Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Мушташта бычак жеген балдар ооруканада


Мушташта бычак жеген бала ооруканада
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00

Мушташта бычак жеген бала ооруканада

Бишкектеги окуучулардын мушташын иликтөө үчүн Дене тарбия агенттиги комиссия түздү. 16-сентябрда олимпиадалык резерв мектебинин жана №38 мектептин 10-11-классынын окуучулары мушташып, үчөө бычак жеп, ооруканага жаткан.

Дарыгерлер алардын абалы оор, бирок туруктуу экенин айтууда. Окуяга катыштыгы бар делген балдар кармалып, милиция кылмыш ишин козгоду.

Бишкек шаардык иштер иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 16-сентябрдын кечинде Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районундагы №38 мектебинин жана андан көп алыс эмес Ш.Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв мектебинин окуучулары мушташ чыгарган.

Олимпиадалык резерв мектеби
Олимпиадалык резерв мектеби

Маалыматка караганда, 20га чукул окуучу ошол эле райондогу интернет клубдардын биринде жолугуп, өз ара келишпестиктен улам мушташа кеткен. Милиция калайман мушташка мурда ушул райондогу №1 мектепте окуп кеткен, учурда Ысык-Көлдө жашаган бала да катышканын билдирүүдө. Мушташта төрт бала жабыркап, үчөө бачык жеген. Бычак ошол көлдүк баланыкы экени айтылууда.

Бишкек милициясынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев факт боюнча кылмыш иши козголгонун "Азаттыкка" айтты.

- Окуучулардын ортосундагы мушташтан алты бала жараат алганы аныкталды. Ошол жерде балдарга бычак сайган бала кармалып, окуя боюнча сурак берүүдө. Ал Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну. Алдын ала маалыматка караганда, ошол жердеги интернет клубда спорт мектеп менен 38-мектептин окуучулары арасында сөздөн сөз чыгып, мушташка айланган. Эки тараптан 10-15тен бала чогулуп мушташкан.

Бычак жегендердин бири, спорт мектебинин 10-класстагы окуучусу Улуттук хирургия борборунда дарыланууда. Жабыркагандардын жакындары анын атын атабоону суранышууда. Анын абалы азыр оор экенин дарыгер Алмаз Самаков айтты.

- Бычак жаракаттары менен түшкөн. Ошол эле күнү операция жасалды. Ичинен 1,5 литр кан алынды. Анын боору, жоон ичегеси жабыркаган. Учурда абалы оор бойдон турат. Жабырлануучу реанимация бөлүмүнөн кадимки палатага которулду.

Бишкектеги №38 мектеп
Бишкектеги №38 мектеп

№38 мектептин тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Чолпон Барпиева спорт мектебинин окуучулары менен чатактар мурда да болуп келгенин эске салды.

- Бир жолу мектептин бир тарабынан келип айнек-терезелерибизди күбүп кетишкен. Экинчи жолкусунда мектепти аралап кирип келип, алдынан чыккан балдарды уруп кете беришкен. Алардын бир эле баласы менен келишпестик болсо барып айтышат, анан чаяндай болуп жабылып келишет. Азыркы окуяда бычак сайган бала бизде окубайт. Биздин райондо уруш болсо эле 38-мектептин балдары дей беришет.

Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Жеңишбек Жунусов окуя кокустан чыкканын, мындан ары тарбия иштери дагы күчөтүлөрүн айтты. Ал эми мушташ чыккан болгон күнү ошол райондо жашаган балдар үйлөрүнө жөнөтүлгөн экен. Жунусов мурдагыга салыштырмалуу балдарга жакшы көңүл бурулуп, тамак-ашы, жатаканадагы абал жакшырганын да белгилей кетти.

- Бул жерде бир тараптуу күнөөлөгөн туура эмес. Мурдагы көз караш менен спорт мектепти жамандап келатышат. Албетте, биз тарбия иштерин дагы күчөтөбүз, балдар менен дагы жакындан, тыгыз байланышта иштешебиз. Ал күнү балдар үйүнө кеткен. Ал эми кечки 9 жарымда биз калган балдарды текшеребиз. Ошол маалда калгандарына "бизди уруп атат, жардамга келгиле" деп чалып калышыптыр. Ошол эле маалда бизге милиция чалып калды. Бирок азыр балдар оңолду. Каржылоо да жакшырды. Мурда бир күнгө бир балага 70 сом тамагына бөлүнсө, азыр 213 сомго көбөйдү.

Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв мектеби
Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв мектеби

Буга чейин спорт мектептин абалы начар экени, балдар чала тоюп, башкаларга салык салууга барышат деген пикирлер айтылып жүрчү. Ал ортодо окуучулардын мушташын иликтөө үчүн Дене тарбия агенттиги комиссия түздү.

Бул шаардагы спорт мектептин окуучулары катышкан биринчи жаңжал эмес. Ушундай эле мушташтар 2010-2011-жылдары да катталган. Мектеп окуучуларына "тез-тез мушташасыңарбы?" деген суроо узаттык:

- Биз мушташабыз, бирок рингде, мелдеш, таймаштарда мушташабыз. Бир нерсе болсо эле спорт мектептин балдары деп бизден көрө беришет...

Соңку кезде өспүрүмдөрдүн курал, бычак көтөрө чуркап мушташкан учурлары кездешүүдө. Билим берүү, тарбия маселелери боюнча адис Асылбек Жооданбеков үй-бүлөдөгү тыюу салуу, чектөө же өтө эле эркин коё берүү сыяктуу көрүнүштөр жабык агрессияга алып келдүүдө деп эсептейт.

- Мурда өспүрүмдөр мушташканда жыгылып калган балага тийчү эмес. Азыр эмне болсо да аягына чейин тепкилеп, жеткирип жатышат. Бүгүнкү күндө мектепте болобу, үйдө болобу балдарга тыюулар көп. Өтө эле муну кылба, тигини кылба деп чектеп салабыз. Кээ бир үй-бүлөлөрдө баланы өтө эле эркин өстүрүп, өзүн коё берип койгон. Мындай учурда жабык агрессия болот. Мындан сырткары коомдогу, кинодон көрүп жаткан агрессия да балдарга таасирин тийгизүүдө.

Бычакташкан окуянын чоо-жайын ар бир мекеме өз алдынча да иликтөөгө алууда. Анын натыйжасында күнөөлүү окуучулар жоопко тартылат.

XS
SM
MD
LG