Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:38

Бөтөн жерде бакыт издегендер көп


Эл аралык "Гэллап" сурамжылоо уюмунун изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан калкынын 16% башка өлкөгө көчүп кеткиси келет.

Чет жакка кеткиси келгендердин саны жагынан Кыргызстан Борбор Азия боюнча алдыга чыгыптыр. Биринчи кезекте алар жашоо шарты дурус мамлекетке кетип, турмушун оңдоп, жакшы жумуш табууну максат кылышат.

“Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Миграция департаментинин өкүлү Адилет Бейшеналиев, Социология илимдеринин доктору Кусеин Исаев жана Германияда иштеп келген Кайрат Итибаев.

“Азаттык”:
"Гэллап" уюмунун соңку изилдөөсү боюнча, Тажикстан калкынын 11%, Казакстандын 13%, Өзбекстан калкынын 5%, Түркмөнстан калкынын 6% чет өлкөгө кеткиси келет экен. Кыргызстанда кеткиси келгендердин саны көбүрөөк болуп, Борбор Азия боюнча алдыга чыгыптыр. Бул сан чын эле ошондойбу, канчалык ишенимдүү деп ойлойсуздар?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Кусеин Исаев: Эгерде статистикалык маалыматтарга карасак, бул айтылган сан чындыкка туура келет. Анын экономикалык, социалдык себептери бар. Эң башкысы бийликке, мамлекетке жана үй-бүлөсүнө болгон ишеничи азайууда.

Кыргызстанда ишенүү боюнча сурамжылоо уюштурганда биринчи орунга мечит, дин чыккан. Экинчиден, телеканал, радиолор, үчүнчүсү - президент. Азыр кыргыз армиясына, гезиттерге, жергиликтүү бийликке ишеним начарлаган.

Мен санап жаткандардын эң төмөнү – бул өкмөт. Андан тышкары жарандардын четке кеткенинен улам Кыргызстан да зыянга учурап жатат. Кыргыздар жалпы калктын санын алганда азайып кеткен. Акыркы кезде өзбектер, дунгандар, тажиктер көбөйгөн. Орустар, тескерисинче, азайды. Тилекке каршы биз өзүбүздө болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбай жатабыз.

Адилет Бейшеналиев: Чет мамлекетке, сыртка иштегени кетем дегендер бизге келет. Чындыгында эле эл арасында ушундай маанай бар. Бул жакта иштебейт элем, чет өлкөгө барып иштеп келем дегендердин саны көп. Мектепти бүтүп эле кетем дегендер да арбын.

Биз учурда эмгек рыногунун абалын карашыбыз керек. Жыл сайын жогорку, кесиптик окуу жайды бүткөн 100 миңдей киши, жаңы эмгек ресурстары чыгат. Ал эми биздин эмгек рыногунун көлөмү абдан аз болгондуктан, жаңы чыккан ресурстарды батыра албайт. Ошол себептүү башка жактан жумуш издеп кетип жатышат. Биринчи орунда Орусия, Казакстанга кетишүүдө. Кыргызстанда деле жумуш бар, бирок айлык өтө аз. Чет өлкөгө кеткиси келгендердин санынын көптүгү жумушсуздуктан жана маянанын аздыгынан болууда.

Кайрат Итибаев: Мисалы, Германия жөнүндө айта турган болсом, албетте ал жерде жашоо жакшы, коопсуздук, инфраструктура, билим алуу, медицина... Ал жакта билимин өркүндөтүп, андан ары ийгиликтүү иштеп калгандар арбын. Демократиялык, ачык өлкөдө чет өлкөгө чыгып, кайра келген нормалдуу көрүнүш. Ал адамдын өз эрки. Бирок ушул процессте да өкмөттүн мамлекетти өнүктүрүү багытында ролу болуш керек. Биринчиден, стабилдүүлүктү камсыз кылуу, экономиканы өнүктүрүү.

Чет өлкөгө кеткендердин көбү ошол жакта калышат. Кайра келгендери аз. Мисалы, менин өз кыялдарым, амбициям бар. Германияда мен жөн гана мигрант болуп, ал жактын коомуна сиңбейм. Экинчиден, бул жакка кыргызстандыктар, элим, туугандарым, үй-бүлөм, досторум деп келдим. Үчүнчүдөн, бул жакта балалыгым өттү, ошолорду эстедим. Эң негизги себептердин бири - суу жана күн.

XS
SM
MD
LG