Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Айкынов: Баткенде 17 үй-бүлө турак-жайсыз калды


20-июлдагы Баткен дубанында кубаты 7-8 баллга жеткен зилзаланын кесепетинен улам ондогон турак-жайлар жараксыз абалга келген. Баткен районунун акими Хаит Айкынов "Азаттыкка" маек курду.

- Баткен районунда зилзаланын кесепетинен улам ондогон үйлөр жараксыз абалга келип, айрым тургундар көчөдө калды деген маалымат бар.

- Биздин райондо 20-июлда болгон жер титирөөдөн кийин 17 үй жараксыз болуп, 31 социалдык объект ар түрдүү деңгээлде зыян тарткан. Муну райондук комиссия изилдеп чыкты.

Үйү жараксыз болуп калган жарандарды биринчи иликтөөдөн кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат бергенбиз. Бирок зилзала очогу Кадамжай районунда болгонуна байланыштуу чатыр жана башка өтө зарыл эмеректерди ошол районго берип, бизге жетпей калган. Биз бул боюнча эл аралык уюмдарга кайрылып, кечээ 20 чатыр бөлүндү. Бүгүн жеткирилип, берилип жатат.

Үйсүз, ачык талаада калды дегенге болбойт. Ооба, үйлөрү бузулган, оңдоп салыш керек. Бирок азыр жай мезгили. Эл өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аларга жардам көрсөттү.

- Ошол турак-жайсыз калгандар кай жерде баш калкалап жатышат?

- Өздөрүндө бастырма, сөөрүлөр бар, бала-чакасы менен башпаанектеп, үйгө кирбей жашаганга мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Ошолордон пайдаланып атышат.

- Ушул 17 үй-бүлөдө канча адам бар экен?

- Жабыр тарткан үй-бүлөлөрдө орточо 5тен киши бар.

- Ошол адамдардын ден соолугу, психологиялык абалынан кабарыңыз барбы? Аларга кандай медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат?

- Мен өткөн аптада барып өз көзүм менен көрүп келдим. Эл "кырсыктан аман калдык" деген ойдо. Бирок аларга жардам катары райондун мекеме ишканалары бир күндүк эмгек акысынын өлчөмүндө акча чогултууну чечишкен. Бүгүнкү күндө ал уюшулуп жатат. Буйруса жардамдардын баарын өз убагында жеткирип беребиз.

- Өзүңүз билесиз, үй куруу процесси көп убакытты талап кылат. Азыр чатырларды берип жаткан экенсиздер. Ал эми мамлекет кышка чейин ошол жабыркагандарга үй куруп берүүнү пландап жатабы?
Үйсүз, ачык талаада калды дегенге болбойт. Ооба, үйлөрү бузулган, оңдоп салыш керек.

- Ооба, өкмөт башчыбыз келип, ар бир жабыр тарткан үй-бүлөгө алгачкы жардам катары 50 миңден акча берилерин айтты. Андан тышкары бүгүн биз ошол жабыр тарткан адамдардан ссудага муктаждыгы барларынын тизмесин алып, анын өлчөмүн аныктап атабыз. Менимче бул тез эле болот го.

- Сиз ошол жабыркаган жарандар кышка чейин турак-жайлуу болуп калышат деп айта аласызбы?

- Биз албетте кепилдик бергенден алыспыз. Бирок аткаруу бийлиги катары бардык мүмкүнчүлүктү жумшап, кышка чейин аларды өз үйлөрүнө киргизүүгө аракет кылабыз.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG