Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Абактагы Аскаровдун үйү талашка түштү


Азимжан Аскаров Бишкектеги 47-абакта. 28-декабрь, 2011.
Азимжан Аскаров Бишкектеги 47-абакта. 28-декабрь, 2011.

Укук коргоочулар абакта жаткан Азимжан Аскаров жалгыз үйүнөн ажырап калышы мүмкүндүгүн эскертүүдө.

Бирок анын адвокаты Валериан Вахитов Аскаровдун үй-бүлөсүнө тийешелүү болгон жалгыз үйдү тартып алууга мыйзам жол бербей турганын айтууда.

Укук коргоочулардын айтымында, жалалабаттык сот аткаруучулар июнь окуяларына байланыштуу өмүрүнүн аягына чейин кесилген Азимжан Аскаровдун үйүн мыйзам бузуу менен конфискациялоого киришип жатат. Свобода.кг сайтынын жазышынча, кесилген укук коргоочунун аялы Хадича Аскаровадан “күйөөсүнүн үйүн конфискациялоо тууралуу” сот чечиминин негизинде үйдү бошотуп берүүнү талап кылууда.

Аскаровдун адвокаты Валериан Вахитовдун айтымында, Аскаровдордун жалгыз үйүн тартып алууга мыйзам жол бербейт. Сотто Аскаровду коргогон "Жарандар корруцияга каршы" уюму да “үйдү эч ким тартып ала албай” тургандыгын айтууда.

Бирок укук коргоочу Азиза Абдрасулова үйдүн Аскаровдун жеке өзүнө тийешелүү бөлүгүн мамлекет алып коюшу мүмкүн деп эсептейт. “Азаттык” менен маегинде Абдрасулова бул үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө тийешелүү үлүштөрү өздөрүндө калышы керектигин мындайча билдирди:

- Соттолуучудан тышкары анын аялы, бала-бакырасы болсо, үйдүн баасы аныкталгандан кийин алардын үлүшү өздөрүнө берилиши керек.

Соттук департаменттин Жалал-Абаттагы башкармалыгынын жетекчиси Зарыл Мамбетов 30-майда “укук коргоочулар Азимжан Аскаровдун мүлкүн конфискациялоого тоскоол болуп жатканын” билдирген.

Укук коргоочулар Азимжан Аскаровду июнь коогасына байланыштуу өмүрүнүн аягына чейин акыйкатсыз кесилгенин айтып келишет. Базар-Коргондогу толкундоолордо анын кеңсеси өрттөлүп кеткен. “Кылым шамы” уюмунун жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн маалыматында, анын жеке унаасы - 1996-жылкы Мерседес машинасы Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө токтотулуп турат.

Аскаровдун үйүндө аялы менен энеси турган. Аскаровдун энеси 26-майда жүрөк оорусунан каза болду. Бирок Азиза Абдрасулова энесинин да бул үйдө өз үлүшү болушу мүмкүн дейт.

XS
SM
MD
LG