Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:58

Ысыкта Орозонун сообу көп болот


20-июлда Кыргызстанда Орозо башталат. Буга байланыштуу жаңы шайланган муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла Эгембердиев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Сиздер эртең Орозонун биринчи күнү экенин айтып жатасыздар. Ал быйыл жайдын ысык мезгилине туш келди. Орозо кармагандар бул айды кантип жеңил, кыйналбай өткөрсө болот?

Эгембердиев: 19-июль күнү кечинде Кыргызстандагы бардык мечиттерде тараба намаздары окулат. Демек эртең Орозо айынын биринчи күнү.

Быйыл Орозо мезгили жайдын өтө аптаптуу мезгилине туш келип отурат. Бул мезгилде Орозо кармоо мусулманга бир аз оор болот. Анткени көптөгөн мусулман бир туугандарыбыз жумуштарда иштешет.

Жумуш үстүндө Алланын бул парзын аткаруу оор сыноо. Бирок ушундай убакытта Орозонун сообу башка мезгилдерге, мисалы, салкын учурларда кармаганга караганда көбүрөөк. Ошондуктан Орозонун маанисине көңүл коюп, ушул айда Алладан жакшылык тилеп, аны элибиз ынтымакта, тынчтыкта, кут, берекеде тосуусуна чакырам.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



"Азаттык": Эки күн мурда өткөн Уламалар кеңешинде сизди декабрь айына чейин муфтий кылып шайлашты жана сизге бир топ реформалык кадамдарды жасоону милдеттендирди. Сиз жумушту эмнеден баштайсыз?

Эгембердиев: Мурдагы муфтийлердин аткара албай калган иштерин, жетпей калган жакшы максаттарын ишке ашырганга жана аягына чыгарганга аракет кылам.

Ошондой эле алдыда Кыргызстан мусулмандарынын курултайы өтөт, башкача айтканда 4-курултайды биз 15-декабрга деп белгиледик. Ошого чейин мен Диний башкармалыктын ишин алып баруу милдетин алдым.

Ал эми курултайга чейин заманга, мусулмандардын талабына жана кызыкчылыгына жооп бере турган, алардын укугун коргоого алган устав иштеп чыгабыз. Ага чейин болсо жалпы мусулмандардын жана Уламалар кеңешинин талаптарын эске алып, 8-сентябрда дагы бир ирет Уламалар кеңешинин жыйыны өтөт. Анда устав боюнча бир чечимге келебиз.

Албетте уставда бир топ өзгөрүүлөр болот. Мисалы, Уламалар кеңешине, анын мүчөлөрүнө, ошондой эле муфтияттын түзүмүнө байланыштуу өзгөрүүлөр болот. Ушундай эле өзгөрүүлөр курултайдын өзүнө байланыштуу да болот.
Орозо айы жеңил өтсүн десеңиз...
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:38 0:00
Түз линк
XS
SM
MD
LG