Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Жумушсуздукту кантип азайтабыз?


Жумуш издеп, Бишкекке келгендердин так саны белгисиз.
Жумуш издеп, Бишкекке келгендердин так саны белгисиз.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калктын жарымы жумушсуз. Бул көрүнүштүн себептери, аны жоюу аракеттери, миграция маселеси "Арай көз чарай" талкуусунда айтылды.

Талкууга Эмгек, миграция жана калкты ишке жайгаштыруу министрлигинин статс-катчысы Тынычбек Табылдиев жана Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика" фракциясынын мүчөсү Нурбек Алимбеков катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:






“Азаттык”: Тынычбек мырза, кечээ сиздердин министрлик тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калкынын жарымы жумушсуз. Бул көрсөткүч өтө эле көп эмеспи?

Табылдиев: Кыргызстанда бүгүнкү күнү жумушсуздуктун деңгээли 8,2%, же башкача айтканда 103 миң киши жумушсуз дегенди билдирет. Булар бизге келип, расмий түрдө катталып, өкмөттөн жөлөкпул алып жаткандар. Ал эми биздин министрликтин райондордогу бөлүмдөрүнө кайрылып, бирок катталбагандар да көп.
Орусияда иш бар, айлыгы жакшы деген түшүнүк менен эле кетип атышат, ошол эле айлык менен ошондой эле иштер бизде да бар.

Мындан тышкары мурда кабыл алынып калган мыйзамдарга ылайык 5 сотик үлүш жери бар адам жумушсуз деп каттала албайт, ошондуктан 5 сотик үлүш жери бар элеттиктер көбүнчө чет жактарга жумуш издеп кетишүүдө. Булар бизде катталган эмес.

2011-2012-жыл үчүн улуттук программаны эле алып көрөлү, бүт дүйнөдө мындай программаларда ички дүң продукциянын көлөмү, инфляциянын деңгээли жана сөзсүз түрдө жумушсуздуктун көрсөткүчү да айтылат, бизде болсо бул маалымат айтылбайт. Жумушсуздук өкмөттүн милдетинен сырт калып кеткендей.

Алимбеков: Мен курулуш материалдарын саткан компания түзгөм. Жеке ишкана болгону үчүн бизде мамлекеттик ишканаларга караганда айлык акыны бир жарым эсе көбүрөөк алышат. Ошого карабай бизде иштегенге жумушчулар жетишпейт. Өзгөчө жайкы мезгилде, апрель-май айларынан ноябрь-декабрь айына чейин жумушчулар жетишпейт.

Курулуш тармагына көп деле билимдин кереги жок, мисалы көбүнчө жүк түшүргүчтөр, ширеткичтер жетишпейт. Орусияда иш бар, айлыгы жакшы деген түшүнүк менен эле кетип атышат, ошол эле айлык менен ошондой эле иштер бизде да бар.

“Азаттык”: Тынычбек мырза, мына жеке ишкер иш кычаган маалда жумушчулар жетишпейт деп айтып кетти. Сиздер жеке болобу, мамлекеттик болобу ишканалар менен иштешесиздерби?
Жумушсуздук өкмөттүн милдетинен сырт калып кеткендей.

Табылдиев: Мыйзамга ылайык, биз ишканалар менен мамиле түзүп, алар менен сүйлөшүп, жумушсуздарды иш менен камсыз кылууга аракет кылып жатабыз. Андан тышкары бизден берилген лицензия менен элди жумуш менен камсыз кылуучу жеке компаниялар иштешет.

“Азаттык”: Нурбек мырза, сиз жумушчуларга зарыккан учурда Эмгек министрлигине кайрылган учуруңуз барбы?

Алимбеков: Жок, мен министрликке бир да жолу кайрылган жокмун, бардык учурда жумушка жайгаштыруучу компаниялар менен иштешип келе жатам, алар аркылуу көп эле адистерди, жумушчуларды табабыз. Анткени аларда жумуш издеген адамдар тууралуу бардык маалыматтар бар, телефондоруна чейин беришет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG