Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:34

ШКУ: Өзбекстан ГЭСтердин курулушун текшерүүгө үндөдү


Уюмга мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эмки жылы аткарылчу иштер боюнча маселелер каралды.

Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Кытай премьер-министри Вэн Цзябао, Казакстандын өкмөт башчысы Серик Ахметов, тажик премьери Акил Акилов, Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри Рустам Азимов, Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев катышты. Жыйынга Монголия, Иран, Ооганстан, Пакистан жана Индиянын өкмөттөрүнүн өкүлдөрү да байкоочу катары келди.

Жыйын соңунда ШКУга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча кызматташуусун бекемдөө боюнча меморандумга жана чукул кырдаалдарда биргелешип жардам көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлду. Мындан тышкары уюмдун бюджети, бир жылдык иши боюнча отчет угулуп, 2013-жылга долбоор каралды. Ошондой эле 2012-2016-жылдар аралыгында ишке ашырыла турган долбоорлор талкууга алынды.

Алардын катарында соода-экономикалык байланышты жакшыртуу, маданий-гуманитардык жана банктар аралык кызматташтык, университеттер аралык байланышты кеңейтүү маселелери бар.

Жыйынга катышкан кабарчыбыздын маалымдашынча, анда Казакстандын премьер-министри Серик Ахмедов ШКУнун алкагында экономикалык клуб түзүүнү сунуштады. Ахмедовдун жүйөөсүндө, клуб негизги өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөр үчүн пикир алмашууга маанилүү аянт болушу керек. Бул сунушту орус премьери Дмитрий Медведев да колдоп, ШКУга мүчө өлкөлөр ортосунда унаа, темир жол байланышын чындоо зарыл экенин билдирди.

Ал эми Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Рустам Азимов Борбор Азиядагы ири энергетикалык долбоорлор кадыр-барктуу эл аралык эскпертизадан өткөн соң гана ишке ашышы керектиги тууралуу пикирин айтты. Анын жүйөөсүндө, бул аймактагы конструктивдүү кызматташууга, кошуналардын ынтымактуу мамилесине өбөлгө болот.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Кыргызстан менен Тажикстанда ГЭСтердин курулушуна каршы чыгып, региондогу суу маселеси согушка алып келиши мүмкүндүгүн эскерткен болчу.

Бүгүнкү жыйында 2013-жылы Бишкекте өтө турган ШКУ президенттеринин саммитинин күн тартиби да түзүлдү. Уюмдун төрагалыгы өткөн жайда Кытайдан Кыргызстанга өткөн.

Бишкектеги саммитте ШКУнун баш катчысы да алмашып, бул кызматты Муратбек Иманалиев Орусиянын өкүлү Дмитрий Мезенцевге өткөрүп берди.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев саммитте негизинен экономикалык маселелерге басым жасалганын билдирди.

Шанхай кызматташтык уюму 1996-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Иран, Индия, Монголия, Пакистан жана Ооганстан уюмда байкоочу макамына ээ.

XS
SM
MD
LG