Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Бишкекти жарыксыз калтыра жаздаган сот чечими


Түнкү Бишкек
Түнкү Бишкек

Бишкекте жарым миллиондон ашуун абоненттин электр жарыгы өчүрүүгө кабыла жаздады.

Анткени Аламүдүн райондук соту “Түндүк электр” компаниясынын банк эсептерине бөгөт койгондуктан электр жарыгы үчүн төлөм жүргүзүү токтоп турат. Беш күн ичинде бул көйгөй чечилбесе, электр энергиясы өчүрүлө баштайт деп билдирди компаниянын маалымат кызматы. “Түндүк электр” ишканасы сот электр энергиясынын тарифине байланыштуу туура эмес даректелген доо арыз боюнча анын каржылык ишмердигине чектөө киргизгенин айыптоодо. Аламүдүн райондук соту болсо мыйзамдын талабы боюнча ушул чечимди чыгарууга мажбур болгонун жүйө келтирди.

Банк эсептери бөгөлгөндө

Аламүдүн райондук сотунун 13-октябрдагы чечими менен “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун бардык банк эсептерине бөгөт коюлган. Аталган компания бул тууралуу кезектеги күнүмдүк каржылык операцияларды жүргүзүүгө чектөө киргенден кийин гана билген. Териштире келгенде мындай чектөө керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу “Кыргыз Транс Контроль” коомдук уюмунун доо арызын канааттандырган сот чечиминин негизинде ишке ашканы белгилүү болгон.

Натыйжада ишкана абоненттердин төлөмдөрүн кабыл ала албай, кызматкерлердин маянасын бере албай калган. “Түндүк электр” компаниясынын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Мураталиева мындай каржылык абал узакка созулса, анын кесепеттери оор болоруна токтолду:

- Биз эсеп-кысап жүргүзө турган банктык эсептердин бардыгына бөгөт коюлган. Мындан сырткары соттун бөгөт коюу чечиминин алкагында жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорго мөөр басылып, жабылганы турат. Мындай чектөө чаралары жарым миллиондон ашуун абоненттин электр жарыгын өчүрүүгө алып келиши күтүлөт. Анткени алар төлөмдөрүн банк аркылуу жүргүзөт. Банк эсептерине төлөм түшпөсө, дебитордук карыздар топтолуп кетет. Жарандык-процессуалдык кодекстин талабы боюнча доо арыздын мөөнөтү болот экен. Андай болсо бул абал узакка созулуп, оор каржылык жана чарбалык жоготууларга алып келиши мүмкүн.

Керектөөчүлөрдүн укугу ушинтип корголобу?

“Кыргыз Транс Контроль” коомдук уюму электр энергиясынын тарифин төмөндөтүүнү талап кылып буга чейин райондор аралык сотко кайрылган. Бул коомдук уюм электр энергиясына коюлган тарифтин өлчөмүнө даттануу менен бирге эле “Түндүк электр” ишканасынын банк эсептерине жана мүлкүнө бөгөт коюу боюнча Аламүдүн райондук сотуна арызданган. Бирок райондор аралык сотто аталган доо арыз боюнча негизги иш карала элек болчу.

Аламүдүн райондук сотунун судьясы Төлөмүш Асылов бөгөт коюу чечими мыйзамдын талабы боюнча чыкканын белгиледи:

- Мына ошол райондор аралык сотто жаткан чоң бир иштин негизинде бөгөт коюу тууралуу арыз түшкөндүктөн аны ошондой тартипте карадык. Анткени мыйзамдын талабы боюнча мүлккө же банк эсептерине бөгөт коюу боюнча доо арыз түшкөн күнү кечиктирилбестен тез арада каралууга тийиш. Мына ошонун негизинде аталган чечимди чыгарган элек. Анан эми азыр облустук сотко апелляциялык арыз түштү да. Мына ошол чечимди карап, туура эмес болсо аны оңдоп туруп кайра чечим чыгарат. Аны эми бизден жогору турган сот гана айта алат.

Туура эмес дарекке жазылган доо арыз

Мыйзам боюнча арызды өндүрүшкө кабыл алууда анын соттук кароого жатары же жатпастыгы аныкталууга тийиш. Анда доогердин арызынын кайсы жоопкер тарапка даректелгени дагы көргөзүлөт деген талап бар. Бирок эмнегедир доогердин электр энергиясына тарифти аныктаган Отун-энергетика комплекси боюнча агенттикке доо койбостон “Түндүк электр” ишканасына доо койгону түшүнүксүз. Гуля Мураталиева доогердин арызын кароодо мына ошол жагдай эске алынбаганын айтты:

- Аталган коомдук бирикме өздөрүнүн айтымында, кардарлардын таламын талашат экен. Анткени ал уюм азыркы тариф менен макул эместигин айтып, көптөн бери ар кайсы сотко арызданып келгени буга чейин дагы жарыяланган. Бирок тарифти биздин компания аныктай албайт. Аны өкмөттүн алдындагы агенттик бекитет. Доогердин ага кайрылбай, бизге каршы арызданганы кызык. Доогердин арызын кабыл алып, карап жана анда келтирилген талапты канааттандырып чечим чыгарган сотко да таң калдык. Биз ал чечимди жокко чыгарууну сурап, облустук сотко кайрылдык. Бул жагдай боюнча прокуратурага дагы арыздандык.

Чүй облустук сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясы 16-октябрь күнү “Түндүк электр” ишканасынын даттануусун карап, Аламүдүн райондук сотунун жогоруда аталган доо арыз боюнча чечимин жокко чыгарды. Анткен менен сот өзүнүн чечими үчүн кайсы бир тарапка жооп бербейт. Бирок мамлекеттин карамагындагы компаниянын каржылык ишмердигине зыян келтирген сот чечими үчүн кандай жоопкерчилик болору мыйзамда көрсөтүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG