Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

“Дастан” талашка түштүбү?


"Дастан" комплексинин баш кеңсеси
"Дастан" комплексинин баш кеңсеси

Түркия Бишкектеги “Дастан” заводуна кызыгып калганы айтылгандан бери Орусия мурдагы президент Бакиев учурундагы келишимдерди эстей баштады.

Бишкектеги “Дастан” заводу Совет доорунда атактуу “Шквал” торпедосунун айрым элементтерин даярдап келгени айтылат. Учурунда дүйнөдөгү эң эле ылдам торпедолордун бири саналган “Шквал” азыр да Орусиянын аскер флотундагы негизги куралдардын катарына кирет. “Шквалбы” же башкабы, айтор бул завод торпедо тетиктерин чыгарары белгилүү. Ошол себептүү бул ири заводго оболу Орусия көбүрөөк кызыкдар.

Заводдун жетекчилиги мындан мурдараак “Дастанда” атактуу “Шквалдын” эмес, башка торпедолордун айрым тетиктери чыгарыларын билдирген. Бул тармакты мыкты билген адистер да “Шквал” Орусияда чыгарыларын, “Дастанда” чыгарылгандар башка үлгүдөгү кубаттуу торпедолор экенин айтышат.

Орусия дагы эле “Дастанды” колго ала албай келет

2009-жылы Курманбек Бакиев президент кезинде “Дастандын” 48 пайыз акциясын Орусияга берүү тууралуу сүйлөшүүлөр болгон. Орусия өз кезегинде Кыргызстандын 180 миллион долларлык карызын кече турганын айткан. Кийин бул маселе созулуп отуруп, былтыр 7-апрелде Бакиевдин бийлиги кулап калды. Убактылуу өкмөт болсо декрет чыгарып, заводдун 50 пайыз акциясын улутташтырып койгон.
Суу астында учуучу "Шквал" ракетасы

Жакында эле Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган баштаган жоон топ делегация Кыргызстанга келип, эки тараптуу ири экономикалык долбоорлор тууралуу айтылган. Түркия тарап Кыргызстандын “Манас” эл аралык аба майданы, “Кыргызнефтегаз” менен катар “Дастан” заводуна да кызыкдар экени айтылган.

Ошондон тарта Кремльдин сөзүн сүйлөгөн орус тилдүү маалымат каражаттары сүйлөшүп алгандай бул маселени катуу көтөрүп чыгып, “убада кылынгандай “Дастандын” 48 пайыз акциясы Орусияга берилиши керек” деп чыгышты.

Башкаруудагы коалициянын өкүлү, Социал-демократтардын мүчөсү, мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков “Азаттыкка” билдиргендей, “Дастан” заводу өлкөдөгү бирден-бир стратегиялык ишкана. Аны толук кандуу иштетүү менен өлкө олчойгон кирешелерди көрсө болот. Генералдын пикиринде, аталган заводду колдон чыгарбай, ар качан көзөмөлдөөчү акциясын кармап туруусу керек:

- “Дастан” Кыргызстандын өзүнө керектүү объект болуп саналат. Өзүңөр жакшы билесиңер, дүйнөдө эки гана нерсе өтө чоң акчаларды алып келет. Алардын биринчиси баңги заттар, экинчиси куралдар. Баңги заттар менен көбү иштешпейт. Ал эми курал тараптан болсо, АКШ, Орусия сыяктуу мамлекеттер өтө чоң өлчөмдө куралдарды жасап, сата турган өлкөлөр болуп эсептелинет. Ошонун аркасынан мамлекеттин казынасына көп акчалар түшөт. Дал ошонун негизинде мен коргоо министри болуп турганда, Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда бир нече жолу мурдагы президенттерге өзүмдүн сунушумду киргизгем. Эгерде биз башка өлкөлөр менен бул жаатта келишимдерди түзсөк, өтө чоң пайда алып келет.

Орусия “Дастан” боюнча Түркиядан чочулап атабы?

Мурдагы чекист, генерал Мирослав Ниязов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, “Дастан” заводу атактуу “Шквал” торпедолорун чыгарбасын айтты. Бирок бул заводдон андан кем калышпаган торпедолор жасалып, учурда аларды Орусия, Индия, Иран ж.б. бир катар мамлекеттердин аскерлери деңиз флотторунда колдонушат. Ошондой эле генералдын пикиринде, бул маселени Кыргызстан Орусия менен биргеликте чечүүсү керек:

- Бул завод торпедонун өтө маанилүү элементтерин чыгарат. Мынабу торпедолордун автоматтык түрдө мээлеген жерге өзү багытталчу башы болот. Ошол системаны, торпедонун корпустук системасын чыгарат. Негизи толугу менен чыгарат. Бул заводдун автору, торпедонун автору орусиялыктар. Кандай болгон күндө да жүзүбүз жарык болушу үчүн Орусия менен сүйлөшүп, кеңешип, алар менен макулдашып туруп анан тагдырын чечсек жакшы болот эле.

Андан тышкары Ниязов “Дастан” заводу Түркиянын колуна өтүп кетет дегенге ишене бербейт. Анткени Кыргызстанга таасири дале чоң Орусия ага жол бере койбойт.

Кыргыз бийлиги деле ырасмий Москва менен мамилесин бузууну каалабайт. Ошентсе да Кремль төбөлдөрү барган сайын Кыргызстанда таасири артып бараткан Түркиядан, анын экономикалык, техникалык мүмкүнчүлүктөрүнөн чочулап тургандай. Түркия абдан динамикалуу өнүгүп аткан мамлекет. Экономикасынын өнүгүү темпи боюнча ал Орусияны караандатпайт. Чоң жыйырмалыктын былтыркы жыйынында Түркия өнүгүү темпи боюнча Кытайдан кийинки эле экинчи орунду ээлеп, Европа мамлекеттерин озуп өткөнү айкын болгон. Анын үстүнө бул мамлекет АКШ башында турган Түндүк Атлантика аскерий уюмунун (НАТО) мүчөсү. Ошол себептүү орустардын “Дастан” тагдырынан чочулашы жөндүүдөй.

XS
SM
MD
LG