Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

Өспүрүмдүн өмүрүн алган мушташтар


16-сентябрда олимпиадалык резерв мектебинин жана №38 мектептин 10-11-классынын окуучулары мушташып, үчөө бычак жеп, ооруканага жаткан. Сүрөттө: Олимпиадалык резерв мектеби
16-сентябрда олимпиадалык резерв мектебинин жана №38 мектептин 10-11-классынын окуучулары мушташып, үчөө бычак жеп, ооруканага жаткан. Сүрөттө: Олимпиадалык резерв мектеби

Нарын облусунун Ат-Башы районунда бычак жеген өспүрүм боюнча кылмыш иши козголду.

Өткөн аптада Ак-Моюн айылында 9-класстын окуучусу Бишкекте жогорку окуу жайлардын биринде 1-курста окуган айылдашы менен чырдаша кетип бычакталып, ооруканага түшкөн. Анын алдында эле окуучулар чатагында бычак колдонулган, адам өлүмү менен аяктаган окуялар Оштун Алай районунда, Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында да катталган эле.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Медина Султаналиеванын билдиришинче, окуя 2-январда күндүз болгон. Кандуу чатактын себеби азыр иликтенип жатат жана соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуянын күнөөкөрү, 16 жаштагы баланын баш коргоо чарасы карала элек:

- 2000-жылы туулган, Бишкек шаарында окуган студент бала ушул эле айылдын тургуну 9-класстын окуучусу менен чырдашып, аны жоон санга бычак менен эки жолу сайып жиберген. Денесинен жаракат алган бала райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, козголгон кылмыш ишти тергөө уланып жатат.

Өспүрүмдөр чатагы бычакташуу менен аяктаган окуялар анын алдында эле катталган. Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында 31-декабрда Жаңы жылды тосуу үчүн чогулган 16 жаштагы өспүрүмдөр арасында жаңжал чыгып, бирөө бычак жеп каза болгон. Андан бир күн мурун Ош облусунун Алай районунда 11-класстын окуучусу өзүнүн классташынын колунан мерт болгон.

Ички иштер министрлиги өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштери күчөтүлгөнүн маалымдап келет. Министрликтин маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун маалымдашынча, учурда милициянын өспүрүмдөр менен иштеген аймактык тескөөчүлөрүнүн санын көбөйтүү каралып жатат. Сеитов милиция, мындай учурда эң ириде ата-энелердин да жоопкерчилиги жогору болушу керектигине токтолду:

- Каникул мезгилинде ата-энелер, эгер ошондой окуялар мектепте болсо анда мугалимдердин жоопкерчилигин караш керек. Бирок азыркы учурда ата-энелер көпчүлүк учурда бардык жоопкерчиликти мектепке, укук коргоо органдарына оодарып жатышат. Окуучулар арасында кылмыштуулук, чырлуу окуялардын басымдуу бөлүгү мектеп жана андагы чөйрө менен байланышкан. Биз азыр ар бир мектепке бирден аймактык тескөөчү бекитип берүүнү пландаштырып жатабыз. Эгер өкмөт жардам бербесе оптималдаштырып, өзүбүздүн ички резервден чечели деп аракет кылуудабыз.

Өспүрүмдөр, окуучулар аралашкан кандуу окуялар коомдогу бир катар маселелерди ачыкка чыгарууда. "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиевдин баамында, өсүп келаткан муунду оң жолго салуу, багыт берүү, тарбиялоо иштеринин начардыгынын айынан ушул иштер болууда:

- Өспүрүмдөр дүйнөсүндө биз педагогдор, үй-бүлө, ата-эне, мамлекет, укук коргоо органдары толтура албаган боштукту кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрү, криминалдык элементтер толтуруп жатат. Тилекке каршы, ар кандай негативдүү маалымат, көркөм тасмалар кылмыш элменттерин даңазалап, кылмыш жолу менен ийгиликке, жеңишке жетсе болорун көрсөтүп, биз бул жагынан да утулуп жатабыз. Азыр Кыргызстанда бир миллиондон ашык окуучу бар. Бизге кырдаалдын баарын көзөмөлдөө абдан кыйын. Саясатчылар, билим берүү адистери, маалымат менен иштеген журналисттер да башка нерселер менен алек болуп, кайсы бир чыр-чатактын артынан кубалап, мамлекеттин келечеги болгон өспүрүмдөрдүн тарбиясына көңүл бурулбай калды.

Былтыр сентябрда Бишкекте спортчуларды тарбиялаган олимпиадалык резерв мектеби менен №38 орто мектептин жогорку классынын окуучуларынын калайман мушташы коомчулукта талкуу жараткан. Анда үч окуучу бычак жеп, ооруканага түшкөн жана олимпиадалык резерв мектебинин беш окуучусу камакка алынып, окуу жай жетекчиси кызматтан кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG