Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:07

Кочкаров: Футболдо президентке да жан тартпайсың


Бахадыр Кочкаров (солдо), Равшан Ирматов (ортодо)¸ Абдухамидулло Расулов (оңдо)
Бахадыр Кочкаров (солдо), Равшан Ирматов (ортодо)¸ Абдухамидулло Расулов (оңдо)

ФИФАнын арбитры Бахадыр Кочкаров өзбекстандык Равшан Ирматовдун тобунда Бразилияда өткөн дүйнө чемпионатында беш оюнга калыс болду. Кочкаров кечээ Бразилиядан кайтып келип, "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Бахадыр мырза, ФИФАнын калысы катары Бразилиядагы дүйнөлүк чемпионатты тейлеп, кандай таасирлер менен келдиңиз?

Кочкаров: Бразилияда футбол биринчи орунда турат. 6 жаштан 90 жашка чейин топ тээп ойношот. Бул жолку дүйнөлүк чемпионаттын уюштуруу деңгээли, стадиондор Түштүк Африкага салыштырмалуу бир кыйла фантастикалуу болду. Футбол - илим эмес, бул адамдын жашоосу. Чемпионаттан эң сонун таасирлер менен келдим.

"Азаттык": Мурдагы чемпионаттан эмнеси менен айырмаланды, кандай өзгөчөлүктөр болду?

Кочкаров: Эл, күйөрмандар абдан көп келди. Мыкты деген командалар Италия, Испания, Англия чейрек финалга чыкпай кетишти. Бразилиянын өз жеринде жеңилип калышы, футбол дүйнөлүк деңгээлде өзгөргөнүн көрсөттү. Мен 1982-жылдан бери дүйнөлүк чемпионатты көрүп келем. Атам экөөбүз отуруп алып көрчүбүз. Ошол кездеги футбол менен азыркы футболдун айырмасы асман менен жердей, азыр бир топ өзгөрүүлөр болуп, футбол динамикалуу, тез ойнолуп, тактика, техникалык чеберчилик өстү. Сенсациялуу жеңиштер менен утулуштар болду.

"Азаттык": Бразилиядагы дүйнө чемпионаты башталганча эле ФИФА адистери, журналисттер даярдык начар, стадиондор толук бүтө элек деп сынга алышты эле. Жеринде көрүп келдиңиз, кандай экен?

Кочкаров: Алардын баары болбогон эле кеп болуп чыкты. Уюштуруу иши, стадиондор баары шайма шай экен. Тейлөө тармагы, баары жайында экен. Алар далилдей алышты. Мындай окуя Сочи олимпиадасынын алдында да айтылып, сынга алышкан. Орусия олимпиаданы мыкты өткөргөнүнө өзүңүз да күбө болуп келдиңиз да. ФИФА да Бразилияда өткөн чемпионатка жогору баа берди.

"Азаттык": Бразилиядагы футбол клубдарында, мектептеринде болуп, алардын иши менен тааныша алдыңарбы?

Кочкаров: Ооба, мүмкүнчүлүк болду. Бир ай бою Зиконун жеке менчик футбол клубунда практикалык машыгууларда болдук. 10-11 футбол талаасы бар экен. Бардык шарт түзүлгөнүнө күбө болдук. Балдар менен сүйлөштүм. Футбол алар үчүн бизнес. Фермер мыкты малды тандап, багып, саткандай эле мыкты футболчуларды жашында тарбиялап, Европанын клубдарына сатышат. Биздеги “Дордой”, “Абдыш-Ата” клубдары оюнчуларды башка жактан алып келбей, жаш балдарды тарбиялап, аларга шарт түзүп, чеберчилигин жогорулатып, ушул жолго түшүүсү керек.

"Азаттык": Келечекте технологиянын өнүгүшү менен футбол калысынын кереги жок болуп калбайбы?

Кочкаров: Сиз робот калыстар жөнүндө айтып жатсаңыз керек. Андай болбойт деп ойлойм. Футболчу менен калыстын ортосунда адамдык байланыш болушу керек. Футболду адамдар импровизация менен ойнойт. Ал эми калыстар үчүн өзүнчө 38-39 камера иштейт. Калыстык иш гитаранын ичке кылындай, өтө кылдаттыкты талап кылат. Калыстыктан тайсаң, кадырың түшүп, кийинки мелдештерге чыгарбайт.

"Азаттык": Бул чемпионатта бир топ футбол жылдыздары ойношту. Сиз калыстык кылып жаткан учурда алардын атак-даңкы алагды кылган жокпу?

Кочкаров: Оюн учурунда мен кимдир бирөөгө жан тартып, же кимдин кандай ойнооруна суктанып карап турбайм, менин милдетим оюнга калыстык кылуу. Мага ким талаага чыкканы маанилүү эмес, оюнчулардын эрежени так сакташы, калыстык милдетимди так, туура аткаруу маанилүү. Мен үчүн оюн талаасында эки гана форма бар: ак жана кызыл. Эгерде мен кимдин кандай ойноп жатканын ойлоно берсем, футболго кантип калыстык кылам? Ошондуктан, ким кандай ойноп жатат деп көз ирмемге да көңүл бура албайсың. Мен үчүн ким ойноп жатканы маанилүү эмес. Оюнду күйөрмандык көз менен эмес, калыстын көзү менен карашың керек, эч кимди бөлүп жара албайсың. Президент ойноп жатып да эреже бузса, сары айып кагазын берем. Мени дүйнө эли карап турат. Андыктан мен өз ишимди мыкты аткарууга аракет кылдым.

"Азаттык": 2018-жылы Орусияда өтчү дүйнөлүк чемпионатка калыстык кыла аласызбы? Же жаш курагыңыз жол бербей калабы?

Кочкаров: Тилекке каршы, 2018-жылы Орусияда өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка калыстык кыла албай калат экенмин. ФИФА калыстары үчүн жаш курак ченеми 45 жаш. Учурда мен 44кө чыктым. Бирок ФИФА өкүлү катары жана жөн гана футбол сүйүүчү, анын күйөрманы катары сөзсүз түрдө Орусиядагы матчтарды барып көрөм. Быйыл жана келээрки жылы футбол боюнча Азиянын чемпионатынын финалдык бөлүгү аяктаган соң калыстык карьерам бүтөт. Андан кийин жаштарга калыстык ишмердүүлүктүн сырларын үйрөтөм. Келечекте Кыргызстандын ФИФАда өзүнчө калыстар тобу болсо дейм. Ал үчүн таланттуу жаштар бар.

Футболду таштабайм. Бул менен тагдырым, өз билимимди, тажрыйбамды жаш муунга өткөрүп бергим келет, себеби, мен да өз кезегимде улуулардан үйрөнгөм. Бизде таланттуу калыстар аябай көп.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG