Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:57

Арсен Эралиев: Лондон - чоң сыноо


Лондон олимпиадасына жолдомо алган спортчулардын бири - грек-рим күрөшүнөн Азия чемпиону Арсен Эралиев.

Жакында эле Финляндиянын борбору Хельсинкиде грек-рим күрөшүнөн олимпиадалык иргөө мелдешинде финалга чейин жеткен Арсен Эралиев экинчи орунду ээлеп, Лондон олимпиадасына жолун ачты.

Ал финалга чейин немис балбаны Зайдоф Цейхунду, армениялык Роман Амаянды жеңип, жарым финалда румын Монтуни Вергелди уткан. Финалда украиналык Вигар Рагумовго аз упай менен утулуп, күмүш медалга ээ болгон.

Лондон олимпиадасына биринчи жана экинчи орунду алган жеңүүчүлөргө жолдомо берилет. Ошол себептүү Эралиев олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргой турган балбандын бири болду.

"Олимпиадага жолдомо алган Арсен Эралиев ишенимди актап, Лондондо да мөрөй алып калышы мүмкүн", - дейт федерациянын вице-президенти Алмаз Касенов.

"Учурда Арсендин даярдыгы дурус. Эл аралык бир нече мелдештерде сыналып, такшалуудан өткөн эле. Биздин балбандардан Арсен Эралиев Лондон олимпиадасында ишеничти актап, байгелүү орунга жетип калышы толук ыктымал. Ал жаш, жүрөгү курч, абдан аракетчил. Лондон олимпиадасына барган бардык балбан байгелүү орунга жетип калышы толук мүмкүн",- дейт башкы устаты Эмил Алыкулов.

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов Арсен Эралиев тууралуу буларды айтты:

- Быйыл Стамбулдагы дүйнө чемпионатында Азия чемпиону Арсен Эралиев америкалык Спенсера Мангону жана венесуэлалык Хорхе Кардозону 3:1 эсебинде жеңген. Бирок чейрек финалда кытайлык Шужинге 2:0 эсебинде алдырып коюп, Арсен да Лондон олимпиадасына жолдомо албай калган. Ошондо Арсендин аракетин эл аралык Күрөш федерациясынын жетекчилери байкап, ушул жигитке көңүл буруу керектигин айтышкан. Эми Лондон олимпиадасына жакшы даярдык көрсө, Арсен Эралиев байгелүү орунду жеңип алышы толук мүмкүн. Мен бул жигитке ишенип турам.

Талыбаган, арыбаган Арсен

Лондон олимпиадасына жолдомо алган Арсен Кадырбай уулу Эралиев 25 жашта. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында туулган. Грек-рим күрөшүнөн эл аралык спорт чебери.

Былтыр Кыргыз мамлекеттик дене тарбия Академиясын бүткөн. 12 жашынан бери грек-рим күрөшү менен машыгат. Биринчи устаты - өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Камбар Исмаилов.

Арсен Эралиев жана Кабыл Макеш
Арсен Эралиев жана Кабыл Макеш
Бишкектеги республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынан билим алган. 2006-жылы Бангкокто Азиянын уландар арасында чемпиону болгон. 2007-жылы Филиппиндер өлкөсүндө жаштар арасында Азиянын чемпиону аталган. 2007-жылы Бээжинде жаштар арасында дүйнө биринчилигинде коло байге уткан. 2008-жылы Түркияда жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээлеген.

Былтыр Ташкенттеги Азия чемпионатында жеңил салмакта Арсен Эралиев бардык атаандаштарын жеңип, финалда өзбекстандык Илдар Хафизовду 8:0 эсебинде утуп, Азия чемпиону аталган.

Быйыл жазында Польшанын Рада шаарында өткөн эл аралык турнирде Азия чемпиону Арсен Эралиев биринчи орунду камсыз кылды. Ал финалда болгар балбаны Венелин Венковду утуп, дүйнөлүк күрөш адистеринин көңүлүн бурган.
Бир нече эл аралык Гран-при турнирлерде жеңүүчү болгон. Өлкөнүн көп жолку чемпиону.

Арсен Эралиев беш бир туугандын улуусу. Иниси да грек-рим күрөшү менен машыгат.

"Бегалиев мен үчүн үлгү"

Лондон олимпиадасындагы күрөштөргө калыстык кыла турган, өлкөгө эмгек сиңирген машыктуучу Кочкорбек Кулматовдун пикиринде, олимпиадалык таймашууларда Арсен Эралиев мыкты балбандардын катарына кошулушу мүмкүн.

Улуттук спорту өнүктүрүү борборунун жетекчисинин орун басары Касымкул Оболбеков "Лондондо Данияр Көбөнов менен Арсен Эралиев гана кыргыз өңүн таанытып, намыска жарайт", - дейт.

Арсен Эралиев “Азаттыкка” курган маегинде чоң атасы балбан болгонун, балык уулоону жактырарын айтып берди:

- 12 жашымда келдим. Камбар Исмаилов агайым жаңыдан шаардан келип, мен курактуу балдарды ала баштады. Бир жылдан кийин ордо калаадагы окуу жайга өзү алып келип, тапшырып кетти. Ошо кезде жакшы көрсөткүчтөргө жетише баштаган элем.

- Эмнеге грек-рим күрөшүн тандап алдыңыз?

- Биздин Өзгөрүш айылында эркин күрөштүн машыктыруучусу болгондо эркин күрөшкө барып калмакмын. Өзүм да ыктап жүргөм. Андай болбогондуктан грек-рим жагына ыктап кеттим. Азыр да биздин айылдын балдары грек-рим менен шугулданышат. Өзгөчө айылдаш Бегалиев Канат байке Бээжин олимпиадасында күмүш медаль жеңип келгенден кийин артында өсүп келаткан жаш муундарга ушунчалык дем болду. "Кыргыздардан деле олимпиаданы багынтса болот турбайбы?" деген жарык маанай жаралды. Мага да Бегалиев үлгү, анын күрөшкөнү мага жагат.

Лондондо эң негизги атаандаштарым ирандык, азербайжан, жапон, кореялык, украиналык жана орусиялык балбандар болот. Учурда Ысык-Көлдө машыгып жатабыз. Олимпиаданын алдында Украинадагы күрөш борборунда бир нече мамлекеттин балбандары менен чогуу машыгуу өткөрөбүз. Бош убактымда тоого чыгып, балык уулоону жактырам.

Чоң атам балбан болгон экен. Кыргыз күрөшүндө далай мөрөй алган дешет. Беш бир туугандын улуусумун. Үч эркек, эки кыз. Бир иним менен жолумду жолдоп, айылда күрөшүп жүрөт.


Кыргызда "аккан арыктан суу агат" деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, чоң атасы балбан болгон Арсен Эралиев Лондон олимпиадасында чемпион болсо деген тилектебиз.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG