Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Өнөкөткө айланган рекетчилик


Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучулары. 18.09.2015
Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучулары. 18.09.2015

Кезектеги апта темасында мектеп рекетчилиги тууралуу сөз болот. Соңку кезде өнөкөткө айланган бул көрүнүштөн улам өспүрүмдөр психикалык жактан жабыркап, өзүнө кол салып, жаштайынан кылмыш жообуна тартылган учурлар аз эмес.

20-октябрь күнү спорт мектебинин элүүдөн ашык тарбиялануучусу кошуна №38 мектептин имаратына бастырып кирип, окуучуларды сабаган. Бул окуяны тиешелүү тараптар териштирип, Ички иштер министрлиги Кылмыш кодексинин ээнбаштык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Адистер бул окуяны адатка айланган мектеп рекетчилигинин бир көрүнүшү катары баалашууда. Бул өңдүү окуялардын кесепеттери менен кантип күрөшүп, кантип алдын алса болот?

Мектеп окуучуларынын тартибин көзөмөлдөө мугалимдердин эле эмес, милициянын өспүрүмдөр менен иштөө кызматкерлерине да таандык милдет. Баткенде инспекторлор азыр иш убактысынын көпчүлүгүн мектептерде өткөрүү аркылуу тартипти көзөмөлдөөгө өтүштү.

Жалал-Абадда ата-энелер менен мектеп биргелешип, окуучулардын рекетчилигин азайтуу аракетин көрө баштады. Ата-энелер фондунун каражатынын эсебинен азыр аймактагы 472 мектептин 24 мектебине видеокөзөмөл орнотулду.

Укук коргоочулар мектептеги бейтартип көрүнүшкө, балдарды туура тарбиялоого коом кошкөңүл мамиле жасаганы үчүн жапырт күрөш жүрбөй, айрым аракеттер натыйжа бербей жатат дешет. Рекетчиликке каршы ата-эне, бала, мектеп, коомчулук жапырт күрөшүүгө эмне тоскоол болуп жатат?

please wait

No media source currently available

0:00 0:23:20 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. 
  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG