Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Бердикеев: Жетимиш тыйын жетет


2009-жылы 1 кВт. саат электр энергияга товар деген наам берилген.
2009-жылы 1 кВт. саат электр энергияга товар деген наам берилген.

Кыргызстанда тариф саясаты кайрадан талкууга түштү. Кечээ Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети бул маселени карап, электр энергиясынын баасын төмөндөтүүнү сунуштады. Мындан улам энергетика маселелери боюнча эксперт Бийназар Бердикеевди кепке тарттык.

“Азаттык”: Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи акыркы кезде тынымсыз өзгөрүп турууга ыкташып калды. Бааны улам өзгөртө бербей, бир калыпта кармап турууга мүмкүнбү?

Бийназар Бердикеев: Мүмкүн. Эгерде биз улам эле тарифти ойното берсек, анда социалдык маселелерди козгоп алабыз. Элди тынчытыш керек. Тариф көтөрүлөөр замат эл бузарлар пайда болот. Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү бар, энергетика жетиштүү. Кесипкөй инженерлер, жетекчилер иштеш керек.

“Азаттык”: Анын кандай жолдору бар?

Бийназар Бердикеев: Мына, мен сизге мисал келтирейин. 2014-жылы 14 млрд. 316 миллион кВт. саат электр энергия Улуттук электр тармактары ишканасына түшкөн. Ошолордон 1 миллиардга жакыны жоголду. Териштирүүнү ошол жактан башташ керек.

Экинчиден, төрт ААК бар: “Түндүк электр”, “Ош электр”, “Чыгыш электр” жана “Жалал-Абад электр”. Булар формасы боюнча жеке. Бирок эң көп энергия жоготуу ушуларда катталат. Эч ким, эч нерсе үчүн жооп бербегендиктен 1 млрд. 900 млн. кВт. саат электр энергияны ушулар жоготту. Үч айда – декабрь, январь, февралда 350 млн. кВт. саат электр энергиясы импортко келди. 1 млрд. 900 миллионду 20-30 пайызга кыскартсак, тактап, сапаттуу иш аткарсак эле баары өз ордуна келет.

Ушунча жылдан бери биз экспорт кылган мамлекет болчубуз. Эми импорттоого өттүк. Биринчи себеп – иш профессионалдуу даражада жүргүзүлбөйт. Өзгөчө, кептин баары аты ачык акционердик коом болгон, бирок заты менчик мекемелерде жатат. Бут жоготуулар ошол жакта болууда. Эгерде ошол жакта жооптуу кылып, текшерүүчүлөрдү, участок, район жетекчисин, коммерциялык директорду, директорлор кеңешинин мүчөсүн ж.б. материалдык жактан жооптуу деп отургузсак, бул ишти калыбына келтирсе болот жана муну жасаш керек.

“Азаттык”: Мындай жоготуулардын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

Бийназар Бердикеев: Бул үчүн реформа жүргүзүш керек. Депутаттарга, чиновниктерге да айтып келатабыз. 2009-жылы 1 кВт. саат электр энергияга товар деген наам берилген.

Чакан кампада эки өтүк, эки чапан жоголсо, анын башчысын камайт. Бул жерде миллиарддар уурдалып жатса да камабайт, сурабайт. 3 жылда 6,4 млрд. кВт. саат электр энергияны жоготушту. Кандай сандар чыгып атат! Бул Энергетика министрлигинин фактысы. Ошондуктан жоопкерчиликтүү кишилерди дайындап, кесипкөй адамдар бул тармакка келсе, эч кандай жоготуулар болбосо, Кыргызстанга өзүнүн электр энергиясы жетмек. А түгүл экспортту да калыбына келтирсе болот.

“Азаттык”: Энергетиктер азыркы баа тармактагы чыгашаларды жаппай турганын байма-бай айтып келишет. Сиздин оюңузча, электр энергиясынын реалдуу баасы канча, жалпы бир туруктуу тариф канча тыйын болсо туура болмок?

Бийназар Бердикеев: Биз президентти да, элди да колдойбуз. Мен энергетикмин. Бааны 70-80 тыйындын тегерегинде кармаганга Кыргызстандын шарты да, мүмкүнчүлүгү да бар. Бул бааны сөзсүз кармашыбыз керек.

Бул кум сааттай: бир жагынан көтөрүп, экинчи жагынан мамлекет өзүнүн бюджетинен буларга компенсация бериш керек. Биз бир капчыктан алып, экинчисине салып жатпайбызбы. Эч нерсе өзгөргөн жок.

Биринчи маселе – 4 бөлүштүрүүчү компания формасы жагынан жеке, өзгөчө "Түндүк электр”. Булар 12 млрд. электр энергиясынын жарымын колдонот, 1 млрд 900 млн. кВт. саат жоготуунун 1 миллиарддан ашыгын ушулар кетирет. Ошолордон баштасак, 6 айда ишти жолго салса болот. Бааны 70-80 тыйындын тегерегинде калтырса болот, буга Кыргызстандын шарты бар. Системаны өзгөртүш керек.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна башкарууну берип койгон. Бул жерде эки баш болуп атат. Энергетика министрлигинде техникалык-стратегиялык саясаттан башка эч бир рычагдары жок. Жетекчилерди иштен бошото албаса, дайындай албаса, кантип башкарат? Ошол фонддон башташ керек. Канча жылдан бери айтып келатабыз, булардын бир да программасы жок. Элдин алдынча чыгып, "10 жылда энергетика мындай болот, 15 жылда мындай өзгөрүүлөр болот, бүгүнкү тарифтин баасы мынча, ошондой болуп аныкталган" деп эч качан айтышпайт.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG