Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:57

Арсен Эралиев Польшада биринчи орунду ээледи


Польшада өткөн эл аралык турнирде кыргыз балбандары мөрөй алды. Футзалдан Азия чемпионатына талапкерлер аныкталды.

Польшанын Рада шаарында өткөн грек-рим күрөшүнөн эл аралык турнирде кыргыз балбаны, Азия чемпиону Арсен Эралиев биринчи орунду жеңип алды. Ал 55 кило салмакта финалда болгар балбаны Венелин Венковду утуп, дүйнөлүк күрөш адистеринин көңүлүн бурду.

Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Канатбек Бегалиев түркиялык Васит Арзимановду жеңип, коло байгелүү болду.

Грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Максат Дайырбек уулу “Азаттыкка” курган маегинде балбандарды Европадагы мелдештерге катыштырып, алардын күрөш ыкмаларына көнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев, Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөнов, Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Жанарбек Кенжеев, Атай Койчукулов, Азис Бейшалиев, Мурат Рамонов, жаштар олимпиадасынын чемпиону Урматбек Аматов баштаган балбандардын бул ирет жолу болбоду.

Турнирге 30 өлкөнүн эки жүзгө жакын балбаны катышты.

Акыл таймашында Бишкек алдыда

Чолпон-Атада өткөн Курманжан датка жылына жана өлкө эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган тогуз коргоолдон эл аралык мелдеште Бишкек командасы баш байге утту.

Бул турнирдин жыйынтыктарын Тогуз коргоол федерациясынын вице-президенти Камчыбек Касымов “Азаттыкка” билдирди.

- Эркектердин арасында командалык мелдештерде жеңишке Бишкектин командасы ээ болду. Экинчи орунду Казакстандын командасы, үчүнчүнү Ысык-Көл облусунан жамаат алды. Кыз-келиндер арасында биринчи орунду Казакстандын курама командасы алды, экинчи орунга Чымкенттен команда ээ болду. Байгелүү үчтүктү бишкектиктер толукташты.

Тогуз коргоолдон жеке таймаштарда жигиттерден кыргызстандык Мирлан Кудайбергенов, кыз-келиндерден казакстандык Салтанат Сапарбекова мыкты оюнчу аталды.

Мелдешке Кыргызстан жана Казакстандан 100дөн ашуун улуттук спорт чебери катышты.

Коло байге колдо, эки жигит жарым финалда

Ушу тапта Түштүк Кореянын Инчхон шаарында бокс боюнча Азиянын чемпионатынын күч сынашуулары өтүүдө.

Ага кыргызстандык жети бокс чебери катышып, экөө жарым финалда беттешүүгө жолун ачты. Алар: Асылбек Назаралиев менен Анарбай уулу Абдилай.

Ал эми Медер Мамакеев, Мирбек Шеров, Эмил Абышкаев менен Максат Алибаев чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып калышты.

Орустардан көп нерсе үйрөнүп...

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы 26-сентябрдан 9-октябрга чейин Бакуда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу өлкөнүн башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов билдирди.

- Дүйнөлүк чемпионатка даярдануунун алкагында курамында 10 адамдан турган бокс боюнча биздин курама командабыз эки аптанын ичинде Ысык-Көлдө Орусиянын командасы менен биргелешкен машыгууларды өткөрдү. Орусиянын командасы абдан ыраазы болуп, Ысык-Көлгө ар жыл сайын машыгууларга келип турушаарын айтышты. Ошондой эле орусиялык тарап бизди Москвага жакын Чехов шаарындагы спорт базада бирге машыгууга чакырды.

Бокс боюнча Орусиянын башкы машыктыруучусу Николай Хромов:

- Биз Ысык-Көлдө машыктык, көл жээгинде чуркадык, баскетбол ойнодук. Бизге кыргыз бермети Ысык-Көл жана кыргыз ашканасы ырахат тартуулады.

Бул чемпионаттын жеңүүчүлөрү 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадага жолдомо алат.

Футзалдан Кыргызстан Азиянын финалына чыгат

Кыргызстандын футзал боюнча командасы 2012-жылкы Азия чемпионатынын мыктыларды иргеп алуу мелдештерине катышат. Азия футбол конфедерациясы талапкер өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Анда Азия чемпионатына катышуучулар 4 аймакка бөлүнүп, быйыл мыктыларды иргеп алуу таймаштарына катышат.

Футзал бирикмесинин жооптуу кызматкери Рыскелди Мусаев:

- Мында кыргызстандык футболчулар быйыл финалдык топто ойноп калышы ыктымал. Себеби өз аймагындагы 4 командадан биздин жигиттер мыкты даярдыгы, чебердиги менен айырмаланып турат. 4-5 футболчу Кытайдын командаларында ойноп, Азияга таанылды.

“Чыгыш” аймагындагы беттешүүлөргө Кытай, Түштүк Корея, Тайпей, Гонконг, Макао жана Монголиянын командалары катышат.

“Океан” аймагы деп аталгандар: Австралия, Таиланд, Индонезия, Вьетнам, Малайзия, Филиппин, Мьянма жана Камбоджа болуп бөлүндү.

Кыргызстандык футзалчылар “Борбор жана Түштүк” аймагына кирген Тажикстан, Түркмөнстан, Мальдив аралдарынын командалары менен мөрөй талашмак болду.

“Батыш” аймагында Ирак, Ливан, Кувейт, Катар, Бахрейн, Сирия, Палестина, Сауд Араб жана Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары күч сынашат.

Ошондой эле 2010-жылы Азия чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген Иран, Өзбекстан жана Жапониянын футзал командалары финалдык беттешүүлөргө түз жолдомо алышууда. Себеби ирандык футболчулар кичи футболдон Азиянын 10 жолку чемпиону болуп саналат.

2006-жылы Азия чемпиондугун жапон футболчулары жеңип алышкан. Аймактардан иргелген 16 команда финалдык беттешүүлөргө катышат.

Кыргызстандын командасы 2003-жылы футзалдан Азия чемпионатында коло байгелүү болгон.
XS
SM
MD
LG