Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Бишкекте Украинага каршы акция өттү


Бишкектеги украин элчилигинин алдында өткөн пикет, 11-июнь 2014-жыл.
Бишкектеги украин элчилигинин алдында өткөн пикет, 11-июнь 2014-жыл.

Бишкектеги Украина элчилигинин алдында орусиячыл жарандар акция өткөрдү. Алар Орусияны жактап, азыркы украин бийлигин жана Батышты сындады.

Украина элчилигинин алдында өткөн акцияны Кыргызстандагы орустардын “Русский мир” коомдук бирикмеси уюштурду. Ага 50дөй адам катышты. Дээрлик көпчүлүгү 60тан өткөн пенсия курагындагы жарандар. Колуна “Фашизм кайталанбашы керек”, “Батыш, Украинадан колуңду тарт!”, “Киев, согушту токтот!” деген жазууларды көтөргөн акция катышуучулары Украина бийлигинен өлкө чыгышындагы аскердик операцияларды жана Орусияны күнөөлөөнүү токтотууну талап кылышты.

Украинадагы соңку окуяларга АКШ баштаган Батыш өлкөлөрүнүн тиешеси бар деп айыпташты. Акциянын талаптары тууралуу уюштуруучулардын бири Надежда Лодажанская:

- Украинада боордош эл бирин бири өлтүрүп жаткан согуштун эч кимге кереги жок. Бул саясатчылардын гана оюну. Жөнөкөй, тынч жарандар жабыр тартып, каза болуп жатат. Батыштан келген душман күчтөрдүн аралашканы себеп болууда. Алар Украинаны өз эрежелери менен ойнотууга аракет кылып жатат. Кандай гана саясат болбосун, жергиликтүү калк өз тагдырын өзү аныкташы керек.

Лодажанскаянын айтымында, акцияга чогулгандар Крымдын Орусияга кошулушун кубаттайт жана мындай жол менен орус президенти Владимир Путин Крымды жарандык согуштан сактап калды деп эсептейт:

- Путин Орусияны эле эмес, бүткүл дүйнөнү башкарууга татыктуу. Анткени ал бир нече жолу согуштарды токтоткон.

Пикетке чыккандар аларды Кыргызстандагы украин улутундагылар да колдоорун айтты. Бирок мындай пикирге каршылар да бар. Бишкектин тургуну Александр Миколайчук акцияны украиналыктардын атына жамынып алып Орусия пропагандасына сугарылган активисттер уюштуруп жатат деген пикирде:

- Украинадагы окуяларды орус телеканалдарынын баары бир тараптуу, үгүт толгон маалымат менен чагылдырууда. Жөнөкөй эл ага ишенип жатат. Бүгүнкү акцияны деле атайын уюштурушту. Орусия бийлиги башка өлкөнүн жерин күч менен басып алып, эми орус тилдүүлөрдүн колдоосуна ээ болуш үчүн ушундай иш-чара уюштурду.

Нааразылыкка чыккандар Украинанын жаңы шайланган президенти Петро Порошенкого жолдонгон атайын кайрылууну элчиликке тапшырмай болду. Бирок элчилик өкүлдөрү аларга чыккан жок.

Ал ортодо Кыргызстандагы бир катар жарандык активист, саясатчылар өлкө бийлигинин Украинадагы окуялар боюнча позициясын сындап чыкты. Алар Порошенкого расмий куттуктоо али күнчө жиберилбегенине нааразы болуп, өз атынан интернет аркылуу куттуктоону чечишкен. Алардын бири, өлкөнүн мурдагы Баш прокурору Кубатбек Байболов:

-Украина легитимдүү жол менен президентин шайлады. Биз эки ыңкылапты баштан өткөргөн өлкө катары мамлекет башчыларыбыз куттуктоо жолдошу керек эле. Бирок Орусияны карап кылчактап, куттуктай албай отурат. Коңшу Казакстан, Беларустун өлкө башчылары өз позициясын билдирип, инаугурациясына катышты.

7-июнда өткөн инаугурацияга Кыргызстан катышкан жок. Андан бери президент Алмазбек Атамбаев да куттуктоо жибере элек. Мунун себебин сурап "Азаттык" президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковго кайрылды:

- Биринчиден, президент соңку иш сапарларынан кийин эс алууга чыккан. Куттуктоону ушул күндөрү жиберебиз. Бул нерседен трагедия кылбашыбыз керек. Экинчиден, бизде да ушундай учур болгон. 2010-жылы ыңкылап болуп, Роза Отунбаева президенттикке киришкенден кийин булар бир айдан кийин куттуктоо жөнөктөн. Муну да эске алуу керек.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Украинадагы окуялар боюнча бир нече билдирүү тараткан. Анда өлкө чыгышындагы чатакты сүйлөшүү жолу менен чечүү керектиги айтылган. Ал эми Крымда 16-мартта өткөрүлгөн Орусияга кошулуу боюнча референдум "регион калкынын көпчүлүгүнүн эрки жана реалдуулук" деп бааланган болчу.

Украинада быйыл март айында бийлик оппозициянын колуна өтүп, мурдагы президент Виктор Янукович Орусияга качып кеткен. Өлкө чыгышындагы Донецк, Луганск облустарындагы орусиячыл жикчилер өз алдынча болуу талабы менен жергиликтүү бийликти басып алган. Бул аймактардагы өкмөттүк күчтөр менен жикчилердин кагылышы дагы эле уланууда. Расмий Киев "жикчилерди Орусия колдоп жатат" деп күнөөлөп келет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG