Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Өч алам деп, өмүрдү алган классташ...


Үч жыл мурдагы чатактын соңунда бири өмүрүнөн айрылса, экинчиси эркинен ажыратылды.
Үч жыл мурдагы чатактын соңунда бири өмүрүнөн айрылса, экинчиси эркинен ажыратылды.

Таш-Көмүр шаарында классташы өч алуу максатында өлтүрүп койгон 28 жаштагы Акылбек Бороевдин атасы кылмышкерлерге карата чыгарылган сот өкүмүнө нааразы болуп, акыйкаттык издеп Бишкекке келди.

Таш-Көмүр шаарында классташынын ур-токмогунан улам ооруканада каза тапкан 28 жаштагы Акылбек Бороевдин атасы Маматраим Бороев кылмышкерлерге карата шаардык соттун өкүмүнө макул болбой, акыйкат издеп президентке, парламентке, Башкы прокуратурага кайрылуу жолдоду. Анын айтымында, сот кылмыштын оордугуна карабай кылмышкерлерге жеңил жаза берип койгон.

- Оң бутунда ачык сынык, сол бутунда жабык сынык бар. Колдорунун манжаларын таш менен кесип салышкан. Араң эле этине илинип калган. Мээсине кан куюлуп кеткен. Ошол баланы тигилер “машинеден түшүп, отуруп калган” десе, сот ошого ишенгенине таң калам. Мен ошол балдардын биринин бутун ошентип сындырып көрөйүнчү, баса алар бекен? Сот ошолордун сөзүнө ишенип чечим чыгарганына абдан нааразы болуп, акыйкат издеп жүрөм.

Маматраим Бороевдин айтымында, анын уулу Акылбектин өлүмүнө классташтар ортосундагы үч жыл мурдагы өз ара мушташ себеп болгон. Акылбектин классташы Талант Молдалиев үч жыл мурун өзүнүн үч классташын бирден кармап токмоктогон. Андан көп өтпөй эле сабалган Акылбек менен дагы эки классташы биригип, Талант Молдалиевдин өзүн сабап коюшат. Бирок Талант Молдалиев окуя боюнча милицияга кайрылбастан, өз алдынча дарыланып, кийинчерээк Орусияга иштегени кетип калган.

Маматраим Бороев сот өкүмүнө нааразы
Маматраим Бороев сот өкүмүнө нааразы

Бороевдин билдиришинче, ал Орусиядан эки жылдан кийин келатып, классташтарынан өч алуу максатында жанына дагы бир шеригин - Аслан Тургуналиевди ала келген.

Өткөн жылдын 5-сентябрь күнү алар дагы бир баланы кошуп алып, Акылбек Бороевди уурдап кетип, токмоктоп, жолдун жээгине таштап кетишет. Бул тууралуу Талант Молдалиев Акылбектин атасына өзү телефондон кабарлаган.

- “Балаңыз мени кандай урса, ошондой кылып эки кулагын кесип салдым. Буту колун талкаладым. Сиз эмнеге ортого түшүп, балаңызды менден кечирим суратпадыңыз?” деди. "Мен уккан жокмун, уксам кечирим суратмакмын. Макул, буту-колун талкалапсың, өчүңдү алыпсың, эми баламды тирүү алып келип, колума тапшыр" дедим. Ал баламды Түндүк деген айылда жолдун жээгине таштап койгонун айтты. Барсам, балам арыктын жээгинде онтоп жатыптыр. Алып ооруканага алып бардым, ал жерден жакшы жардам болбоду. Дарыларын алып келгенден кийин 15 мүнөттөн кийин балам үзүлүп калды.

Канааттандырбаган өкүм

Окуя болгондон кийин качып кеткен кылмышка шектүүлөр тез эле кармалып, алардын экөөнө Кылмыш кодексинин 97-беренеси (атайылап башка бир адамдын өмүрүн кыйуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок Таш-Көмүр шаардык соту Кылмыш кодексинин 104-беренеси боюнча өкүм чыгарды.

Ишти караган судья Алтынбек Калмамат уулу сот өкүмү мыйзам чегинде чыгарылганын белгилеп жатат
Ишти караган судья Алтынбек Калмамат уулу сот өкүмү мыйзам чегинде чыгарылганын белгилеп жатат

Ага ылайык, Талант Молдалиев 12 жылга эркинен ажыратылды. Аны Орусиядан ээрчип келген шериги Аслан Тургуналиев 339-берене (кылмышты жашыруу) менен 4 жыл жатак абакка кесилди. Алар менен кошо 339-берене боюнча айыпталган дагы бир жергиликтүү жаран Элдияр Ниязбеков шарттуу түрдө 3 жылга соттолду.

Ишти караган Таш-Көмүр шаардык сотунун судьясы Алтынбек Калмамат уулу сот өкүмү мыйзам чегинде чыгарылганын белгилеп, эч убакта өкүм эки тарапты тең канааттандыра албастыгын белгиледи.

- 97-берене атайлап башка бирөөнүн өмүрүн кыйуу болуп саналат. Мен 104-берененин 4-бөлүгү менен чечим кабыл алдым. Ал атайлап саламаттыкка оор залал келтирүү деген берене. Төртүнчү бөлүм ошол оор жаракат келтирилип, ошонун жыйынтыгында каза болду деген негиз менен өкүм кабыл алдым. Биз мыйзамга баш ийишибиз керек. Кандай иш болбосун анын эки тарабы болот да. Өмүр бою эркинен ажыратсаң тигил тарап жазат. Мыйзамдуу, негиздүү чечим кабыл алсаңыз дагы бир тарап нааразы болот. Азыр Бороев өзүнүн пикирин билдирип жатат. Албетте бул менин жеке пикирим.

Создуккан сот реформасы

Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаевдин билдиришинче, аларга 2014-жылы өлкө жарандарынан 16 миңге жакын ар кандай мүнөздөгү арыз-даттануулар түшкөн. Алардын 60 пайызы тартип коргоо органдарынын дарегине байланыштуу. Мунун ичинде өзгөчө сот бийлигине нааразылык күч. Акыйкатчы муну сот реформасынын кечигип жатышынын кесепети деп баалады.

- Арыздар соттук этиканын бузулушу боюнча келет. Сот жараянын жүрүшүндө экинчи бир тараптын өтүнүчтөрүн толук кабыл албай, туура эмес чечим кабыл алгандар боюнча түшөт. Бирок Баш мыйзам боюнча сот бийлиги көз карандысыз. Сот жараяны жүрүп жатканда кийлигишкенге акыбыз жок. Ошондуктан биз келген арыздарды иликтеп, топторго бөлөбүз. Кийин аларды биз жылдык докладга киргизип, парламентке маалымат беребиз. Мунун баары жалпы сот системасындагы реформанын ийгиликтүү жүрүшүнө байланыштуу. Сот системасында реформа жүрүп жатат, бирок аягына чыга элек.

Маматраим Бороев уулунун өмүрүн алган кылмышкер өмүр бою кесилбесе да жок дегенде 20-25 жыл абакта жатышы керек деп эсептейт. Ал Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

Каза тапкан 28 жаштагы Акылбек Бороев үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу болчу. Эки ай мурда анын жесир калган жубайы көз жарып, Маматраим Бороевди неберелүү кылды.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG