Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Кыргызстандан Сирияга кеткендер элүүдөн ашты


Казакстандан Сирияга аттанган жихадчылар. Ютуб сайтынан алынган скриншот, качан тартылганы белгисиз.
Казакстандан Сирияга аттанган жихадчылар. Ютуб сайтынан алынган скриншот, качан тартылганы белгисиз.

Ош жана Баткен облустарынан Сирияга 54 киши кеткени такталды. Алардын баары жихадга кеткени айтылууда.

Сирияга кеткендердин арасында ар кандай курактагы эркектер да, аялдар да бар. Күч органдары ал жакка үгүттөгөндөрдүн арты дагы деле суюлбай жатканын тастыктоодо. Ал эмес медициналык окуу жайда билим алган кыздарды да Сирияга алып кетүү аракеттери болуп жатканы кабарланды. Бул аракеттерге бөгөт коюу үчүн милиция диниятчылардан жардам сурады.

Эрди-катын болуп ээрчишип кеткендер да бар

Сирияга кеткендер соңку мезгилде жасалма документтер менен башка бир жаңы ысымдарга өтүп алып, кетип жаткандары ачыкка чыкты. Ош шаардык жана областтык милициянын атайын жыйынында маалым болгондой, алардын саны дагы өсүү коркунучу бар.

Ош областтык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысы Жакыпбек Зулпуев жыйында буларга токтолду:

- Бизге Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүнүн башкы башкармалыгынан Сирияга кетти делген 54 адамдын тизмеси берилген. Ошол 54 адамдын 32си такталды, калган 22синин дайын-дареги такталган жок. Анын себеби - берилген фамилиядагы адамдарды издеп көрсөң, андай адамдар жок болуп чыгып атат. Булар башка бир адамдардын, ойлонуп табылган ысымдардын негизинде паспорт жасатып алып, анан кетишкенин дагы бир жолу ушул нерсе далилдеп жатат. Бирок азыр аларды тактоо, иликтөө иштери уланып жатат. Ал эми такталган 32 адам жөнүндө айта турган болсок, Ош шаарынан 5 атуул, Баткен облусунан 17 атуул, Ош облусу боюнча 10 атуул Сирияга жихад үчүн деп кеткени маалым болду.

Аты-жөнү аныкталган адамдардын курактары ар кандай. Эркектер, аялдар да бар. Ал эмес кээ бирлери күйөөсү аялы менен кошо Сирияга чыгып кеткен жагдайлар да катталган. Ал жакка кеткендердин көбү чет өлкөгө иштегени кетти делгендер болуп чыгууда:

- Азыр ар бир айылда, айыл өкмөттө Орусияга кетти, Казакстанга кетти, башка мамлекетке кетти делген жарандар ошол жерде иштеп жатканы жөнүндө акыркы маалымат алганда гана ишенүүгө болот. Телефон аркылуу байланышып, же башка дайын-дарегин билдирбесе, ал эч качан Сирияда же, башка бир террорчуларды даярдаган лагерлерде жүрбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошол себептүү азыр ар бир айылдарда участкалык милиция бар, айыл өкмөттөрү бар, имамдар бар, мечит бар, анда намаз окуган адамдар бар, ошолордун баарынан суранып кетем, ушул багытта жалпы бир иш жүргүзүү зарыл болуп турат. Ансыз эч кандай натыйжага жетпейбиз., - деди Жакыпбек Зулпуев.

Студент кыздарды да азгырышууда

Медокуу жайда окуган кыздарыбызды да "көп акча төлөйбүз, согуш талаасында медиктер керек болуп атат" деп алдап алып кетип атышыптыр. Аты-жөндөрүнөн бери бизге белгилүү болуп атат...
Сүйүн Өмүрзаков
Күч органдары Сирияга кетип жаткандардын аягы дагы деле тыйылбай жатканын эскертүүдө. Ал эмес соңку убакта мээрбан кыздарды да согуш талаасына тартууга аракеттер катталды дейт Ош шаардык жана Ош областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков:

- Эгерде айылда жашаган шектүү бир балдар жөнүндө, же келип-кеткен бир адамдар жөнүндө маалыматтар болсо милиция органдарына кайрылсаңыздар. Биз тез арада аны чечет элек. Себеби Сирияга бир адам кетип, экинчи адамды тартып атат. Эки адам кетип, дагы эки досун тартып кетип атат. Мээрбан кыздарды (медсестра) даярдап атышат экен азыр ошо Сирияга жөнөткөнү. Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде медокуу жайларда окуган кыздар экен. Татынакай кыздарыбызды ал жакка көп акча төлөйбүз, согуш талаасында медиктер керек болуп атат деп алдап алып кетип атышат дейт. Аты-жөндөрүнөн бери бизге белгилүү болуп атат. Түркияга чейин билет даярдап, анан андан ары Сирияга унаа менен алып кирип кетишет экен. Анан аларды алып барып алып мажбурлап кайра Кыргызстанга телефон чалдырат. “Бул жакта жакшы төлөп атышат, келгиле” деп, анан башка курбу кыздарын да тартып кетишет. Бул маалыматтар негизи айтылбаш керек болчу, бирок биз зарылдыктан улам айтып атабыз. Бирок ушуну козгоп, жер-жерлерде айтып түшүндүрүп коюш керек. Ата-энелер кыздарын, балдарын жакшына карасын.

Экстремисттик, же радикалдык багыттагы уюмдарга да аралашып кеткен имамдар чыгып атканы деле жашыруун эмес...
Курбаналы Узаков

Ушул жагдайлардан улам милиция жыйынга Ош шаардык жана Ош областтык имамдардын баарын чакырып, экстремисттик жана радикалдык топторду аныктоого жардам кылуусун өтүнүүдө. Областтык казы Ниязалы ажы Арипов бул көрүнүштөр менен биргеликте күрөшүү керектигин айтат:

- Биринчиден, мыйзамды бузгандар албетте мыйзам алдында жооп бериши керек. Экинчиден, шариятты бузгандар Аллах Тааланын алдында жооп берет. Ошого карабай биз радикализмдин исламда жок экендигин, ислам бул экстремисттик дин эмес экендигин окуу аркылуу, түшүндүрүү аркылуу иш-чараларды күчөтүшүбүз керек. Буга бир эле дин кызматкерлери эмес, жалпы коомчулук биргеликте көтөрүлүп, чогуу күрөшсөк ийгилик болот деп ойлойм. Биз азыр облус аймагындагы ар бир мечитте имамдар аркылуу калкка түшүндүрүү иштерин өткөрүп атабыз.

Бирок дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк боюнча өкүлү Курбаналы Узаков диниятчылардын өздөрүн да текшерүү зарылдыгын айтууда:

- Диний кырдаалдын курчушуна чала сабаттуу диний кызматкерлер да таасирин тийгизиши мүмкүн. Деструктивдүү диний агымдардын кишилери ошондой чала сабат имамдарыбыздан пайдаланып, мечиттерде элге өзүнүн идеологиясын жүргүзүп, тетири жакка бурууга аракет кылган фактылар бар. Экстремисттик, же радикалдык багыттагы уюмдарга да аралашып кеткен имамдар чыгып атканы деле жашыруун эмес. Ошого байланыштуу мындан ары имамдарды кызматка коюуда аларды ар тараптан иликтеп туруп, анан дайындоо маселеси курч коюлуп турат. Негизи ушуга окшогон майда, бирок маанилүү маселелерибизди жайына коюп алганыбыздан кийин анан аймактагы оор диний абал жайына келет.

Буга чейин муфтий катышкан жыйында да Ош аймагында диний кырдаал оор экени айтылган эле.

Өткөн айда УКМК менен милиция биргеликте Кара-Суудан Сирияга кеткени жаткан 7 адамды кармаган. Алар Кыргызстандын аймагында террордук аракеттерге барууга аракет кылган деп шектелүүдө. Колго түшкөн топтун жетекчиси имамдын орун басары болуп иштеп келгендиги да коомчулукка белгилүү.

Сириядагы өзбек козголоңчу
Сирияда согушкан өзбек козголоңчу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:16 0:00
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG