Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Убактылуу жаңы муфтий шайланды


17-июлда Уламалар кеңешинин жыйынында көпчүлүк добуш менен Рахматулла Эгембердиев муфтийдин милдетин аткаруучу болуп шайланды.

Уламалардын жыйыны бир катар талаш-тартыштар жана карама-каршылыктар менен коштолуп, муфтияттагы кырдаалды оңдоо сунуштары айтылды.

17-июлда Бишкекте Уламалар кеңешинин жыйыны башталганда эле уламалар ортосунда талаш жаралды. Чубак ажы Жалиловдун каршылаштары жыйынды Уламалар кеңешинин эски курамы жүргүзсүн деген талапка, ал өзү макул болгон жок.

- Биз азыр эски-жаңы деп отургандан маселе чыкпайт. "Эскилер" дей турган болсок, бул жерде "жаңылар" да болуп, маселе укуктук талаада чечилбейт. Бирок эскилерди санаганда да, жаңыларды санаганда да бул жерде кворум бар. Мисалы, жаңылардан 31 аалым ушул жерде катышып отурат. Мен ошолорду Уламалар кеңеши деп тааныйм.

Уламалар кеңешинин курамы май айында Чолпон-Ата шаарында өткөн жыйында өзгөрүп, анын алты мүчөсүнө жаңы адамдар шайланган. Бирок айрым уламалар ал отурум мыйзамыз болгон, анткени аны өткөрүүгө кворум болгон эмес деген жүйө кармашты. Андан ары Чубак ажы Жалилов мыйзам боюнча анын милдетин биринчи орун басары Абдышүкүр Нарматов аткарып калаарын билдирди.

- Менин арызым кабыл алынгандан кийин Абдышүкүр ажы Нарматов муфтийдин милдетин аткаруучу болот. Ага бата берип, ишти жыйынтыктасак. Андан кийин бул киши өзү кайсы күнү жаңы муфтийди шайлоону белгилейт.

Абдышүкүр Нарматов болсо муфтийдин милдетин убактылуу аткаруудан кескин баш тартты. Эгер мусулмандардын курултайында тең атаандаш шайлоо өтсө гана ага катышаарын билдирди. Ал буга чейин тараган маалыматтар натуура экенин айтты.

-
Абдышүкүр Нарматов
Абдышүкүр Нарматов
“Абдышүкүр муфтий болот экен, андай, мындай” деген сөздөр тараган. Бүгүн мен муфтийдин милдетин аткаруучу болуп калсам, эртеби-кечпи, ошол адамдар чыгып, “мына биздин айтканыбыз туура чыкты, Абдышүкүр ушуну каалап жүргөн экен, ага эми жетти” деп айтышат. Ошондуктан мен муфтийдин милдетин аткаруучу болбойм. Кийинчерээк мен айткан шарттар менен күрөш боло турган болсо, ага чыгам.

Бир топ кайым айтышуулардан кийин Чубак ажы Жалилов өзүнүн кызматтан кетүү арызы жана жаңы муфтийдин талапкерлиги карала электе эле жыйындан чыгып кетти.

Андан ары узакка созулган талаш-тартыштан кийин уламалар жыйынды эски курам алып барган мыйзамдуу деп таап, муфтийдин арызын кабыл алып, анын ордуна жаңы адамды тандоого өтүштү. Буга чейин атаандаш муфтият түзүү демилгеси менен чыгып жүргөн демилгелүү топ Руслан ажы Жумагуловдун талапкерлигин сунуштап, бирок ал колдоо тапкан жок. Жыйынды алып барган муфтийдин орун басары Саясат ажы Асанов:

- Руслан Жумагуловду курултайга чейин убактылуу муфтий болуп турсун дегендер кол көтөргүлө! Эч ким жок? Демек баары каршы.

Ал эми Мусулмандар дин башкармалыгы болсо муфтияттын кызматкери Рахматулла Эгембердиевдин талапкерлигин сунуштады. Аны Уламалар кеңешинин жыйынга катышкан 30 мүчөсүнүн 24ү колдоп, муфтийдин милдетин убактылуу аткаруучу кылып шайлашты. Рахматулла Эгембердиев 35 жашта. Диний билимди Кувейт мамлекеттик университетинен алган. Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын магистратурасын саясат таануу адистиги боюнча бүтүргөн. Буга чейин Баткен облусунда казы, муфтиятта бир катар бөлүмдөрдү жетектеген жана жогорку окуу жайларда окутуучу болуп эмгектенген. Рахматулла ажы мусулмандар арасындагы жана муфтияттын айланасында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга убада берди.

- Биринчиден, мен мусулмандардын кызыкчылыгын эске алып, Уламалар кеңеши менен жакшы мамиледе болушка аракет кылам.

Чубак ажы Жалилов
Чубак ажы Жалилов
Муфтийдин милдетин аткаруучуга тезинен уставды жаңылоо, мусулмандар курултайын уюштуруп, жаңы муфтийди шайлоону өткөрүү сыяктуу бир катар милдеттер жүктөлдү. Муфтийдин биринчи орун басары, Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов муфтият, Уламалар кеңеши тезинен сапаттык да, сандык да курамдан өзгөрүүгө муктаж деп белгилеп, Уламалар кеңешин өз алдынча көз карандысыз, ал эми муфтиятты аткаруучу орган катары түзүү зарылдыгын айтты.

- Уламалар кеңешинин төрагасы муфтий эмес, уламалардын ичинен болсун. Алар бүгүнкү Жогороку Кеңеш сыяктуу өздөрүнчө орган болсун. Муфтият - аткаруучу бийлик болсун.

Нарматов муфтий боло турган адам жогорку талаптарга жооп берип, ханафи мектебинин өкүлүнөн болушу керек деп эсептейт.

- Муфтий болом деген адам 3-4 жылдык программасын көрсөтсүн. Курандан, хадистен, ислам укук таануусунан сынак тапшырсын. Ошону ММКдан чагылдыралы.

Муфтияттын айланасында узакка созулган талаш-тартыштардан кийин Чубак ажы Жалилов 16-июлда өз арызы менен кызматтан кеткендигин жарыялаган.
XS
SM
MD
LG