Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:35

Арсен Эралиев - Азия чемпиону


Арсен Эралиев, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон учур, 2009-жылдын 29-январында тартылган сүрөт.
Арсен Эралиев, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон учур, 2009-жылдын 29-январында тартылган сүрөт.

22-майда Ташкентте эркин жана грек-рим күрөшүнөн Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мында кыргызстандык балбандар 1 алтын, 4 коло байгелүү болду.

Ташкенттеги мелдеште жеңил салмакта Арсен Эралиев бардык атаандаштарын жеңип, финалда өзбекстандык Илдар Хафизовду 8:0 эсебинде утуп, Азия чемпиону аталды. Азия таймашында кыргызстандык жети жигит күч сынашып, алардан Иннокентий Иннокентьев менен Айбек Усупов үчүнчү орундарды ээлеген.

Кыргызстандын Эркин күрөш федерациясынын өкүлү Касымкул Оболбековдун айтымында, Ташкенттеги Азия чемпионатында кыргызстандык жаш балбандар сынактан өттү.

- Кыргызстандык мыкты балбандар Азия чемпионатына катышкан жок. Себеби алар күзүндө Стамбулда өтө турган дүйнө чемпионатына даярдык көрүшүүдө. Бул ирет жаш балбандарды сынап көрүү үчүн Ташкентке экинчи катардагы жигиттер барышты. Иннокентий Иннокентьев менен Айбек Усупов мыкты даярдыгын көрсөтө алды. Ильгиз Жакыпбеков менен Айаал Лазарев колунда турган коло медалды уттуруп жиберди. Кыргызстандык балбандар жоон ортодо жүрүп, дурус ийгиликтерге жетти.

Ташкентте кыз-келиндер арасында эркин күрөштөн Азия чемпионатында кыргызстандык алты балбан кыз өлкө намысын коргоду. Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Байгазы Кенжебаевдин пикиринде, эркин күрөш боюнча жаш балбан кыздардан жеңил салмакта Мехрнисо Нурматова үмүттү актап, коло байгелүү болду.

- Кыздардан былтыр Азия биринчилигинде коло байгелүү болгон Мехрнисо Нурматовага да ийгилик жетип калышы мүмкүн деген божомол туура чыкты. Жеңил салмакта ал быйыл дагы үчүнчү орун үчүн күрөшүп, индиялык атаандашын утуп, үчүнчү орунду камсыз кылды..

Кыргызстандык кыз-келиндерден Яна Панова мурдакы Азия чемпионаттарында бир нече ирет күмүш жана коло медаль тагынган эле. Бул ирет ал өзбекстандык Гүлмира Исматованы утканы менен кытайлык Жао Вангдан жеңилип калды. Яна коло медаль үчүн таймашууда дагы монголиялык Одончимен Бадрахга алдырып койду.

Адаттагыдай эле кыргызстанык спорт күйөрмандарын сүйүнткөн грек-рим күрөшү боюнча машыккан жигиттер болду. Жеңил салмакта Арсен Эралиев бардык атаандаштарын жеңип, финалда өзбекстандык Илдар Хафизовду 8:0 эсебинде утуп, Азия чемпиону аталды.

Азиянын эки жолку чемпиону, Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев бул ирет өзүнүн 66 кг. салмагында күрөшпөй, 74 кило балбандар менен таймашка чыкты. Натыйжада Канатбек кытайлык атаандашын утканы менен ирандык балбанга аз упай менен алдырып койду. Андан кийин жапондук жигитти жеңип, бирок коло байге үчүн таймашууда өзбекстандык Азизбек Мурадовдон жеңилүү ызасын тартты.

Кыргыз балбандарынан Азиз Бейшалиев менен Азат Бейшебеков үчүнчү орун үчүн таймашууларда аз упай менен утулуп, арманда келишти.

Оор салмакта Мурат Рамонов жаштыгына карабай чеберчилиги менен таанылды. Ал өзбекстандык Сослан Франиевду утуп алды. Бирок кытайлык Менгу Мурат аны жеңип койду. Андан кийин коло медаль үчүн таймашууда казак балбаны Эсенгелди Жалгазбаевдин далысын килемге тийгизип, Мурат Рамонов үчүнчү орунду ээледи.

Өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти Бейшен Абилдаевдин айтымында, эми балбандар Стамбулда өтө турган дүйнө чемпионатында Лондон олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылышмакчы.

- Жаш балбандардын чеберчиликтерин өстүрүп, такшалдырып туруу үчүн эл аралык ири мелдештерге катыштырып, чет өлкөлөр менен биргелешкен машыгууларды өткөрүп туруу зарыл. Себеби Бээжин олимпиадасында Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев мөрөй алып, күмүш жана коло байге уткандан бери өлкөдөгү жаштардын көбү күрөшкө дилгир болушуп, таланттуу жаш балбандар жетилип келатат. Буга Ташкентте өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыктары далил. Ошондуктан быйылкы Стамбулда өтө турган дүйнө чемпионаты абдан маанилүү. Себеби 1-орундан 6-орунга чейин Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарылат. Балбандарды ушул дүйнөлүк таймашууга даярдап жатабыз.

Быйылкы чоңдор арасында дүйнө чемпионаты сентябрь айында Түркиянын Стамбул шаарында болмокчу. Жогоруда айтылгандай, бул дүйнөлүк таймашууда мөрөй алгандарга Лондон олимпиадасына жолдомо берилет. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү мыкты балбандар катуу даярдык көрүшүүдө.

Ташкенттеги Азия чемпионатында болсо 22 өлкөнүн балбандары күч сынашты.
XS
SM
MD
LG