Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:49

Акмат Бакиев: Агаларым менен байланышым жок


Акмат Бакиев Жалал-Абаддын Тейит айылында, 2010-жылдын 12-апрели.
Акмат Бакиев Жалал-Абаддын Тейит айылында, 2010-жылдын 12-апрели.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы, Бишкек шаарындагы №35 жатак абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Акмат Бакиев 24-январда шаардык алтынчы ооруканага жаткырылды.

Ал “Азаттыкка” жаза мөөнөтү, азыркы бийликке көз карашы жана бир туугандары тууралуу ооруканада жаткан жеринен ой бөлүштү.

- Бул ооруканага кандайча жатып калдыңыз?

- Пневмония (өпкөнүн сезгениши) деп жатышат. Үч күндөн бери этим ысып, катуу ооруп жатам. Бирок катуу кыйналганыма карабай мени жатак абактан чыгарбай коюшту. Бүгүн тез жардам 5-ирет келгенден кийин гана бул жакка жөнөтүштү.

- Сиз №35 абакта жаза өтөп жатасыз. Ал жер жатак абак деп эсептелеби?

- №35 жабык эмес, ачык мекеме, башкача айтканда колония поселение деп айтылат, абак эмес. Ал жакта эсептик каттоого туруп коюп эле кете берет, отурбайт. Бирок мени 20 күндөн бери кармап жатышат.

- Себебин айтыштыбы?

- Эч кандай себеби жок. Мага себебин айта алышкан жок, жөн эле кармашты. Тез жардам кайра-кайра баргандан кийин уруксат берүүгө аргасыз болушту. Этимдин ысыгы 39,5тен ашты. Догдурлар келип ийне сайып коюп эле кетип жатышты. Ал жерде дарылаганга эч кандай шарт жок экен.

- Буга чейин деле адвокаттарыңыз ооруп жатат деп айтып жатышты эле? Абакта жатканда дарылап жатыштыбы?

- Мени ооруум гепатит болчу. №47 абакта жатканда дарыгерлер карап турду.

-№47 абакта жатканда абактагы кызматкерлердин мамилеси кандай болду?

- Баары жакшы мамиле кылышты. Эч кандай жамандык болгон жок. УКМКнын абагында турганда да, №47 абакта да, №35 да мамилелери жакшы болду.

- Курманбек Бакиевдин тушунда сизди Жалал-Абаддын "көмүскө губернатору" болуп келген деген сөздөр бар. Ушул пикирлерге кандай карайсыз?

- Бул Кадыржан Батыровдун чыгарган жалган маалыматтары жана сөздөрү. Мен бул маалыматтарды ошондо эле жокко чыгаргам. Жалал-Абад облусунун прокурору, соту, ички иштер башкармалыгы жана губернатору бар, ошолор айтсын, өздөрүнөн сурагыла, мен кантип “көмүскө губернатор” болуп калайын дегем. Бул учурда үч губернатор алмашкан, мен алардын бирине да кайсы бир иш менен кайрылган эмесмин.

- Бирок айрым адамдар Акмат Бакиев соода-борборлорун жана башка жерлерди басып алган деп айтып келатат. Мисалы, Касым Исманов жана башка адамдар сизге доомат коюп жүрүштү эле?

- Касым Исманов айыптап келатат. Ал адамды мен илгертен тааныйм. Анын агаларым Курманбек, Жусуп Салиевичтерге өчү бар болчу. Бул сөзүн ал өзү сотто да айтып алган. Ошол өчүн сотто менден чыгарды. Менде бир нерселерди басып, тартып алган иштер болгон эмес. Сотто мага 8 пункт боюнча айып коюшту. Бирок алардын бирин да мен мойнума алган жокмун.

- Азыр Курманбек, Жаныш Бакиевдердин кайда экенине кабарыңыз барбы? Дегеле алар менен кабарлашып турасызбы?

- Мен алардын кайда экенин билем. Бирок кабарым, байланышым жок.

- 7-апрелден кийин келген бийликке көз карашыңыз кандай?

- Бул бийликти деле иштетиш керек, көрүш керек. Акаевдин маалында ички дүң продукция кандай болгон, Курманбек Бакиевдин учурунда кандай болду. Эми булардын маалында кандай болот? Мунун баарын көрүш керек. Ошон үчүн буларга да иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек. Эл баалайт, эл өзү сындап, таразалап алат.

- "Дело №..." гезити Акмат Бакиевдики делген күндөлүк жарыялады эле. Ал күндөлүктө сиз Бакиевдердин ортосундагы, үй-бүлөдөгү интригаларды жана Максим Бакиев тууралуу жазган экенсиз. Ошол күндөлүк сизге таандыкпы?

- Ал күндөлүк мага таандык эмес. Ал ошол кезде жасалган жасалма документ. Андай документ чындыгында жок болчу. Максим Бакиев жана башкалар тууралуу деле жок болчу.

- 7-апрелден кийин бир туугандарыңызга кошулуп, Кыргызстандан неге чыгып кеткен жоксуз?

- Мен эмне үчүн кетишим керек эле? Мен башында эле өзүмдү күнөөлүү эмесмин дегем. Менин күнөөм жок, эч кайда кетпейм, калам дегем.

- Президент Курманбек Бакиев жана башка бир туугандарыңыз бийликте туруп кандай катачылыктарды кетирди?

- Алар катачылыктарын убакыт-сааты келгенде өздөрү айтат. Мен азыр алар үчүн жооп бербей эле турайын.


"Азаттыктан": Акмат Бакиев 4-январда №35 жатак абагына которулган. Бул жерде ал 2 жыл 8 ай жаза мөөнөтүн өтөйт. Жаза аткаруу кызматы 4-январда Акмат Бакиевди жатак абакка которуп, он күн карантинде болгондон кийин үйүнө койо берилерин, бирок жумасына бир ирет келип катталып турушу зарылдыгын билдирген. 24-январда Жаза аткаруу кызматынын маалымат кызматы Акмат Бакиевди жатак абакта кармоонун тартиби ал ооруканадан чыккандан кийин белгилүү болорун маалымдады. Ал эми "Мекен шейиттери" коомдук уюму буга чейин Акмат Бакиевдин жатак абакка которулганына нааразылыгын билдирген.

Акмат Бакиев 2010-жылдын май айында тополоң уюштурган, улут аралык араздашууну көкүткөн, курал жаракты мыйзамсыз алып жүргөн, тоногон жана жерлерди мыйзамсыз басып алган деген айыптоолор боюнча Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 7 жылга кесилген.

XS
SM
MD
LG