Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:47

Муфтийди мусулмандар курултайы шайлайт


Рахматулла ажы Эгембердиев Бишкектеги Курман айт намазы учурунда. 26-октябрь, 2012-жыл.
Рахматулла ажы Эгембердиев Бишкектеги Курман айт намазы учурунда. 26-октябрь, 2012-жыл.

15-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын курултайы өтөт. Анда муфтийди шайлоо, уставды бекитүү сыяктуу маселелер каралмакчы.

Көз карандысыз уюмдар жана эксперттик топтор да ал курултайга утурлай муфтиятты реформалоо жана анын жаңы уставы боюнча өз сунуштары менен чыгууда. 15-декабрда болчу курултай үч жылдан бери муфтияттын тегерегинде уланып келе жаткан чыр-чатактарга чекит коюшу керек дешет талдоочулар.

Кыргызстан баш муфтийинин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 15-декабрда өтүүчү мусулмандардын курултайына делегаттар дээрлик шайланып бүттү.

- Жалпы республика боюнча эки жүз делегат келет. Азыркы учурда көпчүлүгү шайланып калды. Курултайдагы биринчи маселе - Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын жаңы уставын кабыл алуу. Ошондой эле уламалар кеңешинин жаңы мүчөлөрүн шайлоо болот жана муфтийдин талапкерлиги каралат.

Курултайга сунуштар

Муфтийдин айтымында, бул Кыргызстан мусулмандарынын 4-курултайы болмокчу. Курултайды утурлай ар кайсы коомдук диний уюмдар жана эксперттик топтор да муфтиятты реформалоо, анын уставын жаңылоо сунуштары менен чыгышууда.

Алардын бири - “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбору. Бул бордордун жетекчисинин орун басары, талдоочу Данияр Мурадиловду угалы:

- Биз борборлошпогон бийликти, азыркы биздин мамлекеттеги парламенттик системага окшогон түзүмдү сунуштап жатабыз. Дин маселесинде мурдатан дин адамдары иерархия дегенге көнүшкөн. Муфтийге баары баш ийип, ал болсо бийлиги менен бөлүшкүсү келбейт. Ошондой эле ажылыкты уюштурууну жана каржы маселесин да муфтийдин милдетинен алып салбаса болбойт.

Анын билдиришинче, сунушталган уставдын долбоорунда муфтий аткаруучу орган катары гана кызмат кылат. Өзүнүн жеке аппараты болгон муфтий аймактагы казылардын, имамдарын жана окуу жайлардын ишин көзөмөлдөйт. Бирок алардын азыркыдай муфтий баш болуп, уламалар кеңешине мүчө болуусуна тыюу салынат. Ажылык жана каржы комитеттерин муфтийге баш ийбеген орган кылуу, ошондой эле уламалар кеңешинин мүчөлөрү жана муфтий кызматына киришип жатып, куран кармап ант берсин деген да талаптар камтылган.

Муфтиятты реформалоонун башка бир жолун Кыргызстан теологдор ассоциациясы сунуштоодо. Анын төрагасы, илимпоз Самаган Мурзаибаримов буларга токтолду.

- Көпчүлүгү ажылыкты муфтияттан алыш керек деп жатат. Биз болсо аны албай эле болгону ачык-айкын, адилеттүү иштей турган жолун сунуштап жатабыз. Экинчиден, муфтийди уламалар кеңеши эмес, курултай шайласын деп сунуштадык. Ошондо ар кандай оюндар азаят. Үчүнчүдөн, дин иштерин колдогон фонд түзүлсүн, бардык каржы маселелери ошол аркылуу жүрсүн деген сунушубуз бар. Мындан тышкары, облустардагы казылар жоюлуп, райондук имам башчылардын макамы жогоруласын, аларга көп мүмкүнчүлүк жана айлык-акы берилсин деп жатабыз.

Курултайда чоң өзгөрүүлөр күтүлөт

Ошол эле кезде муфтияттын өзүндө да диний башкармалыкты реформалоо, анын жаңы уставын иштеп чыгуу боюнча атайын топ иш алып барууда. Муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиевдин билдиришинче, аны иштеп чыгууда берилген бардык сунуштар жана уставдар эске алынууда. Ал курултайга даярдалып жаткан устав чоң өзгөрүүлөрдү камтыйт дейт:

- Уламалар кеңешине, муфтийге жана курултайга тиешелүү беренелерде чоң өзгөрүүлөр бар. Бирок азыркы күндө деле кимде кандайдыр бир сунуштар болсо аларды кабыл алабыз. Мисалы, фонддордун, уюмдардын сунуштарын ушул күнгө чейин алып жатабыз.

2010-жылдагы апрель окуясынан бери муфтийди шайлоо жана ажылыкты уюштуруу иштери боюнча мусулман коомчулугунда карама-каршы пикирлер орун алып келатат. 15-декбардагы курултай ал талаш-тартыштардын баарына чекит коюшу керек дейт талдоочулар.
XS
SM
MD
LG