Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Кыргызстан жазгы кардын туткунунда


Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там жолу
Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там жолу

Акыркы эки күндө түшкөн оор кар Кыргызстан аймагында бир катар кырсыктарды жаратты.

Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там автожолунда унаалар бурганактан жыла албай калышты. 16-мартта Бишкек – Ош жолунда кар көчүп, ал үч кишинин өмүрүн алып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаратылыш кырсыгына кирептер болгондорго жардам көрсөтүп, жолдорду ачуу иштери жүрүп жатканын кабарлоодо.

Ноорузду утурлай бузулган аба ырайы стратегиялык мааниси бар Бишкек –Ош, Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там жолдорунда жол кыймылына тоскоолдук кылууда. Буга байланыштуу Бишкек-Ош жолу саат 18:00дөн саат 8:00гө чейин бир нече жерден жабылып жатат. Ал эми Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там жолунда бороондон улам чогулган кар күрткүлөрүнүн бийиктиги айрым жерлерде 2 метрге чейин жетип, Тоң-Мурун ашуусунда 100дөн ашуун унаа ары-бери жыла албай кептелип калышкан.

Бул автоунааларда аялдар менен балдар бар экенин, алар сууктан жана тамак-аштын жетишсиздигинен кыйналып жатышканын Алайдын Нура айылынын тургуну Талгат телефон аркылуу билдирди:

- Унаалар же ары, же бери жыла албай ортодо турушат. Алардын ичинде айдоочулардан тышкары аялдар, балдар бар. Бирөөнүн беш айлык баласы бар экен, жол жабылганына беш күн болду. Телефон байланышы жок. Жолду тазалоо да кечигип атат.

Ашууда жылалбай калган айдоочулар жана алардын жүргүнчүлөрү менен катар эле Нура айылында да абал оор болуп жатканын элеттин дагы бир тургуну Батма айым билдирди. Анын айтымында, кардын калыңдыгы бир жарым метрден ашуун, кыймыл жок, суу жок, тургундар карды эритип ичүүгө мажбур болушууда:

- Телефон байланышыбыз жок, жол жабык, тышкы дүйнөдөн үзүлүп эле калдык. Бүгүн бир аз эле убакыт телефон байланышы болуп калгандыктан, “биздин үнүбүздү жеткирер” деген үмүт менен “Азаттыкка” чыгып жатабыз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов "Азаттыкка" Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там жолунда калып калгандарга тамак-аш жеткирүү үчүн министрликтин куткаруучулар бригадасы жолго чыгып кеткенин маалымдады:

- Бороондун кесепетинен жол жабылган, жолдо камалып калган адамдарга тамак-аш, нан, эт консервалары, иче турган суу жөнөтүлдү. Буларды алып кеткен куткаруучу бригада жакындап калды, аз убакытта камалып тургандар тамак-аш менен камсыз болушат.

Кыштын кеткиси жок

Март айында кар жаашы жаңылык деле эмес, бирок быйылкы кыш эрте түшүп, Нооруз келип калса да чыкпай жатышы адаттан тыш экенин серепчилер белгилешүүдө. Аба ырайын маалымдоочу борбордун жетекчисинин орун басары Дүйшөн Сатыбалдиевдин айтымында, быйыл кыш узакка созулду, 28-октябрда жааган кар менен кошо түшкөн суук бүгүнкү күнгө чейин кетпей турат:

- Биздин маалыматтар боюнча бүгүн түн ичинде кар токтойт. 20-21-22-23-март күндөрү дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы улам дагы жогорулап, 24-мартка чейин өрөөндүү аймактарда 12-14 градуска чейин жылышы күтүлүүдө.

Быйыл адаттан тыш узакка созулган кыш айыл жерлеринде жашоочуларга кыйынчылык жаратууда. Адатта мындай убакытта көккө чыгып калчу мал быйыл жалаң колду карап, жем-чөп таңкыстыгы күчөп баратканы айтылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча алыскы аймактарда жашаган элге оор болуп жатат. Алыскы райондордун бири Чаткал улуу түшкөн кардан улам жолдор жабылып, сырт дүйнө менен жол аркылуу байланыш үзүлгөн.

Райондун акими Акматбек Таласбай уулунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бүгүнкү күнү башка райондордон алып келинип жаткан жем-чөптү малга жеткирүү оор болууда, буга Ала-Бука – Каныш-Кыя жолу баш болгон бир катар автожолдордун жабык болуп жатканы негизги себеп:

- Малдын тоюту жетишпестиги байкалып атат. Эгер дагы бир-эки жума ушундай абал сакталчу болсо, анда өтө оор болот. Биздин Чаткал районундагы Кызыл-Токой айлына ар тараптан чөп-жем ташылып атат, жергиликтүү ишкерлер алып келип атышат, эл өзү дагы сатып келүүдө, мамлекет өткөн аптада жүз тоннага жакын жардам берген, бирок ошол жем-чөптүн баары райондун айылдарына жолдун жабыктыгынан улам жетпей атат. Ала-Бука районунан, Кызыл-Токойдон ташып өткөрүп алсак, 50 тоннадай чөп менен мал-жан камсыз болуп калат эле.

Акматбек Таласбай уулунун бекемдешинче, жолдордун жабылганына үч күн болду.

Ошентсе да синоптиктер 21-март күнү күн ачык болорун, андан ары абанын температурасы улам жогорулап, күн жылый турганын билдиришүүдө.

Тасмада: Жаз келеби деги?

Жаздын алгачкы айы жарымынан өтүп калганда (19-мартта) жааган кар караламан калкты кыйла түйшүккө салды. KKs/MiT

Жүдөткөн жазгы кар
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG