Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:47

Канттагы базанын төлөмдөрү кайрадан талашка түштү


Орус аскер-аба күчтөрүнүн жүз жылдыгына арналган салтанатка келгендер Су-25 учагын тамаша кылууда. Кант, 12-август, 2012.
Орус аскер-аба күчтөрүнүн жүз жылдыгына арналган салтанатка келгендер Су-25 учагын тамаша кылууда. Кант, 12-август, 2012.

Жогорку Кеңештин комитетинде Канттагы орусиялык аскерий базанын коммуналдык төлөмдөрү боюнча маселе кайрадан талашка түштү.

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын аймагындагы бириктирилген орусиялык аскердик база туруусунун макамы жана шарттары жөнүндө эки тараптуу макулдашууну талкуулады. Маселе талкууланбай жатып талашка түшкөндүктөн Коргоо министрлиги менен Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү маселени жабык кароону сунуштады. Бирок бул сунушту көпчүлүк колдогон жок.

Мурда белгиленгендей эле Орусиянын Кыргызстандагы үч объектиси азыркы мөөнөтү аяктагандан кийин дагы 15 жылга калат. Аскердик базалар мурунку келишимдердин мөөнөтү бүткөнгө чейин азыркы абалында кала берет. Жаңы келишим 2017-жылга карай түзүлүш керек. Кыргызстанда Орусиянын төрт аскерий объекти жайгашкан. Алар: Канттагы аскер-аба базасы, Караколдогу куралдарды суу алдында сыноо базасы, Кара-Балтадагы аскердик байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмология борбору. Парламент комитетиндеги талаш Канттагы базанын коммуналдык-тиричилик төлөмдөрүн ким төлөйт дегенден келип чыкты.

Коргоо министринин орун басары Замир Суеркуловдун айтымында, азыр иштеп жаткан келишим боюнча Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында кабыл алган тарап электр энергиясы, суу жана коммуналдык-тиричилик төлөмдөрүн кайтарымсыз түрдө мойнуна алышы керек. Бирок жаңы макулдашуу боюнча Кыргызстан коммуналдык төлөмдөр үчүн чек коюу, чектен ашканын өздөрүнө төлөтүү сунушун киргизүүдө.

- Ал жакта электр энергиясы, суу кайтарымсыз болушу керек эле. Бирок келишим чекти эске алуу менен ишке ашып жатат. Эгер Кыргызстан берген чектен ашык колдонсо Орусия өзү төлөйт.

Коргоо министрлигинин мындай сунушун депутат Исмаил Исаков катуу сындап чыкты. Ал Кыргызстан өз жарандарына айлык акысын төлөй албай жаткан шартта жылына болжолдуу 15-16 млн. сомду базанын коммуналдык-тиричилигине жумшап жатканын белгиледи. Анын айтымында, Орусия офицерлерди окутуунун баасын жылдан жылга көбөйткөнү үчүн убагында Кыргызстан өз офицерлерин Орусиядан башка өлкөлөргө жөнөтүүгө мажбур болгон.

- Кыргызстандын өзүнүн кызыкчылыгы болуш керек. Мурдагы убакыт өттү. Азыр базар системасында жашайбыз, бекер эч нерсе жок. Бир гана Кант ушундай болушу керек деген болбойт. Албетте биргелешкен система керектир. Керек экенин 2010-жылы көрсөттү. Кыйын учурда жардам бербесе эмнеге керек, эмнеге биз төлөшүбүз керек? Азыр Кыргызстан жарандардын айлыгын төлөй албай жатат. Орусия офицерлердин окуусуна акчаны көтөрө берсин, биз болсо ушул бойдон калтырып, ичкен сууңду да биз төлөп берели деген болбойт да. Жакында Путин келет экен деп эле бардыгына "ура" деп кол коюп, көтөрө берген туура эмес. Макул, отурган жерине төлөбөсүн. Бирок ичкен суусун, электр энергиясын төлөп берсин да.

Бул маселе Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Игорь Шувалов жетектеген делегация менен кыргыз тараптын август айындагы сүйлөшүүлөрүндө чечилип, Канттагы базанын коммуналдык төлөмдөрүн Орусия өзү төлөй турганы айтылган болчу.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков бул төлөмдөрдү Орусия өзү төлөй баштаарын “Азаттыктагы" маегинде билдирген эле:

- Аскердик базалар мурунку келишимдердин мөөнөтү бүткөнгө чейин азыркы абалында кала берет. Мурунку деңгээлинде калат. Бирок Кант аба базасында, башка объекттерде электр энергия, тиричилик керектөөлөрүнө кыргыз тарап төлөп келген. Эми андай болбойт. Орус тарап өзү төлөйт.

Ал эми Коргоо министрлиги кыргыз офицерлеринин Орусиядагы окуусуна жана Канттагы базанын коммуналдык төлөмдөрүнө Кыргызстан жылына канча төлөй турганы боюнча суроого жооп берүүдөн баш тартты.

“Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Токон Мамытов Кант аба базасы жеке Орусияга эмес, ЖККУга тиешелүү экенин, бул жерде уюмдун мүчөсү катары Кыргызстандын да кошкон салымы болушу керектигин белгиледи.

Эксперттер муну Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келишин утурлай жасалган кыргыз бийлигинин дагы бир шашылыш аракети катары сыппаттап жатышат. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев да ушундай пикирде:

- Орусия ЖККУнун базасы деген ат менен киргизип алган. ЖККУнун базасы болгондо биздин эмнебизди камсыз кылып берип атат ал база? Бул маселелер будамайланып, ачык эмес чечилип калган. Эгер ЖККУ дейт турган болсок ага мүчө мамлекеттер да тең төлөшсүн чыгымдарын деген маселе койгонго туура болот да биз тарабынан. Бизде дайыма шашып эле визиттин алдында кабыл ала койолу деп, кийин санды чаап өкүнүп калабыз.

Канттагы аба аскер базасы 2003-жылы ЖККУнун алкагында түзүлгөн. Аны Орусия президенти Владимир Путин келип ачкан жана Кант аба майданында негизинен орусиялык учактар, аскерлер жайгашкан. Быйыл жазында президент Алмазбек Атамбаев орусиялык база ижара акысын төлөбөйт деп айтып чыгып, ошондон кийин Орусиянын Коргоо министрлигинен 15 миллион доллар каражат казынага түшкөн. Комитет болсо айрым алымча-кошумчаларды эске алуу менен бул макулдашууну колдоп берди. Ал эми депутат Исаковдун Орусия толугу менен төлөмдөрүн өзү төлөсүн дегени өзүнчө сунуш катары киргизилди. Ошентип Орусия мындай төлөмдөрдү Кыргызстан бөлгөн чектен ашса гана төлөмөй болду. Албетте ашса...

XS
SM
MD
LG