Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Жолдорго видео көзөмөл коюлат


Видео көзөмөл орнотулса Бишкек, Ош шаарларынын көчөлөрүндө азыркыдай МАИ кызматкерлери турбай калат.
Видео көзөмөл орнотулса Бишкек, Ош шаарларынын көчөлөрүндө азыркыдай МАИ кызматкерлери турбай калат.

Бишкек, Ош шаарларына жана Бишкек-Каракол унаа жолуна видео камераларды орното турган компания аныкталды.

Ички иштер министрлиги 21-августта тендердин жыйынтыгын чыгарып, анда кытайлык компания жеңгенин билдирди. ИИМ реформа баштап, ушул күздөн тарта жаңыдан түзүлгөн Жол-кайгуул кызматы ишке киргени жатат.

Өкмөт жолдорго видео камераларды ушул жыл аяктаганга чейин орнотуп бүтүүнү пландаштырып жатат. Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Алымбеков эки ай мурун жарыяланган тендерди 2 миллиард сомдон ашык долбоору менен кытайлык компания утуп алганын маалымдады:

- Ички иштер министрлигин реформалоо багытында эки долбоорду киргизгенбиз. Биринчиси - автоматташтырылган видео көзөмөл, экинчиси - кылмыштарды каттоо борборун ачуу боюнча. Ушул эки долбоор боюнча тендерге 16 компания арыз берген. Бардык шарттарын, жагдайларын эске алып туруп Кытай компаниясын жеңүүчү деп белгиледик.

Ушу күздөн тарта Жол коопсуздугу башкы башкармалыгы жоюулуп, жаңы кызмат ишке кирмекчи. Аталган башкармалыктын жетекчиси Талантбек Исаевдин билдиришинче, жаңы кызматтын ыйгарым укуктары кеңейип, кылмыштын бетин ачууга да жооп берет:

- Жол-кайгуул кызматында мурдагы МАИ кызматына караганда функциялар бир топ кененирээк болот. Жалаң эле жол коопсуздугун эмес, көчөлөрдө, коомдук жайларда кылмыш, тартип бузуулар боюнча да иштейт.

Исаев жаңы кызматка кадрлар сынак аркылуу тандаларын белгиледи:

- Азыр МАИ кызматында жана ИИМдин башка бөлүмдөрүндө иштеп жаткандар да ачык сынакка келип катыша берсе болот. Бул кызматка келгенге жарандык коомдун өкүлдөрүнүн да мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок сынакка катышаардан мурун медициналык кароодон өтүшү керек. Дене-тарбия боюнча да нормативдер бар, ошолорду да тапшырышы керек. Андан кийин маектешүүдөн өткөндөр жаңы түзүлүп жаткан кызматка келиши мүмкүн.

Айрым серепчилер муну толук реформа деп атоого болбой турганын айтып чыгышты. “Реформа жана анын жыйынтыгы үчүн” жарандык бирикменин мүчөсү Урмат Казакбав жаңы кызматтын ишин жөнгө салган мыйзамдар жоктугун айтты:

- Ошол эле Жол-кайгуул кызматында иштегендер кайсы эрежелер, кайсы мыйзамдар менен иштешери азыркыга чейин белгисиз. Мисалы көчөдө кетип баратып машинаны деле токтото берет, жөнөкөй адамдарды токтотуп паспортун сурай берет.

Казакбаев ИИМди толук өзгөртмөйүн жыйынтык чыкпайт деген пикирде:

- Мисалы үйдүн ичи чачык болсо, ашкананы эле тазалап жыйнап коюп, үйдү тазалап чыктык деп айтканга болбойт да. Ошондой эле биз ИИМди толугу менен өзгөртмөйүн, ал жакта иштеген адамдардын көз карашын, алардын социалдык камсыздоосун, айлыгын өзгөртмөйүн, жумушунда жакшы иштеп, өйдө өсүү талаптарын оңдп бермейин реформа жасады деп атоого болбойт.

Өкмөт коррупцияны ооздуктоо планына ылайык, оболу Каржы полициясын жоюп, анын ордуна жаңы кызмат түзгөн. Кийинки кадам ИИМде башталган. Бирок тартип коргоо органдарын реформалоо боюнча үч концепция жазылып, ушу тушта орток пикир табыла элек.

Өкмөт ИИМди реформалоо боюнча концепцияны 1-сентябрга чейин талкуулап, парламентке жөнөтүшү зарыл болчу.

XS
SM
MD
LG