюнча иштерди күчөтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу жакында эле Германияга сапарга барган кыргыз депутаттары менен жолугушууларда маалымдалганын Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Токон Мамытов билдирген.

Ошондуктан Транзиттик борборго АКШнын кызыкчылыгы 2014-жылдан кийин жоголот дегенге ишенүү кыйын.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG