Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Кочкаров дүйнө чемпионатына калыстык кылат


ФИФАнын Кыргызстандагы калысы Бахадыр Кочкаров быйыл Бразилияда өтө турган дүйнө чемпионатында калыстык кылмай болду. 16-январда футзалдан өлкө чемпионатында Бишкектин “Булат” командасы топ баштады.

Эл аралык футбол федерациясынын Кыргызстандагы калысы Бахадыр Кочкаров быйыл жайында Бразилияда өтө турган дүйнө чемпионатынын финалдык беттешүүлөрүн тейлөөчү калыстардын акыркы тизмесине кирди.
Калыстардын тизмеси Швейцариянын Цюрих шаарында өткөн ФИФАнын калыстар комитетинин отурумунда жарыяланды. Ал тизмеге 43 өлкөдөн тандалган калыстардын 25 тобу жана 8 кошумча калыс кирген.
Футбол боюнча дүйнө чемпионатын тейлей турган 25 калыстар тобунун катарында өзбекстандык Равшан Ирматовдун тобу да бар. Бир нече жылдан бери Ирматовдун тобунда кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров иштеп келатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов кабарлады.

ФИФА калысы Бахадыр Кочкаров мындан мурдагы Түштүк Африкада өткөн дүйнө чемпионатында жана Лондон олимпиадасында калыстык кылганын “Азаттыкка” айтып, Бразилияга азыртан даярдык көрүп жатканын билдирди.

Жайында Бразилиянын бир нече шаарында өтө турган дүйнөлүк таймаш 13-июнда башталып, футбол күйөрмандары 64 беттешүүгө күбө боло алышат.
Футбол чемпионатынын ачылыш аземи жана алгачкы тушоо кесүү беттеши Сан-Паула шаарында болсо, финалдык таймаш бул өлкөнүн борбору Рио-де-Жанейро шаарындагы даңазалуу "Маракана" стадионунда болот. Бразилия футбол тарыхында экинчи ирет дүйнө биринчилигин өткөрүп жаткан бешинчи өлкө. Буга чейин дүйнө чемпионаты Мексика, Италия, Франция жана Германия өлкөлөрүндө эки ирет өткөрүлгөн.

Кыргызстандык калыстар Азия чемпионатын тейлейт

Кыргызстандын футбол боюнча калыстар тобу 2015-жылга Азия Кубогунун тандоо мелдештерин тейлемек болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” футбол федерациясынын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуев билдирди.
Кыргызстандык калыстар тобу 3-мартта Иран өлкөсүнө сапар тартышат. Иран-Кувейт беттешүүсүнө негизги калыстар катары Дмитрий Машенцов менен Тимур Файзуллин дайындалса, Замирбек Чыныбеков менен Сергей Грищенко аларга жардамчы болуп барат.

Эмил Кенжесариевди сабаган жигит 3 жылга эркинен ажырады

Казакстандын “Актөбө” командасынын чабуулчусу, кыргыз жигити Эмил Кенжесариевди сабаган Бейбит Узакбай үч жылга эркинен ажыратылды.

2013-жылдын август айында Алматы шаарында Эмил Кенжесариевди белгисиз бирөө сабап, ал башынан оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Кенжесариевге Израилде башына операция жасалып, учурда абалы дурус.

Футзал: "Булат" командасы алдыда

Футзал боюнча өлкө чемпионатынын кезектеги беттешүүсүндө Бишкектин “Булат” командасы “РСК-Налоговик” командасын 10:0 эсебинде утуп, топ баштап калды. Экинчи катарда “Дордой” клубу, үчүнчү орунда Талас шаарынын “Жетиген” командасы келатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG