Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Кадамжай: жарака дубал ичиндеги наристе дүйнө


Кадамжай райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндөгү энелер ушундай пардасы жок, жапыс бөлмөлөрдө жатат.
Кадамжай райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндөгү энелер ушундай пардасы жок, жапыс бөлмөлөрдө жатат.

Кадамжай ооруканасында төрөлгөн ымыркайлар шарты жок бөлмөлөрдө торолуп, оорулуулар тарам-тарам жарака кеткен бөлмөлөрдө дарыланууда.

Аймакта катуу жер силкингенден бери бир жарым айга чукул убакыт өтсө да оорукана имаратын оңдоо иштери али баштала элек.

- Ысык суу жок, шарт жок. Ажаткана бирөө, кээде жыйырма адам кезектешип калат. Бул жерде адам көп, балдарыбыз ысып ыйлайт. Терезе парда жок, эркектер карап өтөт. Эмизе албай кыйналабыз.

Төрөт бөлүмүндөгү алгачкы бөлмөгө баш бакканда эле энелер ушинтип даттанып калышты.

Берүүнү толугу менен ушул жерден угуңуз.




Райондук ооркуканага караштуу 7 имараттын ичинен зилзаладан төрөткана эң көп жабыр тарткан. Андыктан азыраак жабыркаган гинекология бөлүмү төрөтканага айланган. Мындагы 20 чарчы метрлик палатада алтыдан эне-бала жатат. Шарт боюнча үчтөн ашпашы керек экен.

Төрөт бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Маатказиева арга жоктугунан ушундай кадамга барып атканын айтат:

Оорукананын азыркы абалы.
- Ремонт жасаса терезе пардасын да тартат элек. Мына-ана жасалат деп бир жарым ай өтүп атат. Бул жерден эне-бала ооруп калышы мүмкүн. Кандайдыр бир инфекция жугуп калышы мүмкүн. Башка кош бойлуу аялдарды жаткыра албай атабыз. Алар инфекция менен келсе буларга жугат деп. Күн суукта кандай болот билбейм эми.

- Негизи ымыркайлар жата турган жай кандай болуш керек?

- Стандартка жооп бериш керек. Азыр биздин шарт стандартка жооп бербейт.

Зилзаладан улам адамдар, өзгөчө кош бойлуу аялдар психологиялык жардамга муктаж дешет дарыгерлер. Бирок аймакта андай эмчилер да жок.

- Район боюнча психолог жок бизде. Биз деле муктаж болдук андай жардамга. Бизге деле эч ким психологиялык жардам көрсөтпөдү.

Андан аркы сапар хирургия бөлүмүндө, операциядан кийин оорулуулар жаткан жайда уланды. Биз менен кошо оорукананын директорунун орунбасары Ашым Байматов жагдай менен тааныштырып жүрдү.

Ашым Байматов оорукана имаратынын азыркы жагдайы менен тааныштырууда.
- Биз хирургия бөлүмүндөбүз. Операциялар ушул жерде болот. Мына булардын дубалдары да жарылып кетти.

Бөлүмдө дарыланып жаткан Мирзахалил карыя кооптонуу менен дарыланып жатканын жашырбады:

- Корком эми. Бирок эмне кылайын, айла жок жатам да. Мына жарака менин жанымдан өткөн. Үстү да жарылыптыр. Эми Кудай сактасын деп эле отурабыз.

Имараттардын айрымдары өткөн кылымдын жарымында курулса, айрымдары 1985-жылдары курулуптур. Эскилиги жеткен дубалдар эми дагы бир катуураак силкинүү берсе туруштук бериши күмөн дейт Ашым Байматов. Андыктан учурда, ишенимдүүрөөк делген гана имараттарда оорулууларды кабыл алып жатышыптыр.

-175 орунубуз бар. Азыр жер титирөөдөн улам аны 150гө чейин кыскартканбыз. Оор кеселдерди гана жаткырып атабыз. Ал эми жеңилдерин амбулатордук деп коёт, ошол жакка жөнөтүүдөбүз.

Зилзаладан кийинки оорукананы оңдоп түзөөгө 15 миллион сом каралган. Бирок ушул тапта акча бөлүнбөй, иш баштала элек. Бул арада Кадамжайда жарык дүйнөгө келген наристелер шарты жок, тар бөлмөлөрдө торолушууда. Башка бөлүмдөрдө деле абал мындан айырмаланбайт. Алдыда оорукана имараты быйыл оңдолобу, же эмки жылга калабы деген чоң маселе турат. Күн болсо сууктап баратат...

XS
SM
MD
LG