Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:16

КСДП жаштары Салимовго каршы чыкты


Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимов
Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимов

Бийликтеги партиянын жаштар канаты партиялашы Турсунтай Салимовду депутаттыктан четтетүү сунушу менен чыкты. Жаштар бул кадамга депутатка тиешелүү оюн-зоок жайдан сойкукана чыкты деген ИИМдин маалыматынан кийин барышкан.

Демилгечилердин максаты - партияны ичтен тазалоо жана беделин көтөрүү. Бирок бул өз кезегинде бийликчил партиянын “кожокөрсүн” саясаты деп да сыпатталууда.

Социал-демократтар партиясынын жаштар канаты жазган кайрылууда “Прадо” көңүл ачуучу борборунан сойкукана табылганына байланыштуу Салимовдун Жогорку Кеңеште иштөөгө моралдык укугу жоктугу, иликтөө бүткөнгө чейин мандатын тапшырышы зарыл экени жазылган. Сойкуканага тиешеси бар экени далилденсе, КСДПнын мүчөлүгүнөн чыгышы керектиги да белгиленген. Жаштар канатынын өкүлү Ренат Самудинов буларга токтолду:

- Коомчулукта партиянын беделин түшүргөн окуялар орун алууда. Дегеле айрым депутаттар мамлекеттик түзүлүшкө да зыянын тийгизип жатат. Депутаттардын ушундай кылык-жоруктарын жөн калтырбай, коомдук сынга, талкууга алып чыгуу керек. Ушул максатта бийликтин бардык бутактарына, партия жетекчилигине жана саясий кеңешке кайрылуу жасадык.

Жаштардын кайрылуусу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимовдун пикирин угууга мүмкүн болбоду. Ал буга чейин "Прадо" эс алуу жайын ижарага бергенин айтып, андагы сойкуканага тиешеси жоктугун билдирген болчу.

- Ал жерде эч качан сойкукана болгон эмес. Бул таза эле саясий заказ. Милициянын түнкү 11де рейдге барышы, эртеси маалымат каражаттарынын биринен сала бири жазышы менин душмандарым уюштурган иш экенин билдирет. Мен муну ким уюштурганын таап, сотто далилдейм. Милициянын, адамдардын кандай чагым иш кыларын жакшы билем.

Өткөн жумада милиция Жогорку Кеңеш депутаты Турсунтай Салимовго таандык делген оюн-зоок жайда жашыруун сойкукана иштеп жатканын аныктаган. Учурда сойкукананы иштеткендерге кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Социал-демократтар фракциясынын башка бир депутаты Ыргал Кадыралиева партиядагы жаштардын кайрылуусу боюнча мына буларды билдирди.

Депутат Ыргал Кадыралиева
Депутат Ыргал Кадыралиева

- Кандай болгон учурда да биз депутат Турсунтай Салимовдун пикирин да эске алышыбыз керек. Бул нерсе фракцияда да каралды. Эмне үчүн ушундай болду, Салимовдун күнөөсү канчалык деңгээлде дегендей маселер болду. Ал боюнча кесиптешибиздин дагы үнүн, фактыларын уктук. Эми бул боюнча фракция лидери Чыныбай Акунович фракциянын кийинки отурумунда өзүнүн конкреттүү пикирин айтат деп ойлойм.

КСДП жаштарынын тазалануу демилгеси түпкүлүгүндө туура экенин айтып, бирок ошол эле кезде алардын бул максатынан күмөн санагандар да бар.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, азыр оппозицияда жүргөн саясатчы Бегалы Наргозуев муну шайлоо алдындагы саясий оюн катары кабыл алды.

Саясатчы Бегалы Наргозуев
Саясатчы Бегалы Наргозуев

- Менин жеке оюмда бул шайлоо алдындагы КСДПнын үлкөндөрүнүн буюртмасы менен жасалган акция. Ошентсе дагы мындай акцияларды колдош керек. Жаштар канатына айтаарым: ошол КСДПнын ичиндеги башка "коррупционерлерди" да кет деп айтуу керек. Сарпашевдин айланасында канча ызы-чуу болуп жүрөт. Эгерде жаштар канаты чын эле тазалангысы келсе, бул өңдүү мүчөлөрүн да жумуштан кетсин деши керек. Ошондо мен чын ниеттен жасап жатышыптыр деп ишенет элем. Болбосо мен муну шайлоонун астындагы упай топтоо акциясы деп эсептейм.

2014-жылдын башында Социал-демократтар партиясы коррупцияга каршы күрөштү өз катарынан баштаганын айтып, мүчөлөрүн текшерип чыгуу үчүн 13 кишиден турган комиссия түзүлгөнүн жар салган. Бирок ал демилгенин жыйынтыгы коомчулукка белгисиз бойдон калды.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG