Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:53

Кыштын каары көкөйгө тийди


Бишкек - Ош жолу
Бишкек - Ош жолу

20-мартта өкмөт кар көчкүлөргө байланыштуу кырдаалды талкуулап, табыгый кырсыктарды алдын алууну, тоют жетпеген аймактарга жем-чөп жеткирүүнү тийешелүү органдарга тапшырды.

Өкмөт башчы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин сынга алып, кырсыктагандарга материалдык жардам убада кылды.

Ал арада кар көчкүдө калып, адам өмүрү кыйылган учурлар токтой элек. Борошодон кан жолдор буулуп, каттам бирт топ кыйындады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 20-мартта Кара-Кулжада жылкы издеп чыккан үч баланын сөөгү кар астынан алынып чыкканын кабарлады.

Ушул эле күнү Токтогул районунда беш унааны кар басып, эки адам каза таап, онун куткарып калышты.

Андан мурдагы күнү Алай районундагы Нура айылындагы бир там кар алдында калып, тогуз жаштагы кыз мерт болгон эле. 17-мартта кечке маал Токтогулда үч адам кар көчкү астында калган.

Ош-Бишкек жолу 20-марттан тарта толугу менен жабылды. Азырынча качан ачылаары белгисиз. Буга чейин кан жолдо марттын этегине чейин күндүзү каттам токтоору кабарланган болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын жетекчиси Муктар Бейшенбаев мындай чара адам өмүрүн сактап калуу үчүн аргасыз жасалып жатканын билдирди:

- Жыл башынан бери 45 көчкү түштү. Былтыр болгону 11 учур эле катталган болчу. Кар көчкүнүн үчтөн бир бөлүгү Ош-Бишкек жолунда болду. Биз башында жолду кечки саат алтыдан күндүзгү саат сегизге чейин жапканбыз. Бирок кайра баарын анализдеп, 20-марттан тарта толугу менен жаба турууну чечтик. Жол Талас тараптан, Жалал-Абад жана Чүй жактан жабылат.

Ал арада Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там кан жолу борошодон буулуп турат. Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылынын тургуну Абдилазиз Сулайманов кар көчкүдөн элдин үрөйү учуп жатканын айтып берди:

- Жагдай өтө оор. Эл азыр тундрада калгандай камоодо калдык. Кар абдан оор. Көчкүдөн коркуп, адамдар үйүндө жашай албай калды. Кооптонуп, көчкү түшпөй турган жерлерге чогулуп алып отурушат. МЧСтен көчкүлөрдү атабыз деп келишти. Эски, 1941-жылкы пушкаларды алып келген экен, таңкылдатып-паңкылдатып кетишти. Көчкү деле жүргөн жок. Азыр анча-мынча жерден жүрүп, адамдардын үшүн алып жатат. Бизде кар көчкү бат жүрбөйт. Толуп, толукшугандан кийин катуу жүрөт, көп жерлерди басып калат. Азыр кар жыйылып кашага үйүлүп турат. Малга тоют жок кырылып атат. Көмүр деген жок, өзүбүздүн көмүрүбүздү жагып салганыбызга эки ай болду.

Чоң-Алайдын акими Абдилазиз Ашыралиев борошонун айынан, техниканын жетишсиздигинен жолду ача албай жатышканын кеп салды:

- Тогуз күндөн бери тынбай жааган кардан, катуу бороондон жол жабылып турат. Эл аралык мааниде Сары-Таш – Эркеч-Там жолу азыр жабык. Себеби бороон болуп эле кайра жаап салып жатат. Азыр аз эле техника иштеп жатат. Кара-Тейит айылында 34 жолу аткылоо иштери болду. Үч чоң көчкү түштү. Азыр деле Чоң-Алайда карды атып түшүрүү уланууда. Аткылап бүткөндөн кийин деле айылдын баш жагынан көчкү жүрдү. Бир тургундун короосуна чейин келди.

Чоң-Алайдын акими райондо тоют чоң көйгөй болуп жатканын, бир айылдан экинчисине ташууга каттам кыйындаганын кошумчалады.

Ушундай эле көйгөйлөр Ош облусунун башка тоолуу райондорунда, Жалал-Абаддын алыскы аймактарында да бар. Нарындын Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылы кар күрткүдөн толук арыла элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, быйыл Кыргызстанда кар үч эсе көп жаады. Ушундан улам күндүн жылышы менен сел, жер көчкү сыяктуу коркунучтар да көбөйүшү ыктымал.

XS
SM
MD
LG