Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Ынтымактуу бүлөнүн үйү жылуу, тапканы берекелүү


Быйылкы кыш ар бир үй-бүлөнү сынады.
Быйылкы кыш ар бир үй-бүлөнү сынады.

Узакка созулган ызгаар кимдин кышка кандай камданганын сынап жатат. Сарамжал адамдар саратан жайда эле үйүн жылуулап, отун-ташын камдап алышат эмеспи.

Ошондойлордун бири - Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жашаган Акылбек Айдаров. Анын үйү жылуу, алты бала жеңил кийинип, ойноп жүрүшөт. Кийимдери жылуу, ошондуктан суукту тоготпой мектепке үзбөй барышат.

Ноокендик Акылбек Айдаровдун Орусияда эки жыл иштегенинин пайдасы тийди көрүнөт. Ал жактан маңдай тери менен тапкан каражатына былтыр үч бөлмөлүү үй тургузуп алган.

Үйдө Акылбек келинчеги, анын бир тууган агасы жубайы, булардын ар биринин үчтөн балдарын кошуп эсептегенде он адам жашайт. Дагы бир бөлмөдө жашылча-жемиш, картөшкө, ун-май жана башка азыктар жыйылып турат.

Айдаровдордун сарамжалдыгына далил мына: саратан кезде эле короодо жашы өтүп бараткан тал-терек менен жаңгак дарагын отунга кыйып, көмүрдү да алдын ала камдап алышкан экен. Акылбек Айдаров отун жарып жатып, кышкы азык-түлүгүн да эртелей камдап алганын айтты:

- Быйыл суук катуу болду. Короону айланта тигилген бак-дарактарды кыйып, талаадан жыйнап, отун топтоп алганбыз. Былтыркыдан артып калган отундар да бар. Сентябрда 35 кап көмүр сатып алган элек. Эки бөлмөбүз ысыйт, отту бир мештен жагабыз.

Жаңы үйдүн терезелеринин сыртына суук өткөрбөс жылтырак кагаз жабыштырылыптыр. Бөлмөнүн жылуулугун жука кийинип ойноп жүргөн бөбөктөрдөн эле сезсе болот.

Акылбек бала-чакасы менен жашаган бөлмөгө темир меш орнотулуптур. Бул мештен чыккан оттун табы менен экинчи бөлмө да ысытылат экен. Анткени бөлмөлөрдү туташтырган дубал ортосуна газ баллондун көңдөй идиши коюлган.

Мешке азыр Акылбектин жеңеси Гүлүйна Мамасалиеванын көмүр калап жаткан убагы. Ал күзүндө бир мүшөгү жүз сомдон сатылган көмүрдүн баасы азыр эки эсе кымбаттаганын, демек "кыш камын жазда көр" деген накыл кеп калетсиз экенин эске салды:

- Бөлмөгө күнүнө эки маал, эртең менен анан кечинде от жагабыз. Азыр бир аз болсо да сууктун мизи кайтып калбадыбы. Үйүбүз ысык, мына балдарыбыз бир кабат көйнөктөрү менен ойноп атышат. Ким болсо да алдын ала отун-көмүр сатып алып, күн мурунтан камданып алса, кышында кыйналбайт да. Биз күн ысыкта эле көмүр сатып алганбыз, ар бир кабын жүз сомдон. Кар түшкөндө баары бир кымбаттап кетет. Көмүр азыр эки жүз сомдон болуп атат.

Гүлүйнанын жанында турган анын беш жаштагы кызы Таңсулуу алты жаштагы Рустам экөө үшүбөгөнүн айтты.

Бир тууган ага-инилердин алты чүрпөсүнүн улуурак болгон эки баласы ызгаарды тоотпой, мектептеги сабагын калтыра элек. Он жаштагы Мээрим жылуу кийим-кечесин кийип жатат:

- Кышкыга апам мага көп кийимдерди алып берген. Бутума өтүк, үстүмө пальто, башыма жүндүү жоолук. Иним Арстандын да жылуу кийимдери бар. Ошон үчүн мектептен калбай барабыз.

Ооба, бул үй-бүлө жылуу, бир жагынан оттун табынан болсо, бир жагынан мында жашаган адамдардын мээрими менен ынтымактуулугунан. Акылбек эми кайра Орусияга аттанат, анткени агасынын үстү жабылган үйүн да бүтүрүш керек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG